Добавить статью
2:24, 1 декабря 2011 43066

“Кара чүмбөтчөндөр” өздөрүн коргоого, ал эми дарыгерлер коргонууга даяр...

1-декабрь - СПИД менен күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнү

Маалымат: Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык республикада 283 бала ВИЧ/ илдетине чалдыккан, алардын ичинен 183 балага медициналык мекемелерде жуккан. Алардын бардыгы 10 жашка чейин курактагылар. Азыркы учурга чейин кайтыш болгон 24 баланын 10у СПИДден көз жумган.

Республика боюнча ВИЧ илдетине чалдыккан 18 жашка чейинки 150 балага социалдык жөлөкпул чегерилсе, анын 129у Ош облусунан. Дискриминация жана стигманын айынан ВИЧ-позитив балдардын 83 пайызы гана пособие алышат. ВИЧ/илдети жуккан балдардын саны жыл сайын көбөйүүдө. 2010-жылы аныкталган 44 ВИЧ-позитивдүү балдардын 22ине дарыгердин күнөөсүнөн жуккан. 2011-жылдын башынан бери эле алардын катарына 33 бúбúк кошулду, анын ичинен 11 не энелеринен жукканы аныкталган. Калгандары боюнча иликтúú иштери жүрүп жатканын билдирет республикалык “СПИД” борбору.

“Биз үчүн эң оор кордук – бул балдарыбыздын кодуланышы”, - дешет ВИЧ-илдеттүү балдардын энелери

1-декабрь - СПИД менен күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнү Кыргызстандын бардык аймагында жылдагы көнүмүш акциялар, тегерек столдор, ар түрдүү сынактар сыяктуу профилактикалык иш-чаралар өткөрүлөт. Алардын негизги катышуучулары, албетте, балдар болот. Анткени, балдар – биздин келечегибиз, эртеңки күндүн ээлери дейбиз. Келечек муунду бул коркунучтуу илдеттен алдын-алуу, чындыгында, учурдун зарыл талабы. Бирок, быйылкы жылдын 1- декабрдын алдында балдары медициналык мекемелерде оору жугузуп алышкан энелер коомчулукту дүрбөттү.. Медиктердин жоопкерсиздигинен ооруну жугузуп алышкан балдардын тагдырына, чеккен азаптарына жана бузулган укуктарына жаны ачынган энелер өз укуктарын коргоо үчүн кара чүмбөт кийишип көчөгө чыгууга аргасыз болушту.

Ноябрдын аяк чегинде ВИЧ илдетине чалдыккан балдардын жана алардын ата-энелеринин Ош жана Бишкек шаарларында бир нече нааразычылык акциялары өткөрүлдү. Кара чүмбөтчөн балдар менен аялдар адегенде Ош облустар аралык балдар ооруканасынын аймагында, андан кийин Бишкектеги “Ак үйдүн” алдында жамгыр менен карга карабастан көгөрүп-көшөрүп турушту. Бул алардын чыдамы түгөнгөндө жасоого аргасыз болушкан жан кечти кадамдары эле. Анткени, алар дагы эле болсо өз ысымдарын жарыялоодон, жүзүн ачуудан кооптонушат, коомчулуктун “таш бараңына” кабылуудан коркушат. Ушул кодулоо (дискриминация) алар үчүн эң оор ыза жана кордук экенин айтышат. Алардын 18и балдарынын айынан кайын-журтуна батпай, же күйөөлөрүнүн оору жугат деген коркунучуна байланыштуу ажырашууга аргасыз болушкан. Бардык энелер иштешпей үйдө оорулуу балдарын кароого мажбур.

Назира (аты өзгөртүлдү): Мен 2007-жылы Ош облустар аралык балдар ооруканасында бир жашар баламды алып жаткам. Кийин балам тез-тез ооруй турган болуп калды. Бир жылдан кийин текшерүүдөн өтсөк ВИЧ-илдетине чалдыгыптыр. Азыр 7 жашка чыгып, быйыл мектепке барып жатат. Анын ВИЧ-илдетине чалдыкканын классташтары азырынча билишпейт. Бирок, туугандар, коңшулар балдарын менин уулума жакындатыштан коркушат. Кээде ошонун айынан бир туугандар да урушуп да кетебиз. Баламдын бир жери канаса атасы кармалагысы келбей, алыс качат . Өзүм, күйөөм таза болсо кимден жугат эле. Мен анын себебин дарыгерлердин жоопкерсиздигинен көрөм.

