Добавить статью
5:14, 8 февраля 2012 28755

Жаңы жылда жаңы үмүттөр жаралабы, же орто муун озуйпасын  аткарса?!

Ошентип эгемендүүлүгүбүздүн кыска тарыхында «Шамал болбосо терек кыймылдабас» болуп, бөөдө капсалаңдан камырабаган бейкапар калың журтту козгогон каргаша кыргыз журтчулугунда туптуура жыйырма жылда кайра кайталанганы Кыргызстанды дагы бир ирет доор сыноосунан өткөрдү.

Эки кылымды көрүп жашоо насип кылган менен, эми минтип бала-чака көчөдө эрте-кеч коопсуз жүрө албаган, кечиксе энелер жаны жай албай элеңдеп жолун караган, үй-жайыңды жаап коюп айыл-апага беймарал баралбаган турмушту баштан кечирүүнү маңдайыбызга жазган экен, токсонунчу жылдагы Оштогу кыргыз-өзбек кагылышынын чордонунда болгон, ал күндөрдүн залакасы жүрөктө жашаган ошондогу кадыресе аң-сезимдүү турмушу башталган курактагы жаш муун, азыр болсо эки миң онунчу жылдагы кайрадан жанган оттун ортосунда калган, мамлекеттикпи, жекеби аркалаган иши, күткөн тиргилиги менен орун-очоктуу үй-отону бар жана бала бакыралуу орто муун тагдырга баш ийбешибизге айла канча?! Кайран өмүр, ачуу чындыкты айтсак, Ата-Журттун жүгүн көтөргөнгө карууну казык кылаар кез келгенде, тынч турмуш болсо иш менен ашка тойбогон, ансыз да кыска өмүрдү дуулдата жашай турган куракта минтип өткөөл мезгилдин башаламандык сазына баш-оту менен кирген бойдон көтөрүлө албай турган, тынчы жок түмөн ойлордон нервиңди, ден-соолугуңду көбүнчөсү бекерге короткон, ар күнүңдү санаа менен өткөргөн, эртеңкиден жаңы үмүттүн жаралышын ишенимсиз күткөн, кандай болсун, бирок тарых алдында өз озуйпасын аткарууга милдеткер болгон муун болбодукпу!

Аттиң десе, мурдагы совет системасынын доорун куп сүргөн улуу муунга карап тамшанасың да, ал эми жаңы, эгемен өлкөдө өсүп келаткан жаш муунга карап жашоосуна таңданасың, келечегин ойлоп сар-санаасың, тарбия-таалимин көрүп арданасың! Канткенде да улуу муун менен жаш муундун ортосуна көпүрө болуп, жакшы менен жаманды өз ордуна коер озуйпанын ээси болгон орто муундун учурда жүгү оор экендигинде күмөн жок. Бирок журтубуздагы бүгүнкүдөй балээнин баары эмнеден деген суроо тилекке каршы, асылып турбайбы? Баамдасак «Көрбөгөндүн көргөнү курусун» дегендей эле, өткөөл мезгил орун алган учур замандын, ошол орто муундун саясатчылары бийликке келүүнүн тээ илгерки замандардагыдай, бир уруу бир урууну чаап алгандай эле жолун өздөштүрүп алышып, ошол жапайычылыктарынан көтөрүлө албай, биринин бутун бири тартып кайра түпкүргө сүйрөп түшкөн казанда кайнаган кайран элди элестетип тургандай. Дагы Кудайга миң шүгүр дешибиз керек го, дүйнөлүк адамзат коомчулугунун аң-сезими алдыга кетип, көзүбүз көрүп жашап жаткан жыйырма биринчи кылымда чындап сырткы душмандар жок, анткеним, эгерде өткөн кылымдардагыдай дале колониялык, же согуштук баскынчылык саясат мезгили болгондо азыркыдай ыркы кеткен Кыргыз Журтчулугун бырча-бырча бөлө чаап тытып кетишмек да.

