Добавить статью
8:50, 22 ноября 2011 19749

24-март – кыргыздардын эркиндикке умтулуусу болгон

2005-жылдын 24-мартында Кыргыз эли өзүнүн эркиндиги үчүн күрөшө ала тургандыгын дүйнө жүзүнө даңазалаган күн катары тарыхта “Боштондук күнү” -деп калышы керек. Анткени, коммунисттик партиянын 70 жылдык башкаруусунан жаңы гана эгемендикке жетишкен Кыргыз элинин эркиндигин каратып туруп уурдап алган Аскар Акаевдин коррупцияга баткан бийлигин кулаткан күн. Бул күндүн кыргыз элинин тарыхындагы өзгөчөлүгү баа жеткис.

Эркиндикке жетүү үчүн айрым патриот жарандарыбыз ачкачылык жарыялап каза болушса, Аксы окуясында мамлекетибиздин бүтүндүгү үчүн, элибиздин бир үй-бүлөөнүн башкаруусунан кутулуусу үчүн күрөшү болгон. Ал эми Жогорку Кеңеште 24-мартты майрам күн катары белгилөөнү алып салуу демилгесин көтөргөндөр март революциясына реванш жасаган Акаевдин куйруктары деп атасак болчуудай. Анткени Акаевдин үй-бүлөөсүнүн башкаруусунда чооң кызматтарда отурушуп, элди эзип, канын ичкен айрым кызматкерлер акыркы мезгилдерде Акаев мезгилиндегиден да жогорку кызматтарды ээлешти. Ал эми Айдардын достору кийин Максимге дос болушуп өңдөрүн өзгөрткөндөр бүгүн жетилишип, өз алдыларынча бийлик жүргүзө башташты. Ал эле эмес Алмаз Атамбаевди айланчыктап, кеп-кеңеш берген түр көрсөтүп жүрүшөт. “Бийликтин ээси эл”- деген түшүнүктү 70 жылдык кулдук психологиядан арылткан март революциясы бүгүн Акаевдик реваншисттердин тебелендисинде калбашы керек. Ал мезгилде эл митинг, пикетке азыркыдай акчага азгырылып эмес, чын ниетинен мамлекеттин келечеги үчүн бир сындырым нанын колтугуна кысып чыгып турушкан. Болбосо, Аксыдан жөө-жалаңдап Ошко, кайра Оштон Бишкекке жөө баруу мүмкүн эмес эле. Мына ошол элдин мээнетин тебелөөгө эч кимдин акысы жок. Менин жеке пикиримде бүгүн миллиондогон элибиздин ошол мээнети уурдалып жатат.

Март революциясынын шарапаты менен ошол мезгилде бийликке келишкен Азимбек Бекназаров, Роза Отунбаева, Адахам Мадумаров, Алмазбек Атамбаев, Жусупжан Жээнбеков, Анвар Артыков сыяктуулар бүгүн ачкачылык жарыялап, жөө жүрүштөрдү жасап болсо дагы элдин эркиндик үчүн жасаган мээнетин уурулардын колунан сактап калышы керек. Бул күн - Кыргыз элинин аң-сезимин ойготкон күн, бул күн – Кыргыз элинин боштондукка умтулган күнү. Ал эми элибиздин ошол жеңишин уурдап алган Курманбек Бакиев, Данияр Усенов менен Үсөн Сыдыковдорго элибиз ошол эле Акаевдей кылып 7-апрелде өз жазаларын беришти.

Демек, Аксы окуясында жүздөгөн адамдарды токмоктоп, ондогон адамдарды аттырып, эл байлыгына эбегейсиз ээ болуп, мамлекетти өз үй бүлөөсү менен эле башкарбай, кайын журту кошо башкарып, Кыргыздын жерин четинен кертип саткан Акаевдерди бүгүнкү анын куйруктары актоо аракетин көрүп жатат десек жарашчуудай. Андыктан эртең бүгүнкү бийлик өзгөрүп, ордуна башка бирөөлөр келсе, ал күндү да майрам катары белгилей бербей, 24-мартты революция (Боштондук) күнү катары калтырып, 7-апрелди анын уландысы деп гана коюш керек.

Март революциясынан кийин өз ара чактарын, интригаларын, жек көрүүлөрүн айрым жумушсуз ачка отурган аялдардын ажылдоосу аркылуу чечүүгө аракет кылышкан Бакиевдин жана Сыдыковдун жакындары митинг-пикетке чыгуучуларды да сатып алууга жана сатылууга үйрөтүштү. Ошондон улам ОБОНдор деген лакап ат пикетке чыккан аялдарга тагылды. Акыркы жылдары эркектерден да ОБОНдор пайда болду. А бирок 2005-жылы революция болгон мезгилде ОБОНдор деген жок эле, акчага пикетке чыккандан апаларыбыз уялчуу. Эгер бар болгон болсо депутат Камила Талиева ОБОНчулардын катарында болуп калышы мүмкүн. Бирок, мен Камила Абдразаковнанын чындык үчүн, элибиздин эркиндиги үчүн ошол мезгилдеги университеттеги окутуучулук жумушун таштап пикетке чыккандыгын жакшы билемин. Бүгүн ошол эжекебиз да 2005-жылдагы эрктүүлүгүн көрсөтө алган жок. Ал мезгилде мен өзүм Акаевдин бийлигин мыйзамсыз басып алууга болбой тургандыгын айтып Камила эжеке экөөбүз эки жээкте элек. Бүгүн болсо ошондогу эркиндик үчүн күрөшкө чыккандардын жеңишин сактап калууга өз оюмду, жарандык пикиримди өз учурунда билдирип коюуну туура таптым.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-12-2012
Болуп жаткандар кырсыкпы, сынообу, же жазабы?
26237

03-09-2012
Жантөрө Сатыбалдиев жөнүндө коомдук пикирлер
50900

30-08-2012
2005-жыл – Өлкөбүзгө зор өзгөрүү алып келген
20100

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×