Саида (аты өзгөртүлдү). Менин балам бир жашында суук өтүп ооруп Ноокат райондук ооруканада дарыланганбыз. Кийин дагы эле тынбай ооруй берди. 2008-жылы Ош облустук балдар ооруканасына жатсак анализ алып, ВИЧ жугуптур дешти. Бул оорунун айынан үй-бүлөм менен ажыраштым. Кайненем үйдөн кууп чыгып, күйөөм Россияга кетип калды бизди таштап. Азыр батирде турам. Балам тынбай күчтүү дарыларды ичет, тез-тез ооруп турат, ошондуктан жакшы тамактанышы керек. Жылуу, шарты жакшы үй жок. Өзүм баламды карап иштей албайм. Балдар бакчасына албай койду. Ал тургай ооруганда дарыгерлерге алып барсак, бизди кодулап четке сүрүп чыгарат. Аябай ызаланасың. Бар болгону 3 миң сом жөлөк пул алабыз. Ал батирдин акысын төлөөгө да жетпейт. Башка эч кандай жардам жок. Балама ВИЧ жугузган дарыгерлер дагы эле боштондукта иштеп жүрүшкөнү бизди таң калтырат. Акыры аягы митингге чыгууга аргасыз болдук.

ВИЧ/илдеттен жабыркаган балдардын укуктарын коргоого мамлекет тарабынан жетиштүү көңүл бурулбай жатат, - деп КРнын Акыйкатчысынын Оштогу өкүлү

Жергиликтүү бийлик органдары арыз-даттануулар жана өтүнүч менен кайрылгандарга үстүртөн, же кайдыгер мамиле кылат, Жер-жерлерде балдардын бала бакчаларга орношуу, мектепте билим алуу, медициналык мекемелерде ден соолукка жана жашоого укуктары бузулууда. ВИЧ илдетине чалдыккан балдардын укуктарынын бузулушу буга далил, - дейт КРнын Акыйкатчысынын Оштогу өкүлү Абдыкапар Үсөнов. Анын айтымына караганда Ош шаарынын мэриясы жаңы курулуп жаткан үйлөр июнь окуяларында жабыркагандар гана үчүн берилет деп ВИЧ/илдетинен жапа чеккен балдарга берүүдөн баш тартканы буга мисал боло алат.

Мамлекеттин ВИЧ-инфекциясына чалдыккан балдарга көрсөткөн социалдык коргоосу 3 миң сом өлчөмүндөгү жөлөкпул жана ооруканаларда акысыз дарылануу, акысыз антиретровирустук дарылар камсыз болуу менен гана чектелип келген. Мындан “КРдагы ВИЧ/СПИД жөнүндө” мыйзамда медициналык мекемелерде оору жуккан учурда адамдарга чыгымды төлөп берүү белгиленген 11-беренеси бузулуп жатат. Бир дагы дарылоо мекемеси ден соолугуна келтирген зыян үчүн балдарга эч нерсе төлөп бере элек. “КРнын атуулдарынын ден соолугун коргоо” мыйзамында көрсөтүлгөн моралдык чыгымды төлөөнүн өлчөмү - 50 миң сом балдардын жана алардын ата-энелеринин тарткан азаптарынын жарымын да актабайт, - дейт А.Үсөнөв.

Акыйкатчынын өкүлү баса белгилегендей, укук коргоо органдары тарабынан жоопкерчиликке тартылып, бир нече сот процесстери болгонуна карабастан балдарга оору жугузган дарыгерлер да жазасын алыша элек.

Балдардын ыйы эң биринчи Жогорку Кеңешке жетти

Каргашалуу илдетке чалдыккан балдардын жана алардын энелеринин ыйы эң биринчи Жогорку Кеңештин депутаттарына жетти. Борошолуу суук күндөргө карабастан автоунаа менен ашуу ашып, бел басып борборго жетишкен “кара чүмбөтчөндөр” акыркы үмүт менен “Ак үйдүн” алдында эки күн бою ыйлап турушту. Бул ыйга “Ак үйдөгүлөрдөн” экинчи күнү алгач ЖКнын төрагасы Акматбек Келдибеков кыймылга келди. Жан кечти энелердин алдына чыгып, андан кийин аларды залга киргизип, ыйын да, дооматын да угууга бел байлады.

Энелер үч талапты коюшту: пособиенин өлчөмүн 10 миң сомго жеткирүү; үй менен камсыз кылуу; балдарына илдет жугузган дарыгерлерди жазалоо.

ЖК аларга өз фондунан 1,5 млн сом бөлүү менен бул маселени талкууга коюп, медициналык мекемелердин дарегине бир топ ачуу сөздөр айтылды.

Ары сүр, бери сүр болгондон кийин эл өкүлдөрү тарабынан ВИЧ илдетин медициналык мекемелерде жуктуруп алышкан балдарга социалдык колдоо боюнча токтоп кабыл алынды.