Белгилүү экономист Айылчы Сарыбаев өткөн жылда «Азаттыкка» берген бир маегинде мугалимдердин маянасын көтөрө албагандары бул азыркы өкмөттөгүлөрдүн башы иштебегендиктен деп агынан жарылганы эсте турат. Андагы Убактылуу, же Техникалык өкмөттүн башы иштебегендиги бир эле мугалимдердин маянасын көтөрө албаганында эмес экендигин турмуш көрсөтпөдүбү. Бакиев бийлигинин мурдагы башкы лөк фигураларынын сыртка чыгып кетишине жана түштүктөгү коогалаңдарга Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн түздөн-түз катышы бар экендиги туурасындагы суроо дале болсо ачык бойдон калууда. Анан да эми минтип алардын М.Суталинов өңдүү айрымдарынын «адашып калгансып» кайтып келип турганы көп кызыктын башы болчудай. Ооба, эл менен тарых баарына тараза. Балким азыр эместир, бирок убактысы келгенде адилет баасы берилээр деп жашап туралычы. Анткени таза референдумду, шайлоону өтөрүүгө жетишебиз дегени менен мамлекеттеги башаламан абалдан пайдаланып Конуституцияга өзгөртүү киргизүүнү апырткан цифралар менен өткөрүп, андан аркысы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы алар үчүн оңдуу болбой, эртеңкисинен коркуп «Ата-Журтка» карата «Мекен шейиттерин», «Айкөл Ала-Тоону» ж.б. тукурганы, ал эми 145 миң адамдын добушун көз-көрүнөө жерге тепселеп «Бүтүн Кыргызстанды» БШКнын колу менен Парламентке жолотпой муунтуп таштаганы деле ошондогу Убактылуу өкмөттүн башы иштегенден болбосо керек?

Мына эми, көз ачып-жумганча дегендей, өлкөбүз турбуленттүү зонадай болгон каардуу Жолборс, андан кийинки алаңдаган Коен жылыдарынын караанын улам арылатып узатып жатат. Чынында эле ошол каргашалуу жыл тилекке каршы, ар тараптуу каардуу да, кандуу да болуп, соңунда көпчүлүктүн көкшүнү сууп, саясый интригалардын чордону болгон негизинде өзөгүн орто муундун адамдары түзгөн жаңы парламентибиздеги кызуу жүргөн мышык-чычкан оюндарына да буюруп чекит коюлуп, андан ары ал эл-журттун, тарыхтын алдындагы өз жоопкерчилигинин алкагында акырындык менен чыйралып бараткандай болду. Кантсе да Коалициялык өкмөттү түзүү менен эл өкүлдөрү эң биринчиден мугалимдердин, дарыгерлердин, социалдык-маданий сектордогу кызматкерлердин үнүнө кулак төшөгөндөрү эртең күнгө үмүттүн шооласын жараткандай болду.

Дегинкисин деле болсо парламенттик башкарууга өтөбүз деп мезгилден оозуп кайда бараарыбыз белгисиздей туюлат. Анткени биз кандай кылсак да, аягы баарыбир кыргызфильм дегендей эле, кыргыз бойдон калат экенбиз го! Мына, партиялык тизме менен шайласак эле тууганчылдыктан, жердешчиликтен, сөөк-жааттыктан кутулабыз, мыктылардын мыктысы шайланат дедик эле, тескерисинче, дегеле коомчулук тааныбаган, же төрт кишинин алдында эки сөздүн башын бириктире албагандар, керек болсо бир күн мамлекеттик кызматтарда иштебеген, элементардык эмгек китепчеси жок адамдар, же ошол эмгек китепчесине депутат болгон деген жазууну түшүрүү үчүн гана барып, шайлоонун эртеси артын карабай кеткендер деле депутат болуп шайланып, эмне деген гана шерменделикке чейин бардык?! Азыр эми муну бийлик башындагылардан, аттуу-баштуу саясатчыларыбыздан баштап тээ тоо койнундагы кемпир-чалдарга чейин саймедиреп атышпайбы.

