Добавить статью
10:31, 7 декабря 2011 44112

Эмне үчүн ИИМ К.Көлбаевди ошол «Капризден» кармаган жок?

2011-жылдын 6-декабрында интернетке жарыяланган ИИМдин маалымат түрүндө президенттин мурунку администрациясынын башчысы Эмил Каптагаевге жана Жогорку Кеңештин «Ата-Мекен» фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевге жөнөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Акматбек Келдибеков жана башка ошол маалымат катта  көрсөтүлгөн Кыргыз жарандары жөнүндө жазылган маалыматтарды окуп алып биздин үрөйүбүз учту. Бул эмне биздин мекенибиз Кыргызстанга 1937-жыл орной баштаганбы? ИИМ эмне ушундай маалымат менен күнөөлөй берсе болобу? Муну менен ИИМ эмнени көрсөткүсү келген деген суроолор пайда болуп жатат.

Эгерде ИИМдин максаты Келдибековду кылмыш дүйнөсүнүн лидери Камчы Көлбаев менен байланыштыргысы келсе, анда ИИМ чоң жаңылыштык кетирип жана ИИМ системасын уятка калтыргандай болуп жатпайбы.Себеби, ИИМдин маалыматында кылмыш жөнүндө бир да сөз жок.

Ал эми Келдибековго кыргыздын жарандары кайрылууга, жолугууга акысы бар. Ошондой эле Көлбаевдин да кыргыздын жараны катары кайрылууга акысы бар.

Эгер Келдибеков кылмыш дүйнөсү менен байланышы болсо, эмне үчүн бир жылдын ичинде аныктап мойнуна коюп, жоопко тартканга аракет жасаган жок. Интернетке чыккан материалга таянсак, буга чейин ММКларга чыгып жүргөн макалаларды ИИМ таратып жүргөндөй таасир калтырат. Болбосо эмненин негизинде, ИИМ кылмышын аныктап жоопко тартыштын ордуна, кылмышка байланыштырган далили жок маалымат таркатат.

ИИМ бир жылдан бери Көлбаевди УКТнын лидери деп күнөөлөп келе жатат. Эгер ушунусу чын болсо эмне үчүн аны ошол «Капризден» кармоого аракет да жасаган эмес. ИИМдин Каптагаев менен Текебаевге берген маалыматында андай аракеттери тууралуу  жана ал аракеттерге Келдибеков жолтоо болгондугу тууралуу бир да сөз жок. 

ИИМ дин бул маалыматы Каптагаевге 2011-жылдын 15-февралында кайсы максат менен жөнөтүлгөн? Жөн эле жолугушту деп жөнөтүлсө, эч кандай мыйзам чегинде күнөөсү далилденбесе, ИИМ жалган маалымат бергендиги үчүн эмне себептен Каптагаев чара көргөн эмес. Ошол кездеги Президент Отунбаева Каптагаевди ушундай иштери үчүн коргоп жүргөнбү?

Ошол Келдибековду күнөөлөшкө аракет жасаган ИИМдин маалыматында областтык прокурор, областтык УКМК жүрүптүр. Эгер Келдибековдун күнөөсү болсо эмне себептен аларга унчукпайт.

Эмне себептен бул маселе Каптагаевдин учурунда  катылып жатат да, президент Атамбаев ишке киришкенде чыгып жатат?

Жакын арада Келдибековдун тегерегинде кырдаал талкууланганы турат. Ошондуктан «Жаңы Багыт» партиясы жогоруда коюлган суроолорго жооп алыш иретинде Жогорку Кеңешке, Президентке кайрылып жатабыз. Минтип отурса Кыргызстан алдыга жылбайт.

Жогоруда коюлган маселелер апрель революциясынын талабына дал келбей, тескерисинче далилсиз күнөөлөгөн аракеттер акаев-бакиев заманынан кабар берет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×