Бул токтомдо балдардын энелеринин койгон талаптарына ылайык жөлөкпулду 10 миң сомго көтөрүү, турак-жай менен камсыз кылуу каралган. Ошондой эле балдарга оору жуктурган медиктердин үстүнүн козголгон кылмыш иштерин кароону тездетүү боюнча башкы прокуратурага тапшырма берилди.

- Балдарга оору жуктурган дарыгерлерге 15 жылга эркинен ажыроо жазасын берүү керек. Бул кылмыш адамды өлтүргөнгө тете, анткени, оор кылмыш жасагандарды 15-20 жылга түрмөгө олтургузат. Ал эми ВИЧ илдетине чалдыккан балдар оорудан көп азап тартаарын белгилесек, алардын күнөөсү андан да чоң, - деп айтты ЖКнын төрагасы Акматбек Келдибеков.

Дарыгерлер өздөрүн коргоону чечишти...

“Кара чүмбөтчөн” энелер “Ак үйгө” жетишип, алардын маселеси Жогорку Кеңеште карала турган болгондон кийин Оштогу ак халатчандар дүрбөлөңгө түшө башташты. 11 ноябрь күнү шашылыш түрдө жыйын өтүп, дарыгерлердин укугун коргоо Ассоциациясы түзүлдү. Бул маселе саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин облустук коллегиясында талкууланды.

Медиктерди бушайман кылган нерсе – бул , анда ВИЧ-позитивдүү балдардын энелеринин митинг убагында, андан кийин Жогорку Кеңештин депутаттарынын аларды айыптап айткан сөздөрү болду. Ассоциациянын жетекчиси Артыкбай Эралиев балдарга оору ооруканаларда жукканы далилдене элек. Аны далилдеш да кыйын, - деп билдирди 29-ноябрдагы Ошто өткөрүлгөн “ак халатчандардын” митингинде.

Ал эми Ош облустук СПИД менен күрөшүү борборунун жетекчиси Эльмира Нарматованын пикири боюнча медициналык мекемелерде СПИД менен күрөшүү жана жуктурууну алдын алуу үчүн эң биринчи алардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, жаңы заманбап медициналык жабдуулар менен 200 пайызга жабдуу керек.

Балдарга оору ооруканаларда жукканын иликтөө үчүн митингдин катышуучулары эл аралык эксперттерди чакырууну жана алардын тыянагысыз кылмыш-иликтөө иштерин токтотуп турууну талап кылышты. Медиктер бул талаптары аткарылбаса жалпы иш таштайбыз деп билдиришти.

Белгилеп кете турган нерсе, 2006-2007-жылдары Ноокат райондук ооруканасында балдардын массалык түрдө илдетке чалдыгышына айыптуу катары 13 медициналык кызматкерге кылмыш иши козголуп, айыбы угузулган. Алардын ичинен «Мунапыс жөнүндө» мыйзамга ылайык 5 адам акталган, 4 адам соттолгон, 4 адам шарттуу түрдө эркинен ажыратылган. Бул жөнүндө ЖКнын жыйынында Жогорку соттун төрайымынын милдетин аткаруучу Феруза Жамашева билдирди.

Вич-позитив балдардын укугун коргоо боюнча буга чейин кыймылдабай келген муз козголуп, аз да болсо көңүл бурула баштады. Жогорку Кеңештин жыйынында маалым болгондой эми бул маселе боюнча атайын мамлекеттик программа иштелип чыкмакчы.. Бирок, “Бала ыйламайынча эмчек жок” дегендей бул иштер тээ 5 жыл мурда эле эмне үчүн башталбады деген суроо туулат. ВИЧ-илдетине чалдыккан балдардын жана алардын ата-энелеринин дискриминациядан жана стигмадан корунуп ачыкка чыга албай жана өз укуктарын коргой алышпагандыктардан улам создугуп кетти окшойт. Алар ушул күнгө чейин эл арасына ачык чыга албай жашырынып келишет. Бирок, туюк жара акыры жарылды.

СПИД менен күрөшүү азыркы учурдун эң курч маселеси. 1-декабрь- СПИД менен күрөшүүнүн эл аралык күнү алдындагы жаңы маалымат боюнча Ош шаары жана Ош облусун ВИЧ-позитивдердин саны боюнча республикада алдыда турат. Анткени бул аймакта баңги ташып өтүлөт жана соодаланат. Мындан тышкары ички жана тышкы миграциянын өөрчүшү да өз таасирин тийгизип жатат. Ошондуктан, Ош аймагында СПИД менен күрөшүүнүн өзгөчө стратегиясын иштеп чыгуу учурдун зарыл талабы экени айгине.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

28-09-2011
Курманжан датканын 200 жылдыгына карата ыр-түрмөк
23989

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×