Анан кантип Президенттик башкаруу өткөн жыйырма жыл ичинде өзүн-өзү актаган жок деп бүтүм чыгаруу таптакыр акылга сыйбаган нерсе экендигине ынанбоого болсун? Мамлекеттүүлүктүн тарыхынын калыптанышында жыйырма жыл деген убакыт деңиздеги тамчычалык эмес. Бизде идеалдуу болбосо да, негизги мыйзам баш болуп бир сонун эле формадагы мыйзамдар кабыл алынып келди, кеп алардын бурмаланышында, улам өзгөртүлүп тооктой жулмаланышында, алардын ар убак талаптагыдай аткарылбашында болуп келүүдө. Турмушубуздун кайсы тармагын албайлы, бизде эң сонун мыйзамдарыбыз бар деп мактанабыз, бирок мыйзамдын аткарылышы эң начар өлкө да биз экендигибизди, «Балык башынан сасып жаткандыгын» унчукпайбыз.

Тирүүлүк деген көп кызыктарга, карама-каршылыктарга, таң калыштуу парадоксалдык жагдайларга толтура эмеспи. Ошол Жолборс жылында ар кандай революция, реванш, кагылыштар, референдум, шайлоо, коалиция сыяктуу ташпиштер менен алпурушуп, жолборстой болуп ыркырашып жүрүп, жаңы Коен жылына секиргенбиз. Эмне болгондо да жашоону токтотуп коюу мүмкүн эместиги кээде жадыбыздан чыгып бараткандай сезилет. Анкеним, өткөн жылда да үйрөнгөн адаттар калбай, кайсыл гезитти карасаң, Президентке, генпрокурорго жолдоп паланды-түкүндү кызматтан алып башкасын коюп бер деген кайрылуулардын, каттардын аягы көрүнчү эместей болду го. Бул көбүнчөсү куудулдар менен тамашоуисттердин гана жаңы куйкумдарына табылга болбосо, калган учурда арык аттап, суу кечпей эле калып жатпайбы. Анткен менен алардын артынан үстөккө-бөстөк ар кандай текшерүүлөр арбып, ишкана-мекемелер өз ыргагында иштебей эле коррупция кайра гүлдөп, алдым-жуттум «убактылуу» текшерүүчүлөргө айлап-айлап отчет даярдагандан башы көтөрүлбөй калып атпадыбы.

Коен жылын алаңдагандай болду дегенибиз, ошондогу Атамбаевдин өкмөтү мамлекеттин бюджетинде отурган айрым кызматкерлердин эмгек акысын алдын 3-4 эсеге көтөрбүз деп, бирок реалдуу түрдө 2 эсени да камсыз кыла албаганы, ал арада отун-суу, күйүүчү май, тамак-аш ж.б. эң зарыл нерселерге баалар жогорулап, жалпы инфляция масштабдуу өскөнү, июнь коогалаңы боюнча комиссиялардын жыйынтыгы кандай болот деп жаңы бийликтин бир катар чиновниктери элеңдегени, андан ары күз айларына дайындалган президенттик шайлоонун жыйынтыгы кандай болоору, Р.Отунбаеванын бийликти кийинки белгисиз Президентке кантип өткөрүп берээри, спикер А.Келдибековдун креслосун бошотоор-бошотпосу, Ак /йдүн алдындагы аянттын ар убак митинг-пикеттерден бошобогондугу жана башка-башка көптөгөн жагдайлар ырасында эле баарыбызды алаңдатып койбодубу.

Атамбаевдин Президент болуп шайланышы, мурдагы өкмөттүн отставкасы, Парламентте кайрадан коалициянын түзүлүшү, өкмөттүн жаңы составынын бекитилиши өз тиргилигин унуттуруп, жаамы-журттун оозун Ошту эмес, биротоло борборду каратып салган кербези азыр. Эмне дебейли, жаңы жылда жаңы өкмөткө компетенттүүсү келдиби, улуусубу-жашыбы, ырас, Акаев-Бакиев доорлорунда деле кайсыл жерде, кайсыл кызматтарда болбосун, элге ак кызмат өтөгөндөр болгон, алар кайра мамлекеттик кызматка келип азыр деле жүрөгү эл-журт деп сокконунда шек жок дечи. Албетте, бирок айрым типтеги адамдар ошондогудай эле акүй-көкүйлөрдү корголошуп, алардан чыккылары келбей азыркы бийликтегилердин да бутун жалап-жуктап, айга-күнгө теңеп жүрүшкөндөрү да жалган эмес – бул биздин жашообуз тура!

