Добавить статью
3:42, 6 февраля 2012 43169

Кадрдын   кадыры билинүүдө

Жалал-Абад областынын райондорундагы акимдерди шайлоо жүрүүдө. Шайлоо болгуча ар кандай маалыматтар таратылып, маалыматтык күрөш жүрүп жаткан. Бирок, райондук кеңештин депутаттарына да бийлик тийип, өз чечимдерин кабыл алышты.

Сузактын акими Нурболот Мирзахмедов кайрадан ишенимге ээ болду. Шайлоого катышкан 30 депуттардын 18и колдоду. Бул талапкер “Ата Журт” партиясынан көрсөтүлүп өтүп кетишти. Бул талапкерге макулдугун берген К.Ташиев шайлоо алдында келип, райондук кеңештин депуттары менен жолугам деп,бирок белгисиз сеебептер менен келбей калган. Ошого карабай Н.Мирзахмедов утуп чыккан. Эми мындан ары эми акимдин саясаттагы багыты кызыктырууда. Анткени “Ата Журт” партиясы бүгүнкү бийликтин саясатын колдобойт. Белгилеп кетчү жагдай – Н.Мирзахмедов Б.Асановдун сунушу менен революциядан кийин келген. Ага чейин Бакиевдин тушунда акимдин 1-орун басары, андан мурда салык инспекциясынын жетекчисинин милдетин аркалаган.

Базар-Коргон райондук кеңешинин депутаттары аким тандай албады. Бул райондон “Ата Мекен”, “СДПК”, “Республика” партиясынан сунушталган. Буга чейин “Ата Мекен” партиясынын атынан келген Кубат Артыков райондук кеңештин депуттардын колдоосуна ээ боло алган жок. Ал турсун Ө.Текебаевдин кичи мекени да “Ата мекен” партиясына артыкчылык берген жок. Эми бул орунга жаңы талапкерлер ат салышууда. Алардын арасында Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрацияда иштеп жатышкан Жаныбек Осмоналиев менен Мурат Өскөнбаевдин аты аталууда.

Ноокен районунда да “Ата Мекен” партиясынан чыккан талапкер аким боло алган жок. Ноокенде16 добуш менен үч талапкердин ичинен Абдырахман Осмоновду районго аким кылып шайлап алышты. Ал буга чейин Сакалды айыл округунун башчысы кызматын аткарып келген. Ал эми ага атаандаш катары чыккан Муктар Артыкбаев 13 добуш алып, бирок жеңилгение капа болбогонун, жаштарга ишеним артарын билдирди.

Жерегиликтүү саясатчылар Ө.Текебаевдин долбоору өзүнүн жеринде ишке ашпай калганын сынга алышууда.

Аксы районунда А.Бекназаровдун кадры колдоо таппай, крайондук калкты жумушка жайгаштыруу жумушунан кетип бош жүргөн Медет Айдаралиев жеңип чыкты. Ала-Бука районунда мамлекеттик кызматта такшалып, ошол эле оайондо аппарат жетекчи, акимдин орун басары болуп келген Атантай Рыскулов аким болду. Сузактан кийин Чаткалдын акими Акматбек Таласбай уулунун тегерегинде ар кандай сын пикир айтылганы менен өз ордун сактап калды.

Райондук кеңештин депутттарынын ал-ахыбалын сурагандар шайлоонун артынан көбөйүп, айрымдары “ тыйын “ кылып да алышканы айтылууда. Ал эми шайлоодо депутаттардын кетерине аз убакыт калышы да таасир этип, элдик кызыкчылыкка караганда жеке кызыкчылык көп иштегенин өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү белгилешүүдө.

Шайлоо ак үй, көк үйдөгү үлкөн адамдарынын атын да сатып адамдарын өткөрүүгө аракет кылгандар да болду. Бүгүн Токтогулда өтө турган шайлоодо Токтосун Мадияров жана Тайырбек Сарпашев акимди шайлоонун жүрүшүнө экөө тең түздөн-түз кийлигишип, ар кимиси өзүнүн адамдарын түртүп атат», - деп жазып жатышат. 8-февралда Тогуз-Торо райондо акимдердин талапкерлиги каралып, Жалал-Абад областында шайлоо жыйынтыкталат.

Акимдерди шайлоо боюнча райондордо өткөн шайлоолорго областтын губернатору А.Турсунбаев катышып, калыс, адилеттүү өтүүсүн талап кылып жаткандыгын депутаттар өздөрү айтышты. Нааразылык болгон жагдайлар боюнча азырынча маалымат жок. Кыскасы, кадрдын кадыры билинди.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

08-05-2013

Кадыржан Батыровдун мүлкү аныкталып, конфискацияланууда (тизме)

94856

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×