Добавить статью
7:15, 21 декабря 2011 25234

Өкмөт жаңы түзүм менен эффективдүү иштей алабы?

Коомчулуктун кароосуна өкмөттүн жаңы түзүмүнүн долбоору сунушталды. Жаңы долбоор өкмөттүн ишин оптималдаштырабы же кезектеги пайдасыз өзгөртүү катары кала береби?

Жаңы долбоордо министрлик статусундагы 5 мекеме алынып салынды:

1.Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги

2.Табигый ресурстар министрлиги

3.Социалдык коргоо министрлиги

4.Мамлекеттик мүлк министрлиги

5.Суу чарбачылыгы жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети

Алынып салынган министрликтердин милдеттери башка мекемелерге өткөрүлдү. Натыйжада 20 министрликтен 15 министрлик калат. Алынып салынган министрликтер эффективдүү иштебегендигин жана алардын министрлик статусу акталбаганын буга чейинки  тажрыйбалар далилдеди.  

Алынып салынган министрликтердин кызматкерлери жана бул министрликтерге тиешеси бар мекеме­уюмдар бул долбоорго каршы чыгып жатышат. Белгилей кетсек, 5 министрликтин милдеттерин башка мекемелерге өткөрүп берүү жоюлган мекемелердин милдеттерин аткарууга таасирин тийгизбейт.  

Эффективдүү эмес министрликтерди жоюп салуу жана өкмөттүн түзүмүн оптималдаштыруу аракети колдоого алаарлык иш. Бирок эффективдүү эмес мекемелердин тизмеси дагы деле ачык, сунушталган өкмөттүн түзүмү көлөмдүү бойдон калып жатат. Бул оптималдаштыруу процессинин башталышы экенинен үмүт бар.

Маданият министрлигине туризм тармагын өнүктүрүү боюнча милдеттерин өткөрүп берүү бир катар суроолорду пайда кылат. Экономика тармагын маданият менен алектенген мекемеге өткөрүп берүүнүн эмнеги кереги бар? Маданият министрлигин агенттикке которуш керек, анткени анын министрлик статусу өтө бийик жана өзүн актаган эмес. Жаңы түзүмдө Жаштар министрлиги калды. Ал эми анын түзүлүшү өз убагында популисттик кадам болгон.

Жаңы түзүм профилдик мекемелерде милдеттердин консолидациясын камсыз кылат деген божомол бар. 6 мекеменин инспекциялык жана көзөмөл милдеттери Мамлекеттик техникалык инспекциясында бириктирилген. Тамак-аш жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясында башка мекемелердин инспекциялык милдеттери бириктирилет. Профилдик мекемелерде милдеттердин консолидациясы – жакшы тенденция, бирок бул мекемелерге милдеттерди өткөрүү менен коррупциялык агымдар көбөйүшү мүмкүн деген коркунучтар бар.   

Экономиканын өнүгүшүнүн жоопкерчилигин персонификациялоо менен премьер-министр башында туруп, аны бүткүл өкмөткө өткөрүп бериши керек. Мүмкүн, 4 вице-премьер-министрдин болушу саясий максат менен керек болгондур.  

Маалымат катары айта турган болсок, гиганттык экономикасы бар АКШда дагы экономикалык өнүгүү министрлиги жок. Маданият министрлиги дагы жок, бирок бул америкалык маданияттын ар түрдүү чөйрөлөрүнүн дүйнөлүк деңгээлдеги конкуренцияга жөндөмдүү болуп калышына тоскоол болбойт.  

Кыргызстандын мамлекеттик системасы 71 мекемеден турат. Мамлекеттик аппараттын жалпы штаты 52 миң адамдан ашат. Мындай чоң штат экономика үчүн жүк болот, анткени ал эч кандай пайдалуу экономикалык продукция чыгарбайт. Тескерисинче салык төлөөчүлөрдүн каражаты менен күн көрөт. Кыргызстандын экономикасынын тез өнүгүүсү үчүн бул жүктү болушунча азайтуу зарыл. Андан соң мамлекеттик чыгымдарды жана салык жүгүн кыскартыш керек.   

Аутсорсинг аркылуу мамлекеттик-жеке партнерлукту жана коомдук профессионалдык уюмдар менен кызматташ болууну жолго коюш керек. Аутсорсинг келишимдин негизинде мамлекеттин келээрки милдеттерин жана процесстерин жеке компанияларга тейлөөгө өткөрүп берүүнү карайт. Аутсорсинг мамлекеттик тейлөөлөрдү берүүдө конкуренцияны өстүрөт, натыйжада бул тейлөөлөрдүн сапатын көтөрүүгө жана бюджеттик каражаттарды кыскартууга мүмкүндүк берет.     

Жыл сайын электрондук өкмөткө өткөн мамлекеттердин саны көбөйүп жатат. Заманбап технологиялар кагаз маалыматтардан, лицензиялардан жана документтерден толук арылууга жол берет. Документтин нак өзү экенин далилдеш үчүн печаттардын жана кол коюулардын кереги жок. Кагаз документациядан кетүү мамлекеттин жана жарандардын каражаттарын кыскартууга мүмкүндүк берип, өкмөттүн ишинин оперативдүүлүгүн жана ачыктыгын көтөрөт.  

Өкмөттүн түзүмүнүн жана жарандык кызматтын реформаларынын максаттарын төмөнкүдөй белгилеш керек:

1.Өкмөттүн конкуренцияга болгон жөндөмдүүлүгүн көтөрүү

2.Ачык, заманбап жана эффективдүү жарандык кызмат

3.Жарандык кызматты тейлөөнүн бийик сапаты

Эффективдүүлүктү көтөрүш үчүн өкмөттүн ишин объективдүү, ченемдүү көрсөткүчтөр менен ченөөгө өтүш керек:

1.Эл аралык рейтингдер

2.Коомдук ой-пикирди көз карандысыз сурамжылоолор менен билүү 

Эл аралык рейтингдерде Кыргызстандын позициясынын жогорулашы мамлекеттик башкарууда өткөрүлүп жаткан түзүмдүк өзгөрүүлөрдү, өкмөттүн ишинин натыйжалуулугун жана бизнести өнүктүрүү үчүн абалды жакшыртууну көрсөтөт. Коомдук сурамжылоолордун натыйжасынын негизинде өкмөттүн ишине позитивдүү баа берген жарандардын санынын көбөйүшү элдин турмушу оңолуп баштагандыгын көрсөтөт. 

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

14-06-2012
“Ачык асман” режимин ишке киргизүү авиабилеттердин баасын төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет
29934

14-02-2012
Болбогонду болтурган өкүмзар өкмөттү баалоо
24313

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×