Ошондой күн тийген жердин күкүгүнө айлангандар толгон мурдагы Убактылуу өкмөттүн эки жылдан берки, эми болсо азыркы бийликтин да ачыкталбаган менен орто муундун кашкайган өкүлү, түштүк борбор Оштун мэри М.Мырзакматов кайсыл жеринен жаза басаар экен деп ыңгайын күтүп жаткандай, же болбосо тизеден ылдый чапкан тымызын позициясы, ал болсо кайсыл тарап, ким менен болсо да ачык сүйлөшүүгө далалаттанып жатканы, ыйык шаардын баягыдай шаңдуу жашоосун кайтаралы деп, базары менен мазары бир кыргыз-өзбектин ортосундагы жараканы бүтөгөнгө жасаган далалаты бийлик тарабынан колдоо таппай турганы тилекке каршы, эл ичинде али да болсо кооптуу күдүң кептердин учугу болуп калып келүүдө.

Буюрса, мындан ары турбуленттүүлүктөн чыгып сен төңкөрүшчү, сен реваншист деген жакалашмайлар да жылдар жаңыланган сайын акырындап унутулуп, бийлик талашкандар тил табышып элдин тынчтыгын ойлоп калышаар. Андыктан мейли, өткөн өттү, кеткен кетти дейли. Эми эмне кылабыз? Бийлик сересиндеги орто муун бир силкинип алып, бүт жамандыктар, жаман адаттар, жаман ойлор эски жылдарда калсын да, Жаңы Балык жылында жаңы коомду жараталы, жаңыча жашайлы, реалдуу турмуш менен эсептешип, жаңы үмүттөрдү жараталы дебейлиби! Ордубузда чукуланып отура бербей алдыга карай жылбайлыбы, жакшы жышаандар жана иштер менен ынтымакты, биримдикти көрсөтүп, бирибиздин сөзүбүздү бирибиз көтөрүп, колдоп сүйөп, ооп калган жүктү түздөп көчүбүздү улабайлыбы! Акылмандыкты, даанышмандыкты, ар-намысты, айкөлдүктү, кечиримдүүлүктү, сабырдуулукту туу туткан элдигибизге, журттугубузга – Кыргыз деген нукура улуулугубузга кайра келбейлиби!

Антпесек мындан ары да Кыргызстанда ишкер, же саясатчы десе эле ким «соода-сатыктан ити чөп жесе», мамлекеттен кирешесин жашырганга маш, мыйзамдык төлөмдөрдү төлөбөгөн, айланткан акчасы көп болсо, анан депутаттыкка аттанып чыкса, же андан ары барып бийликтинин бир креслосуна отуруп калса ошону элестетип жүрө беребизби? Учурда мамлекеттики деп көрсөткөнгө жарытылуу эч нерсебиз калбаган соң, анан өлкөдөгү жеке секторубузда көмүр, кум-шагыл казып алууга окшогон анча-мынча майда-барат өндүрүшүбүз эле болбосо, кечеги эле Союз күндөрүндөгүдөй сан миңдеген адамдар эмгек менен камсыз болгон, күркүрөп иштеген завод-фабрикалардай ири ишкана-мекеме деген нерселер түшкө да кирбей калчу болуп баратканы төгүн эмес экенине макул болбой коюу да кыйын.

Президенттик башкарууну жеригенден мурда Кудай ургансып биздин маңдайыбызга калдайган кыргыз эл төбөсүнө көтөргүдөй жылдызы жарк эткен жарытылуу журт башчыны жазбаганы кейиштүү десек туура болчудай. Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев купулга толбойт десек учурунда кимди алып чыкмакпыз? Алардын элүү-жүз жылдык стратегияны мындай кой, жок дегенде беш-он жылды алдынала көралбагандыгынан, көздөрүн май басып, көчүгүн бөрү жегенден, туура эмес багыт алуунун кесепеттери кандай болоорунан ушундай иттурмушка кептелип жатпайбызбы.

Тарыхый процесстин табийгаты ушундай дебегенден башка аргабыз кайсыл? Дагы алдыда эмнелер күтүп турат, балким биримдикте болсок орто муун олуттуу озуйпаны аткарып, келечекке карай жаңы үмүттөрдү жаратаарбыз, Кудай дейли?!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×