Добавить статью
11:29, 23 марта 2012 0

Чоң-Алайда тоют маселеси эң көйгөйлүү болуп турат

Быйылкы кыш оор болуп, Чоң-Алайда кар көчкүлдөрдүн ири көлөмдө түшүшү жана тоюттардын жетишсиз болуп жаткандыгына байланыштуу район эли Кыргызстандын президентине, өкмөткө, Жогорку Кеңешке жана фракция жетекчилерине кайрылуу жолдошту.

Чоң-Алай районунда 2012-жылдын 20-мартына карата жолдор жабык болду. Райондогу ДЭП-16нын бардык техникалар жана башка мекемелерден алган техникалар жолдорду ачуу үчүн чыгарылды. Бүгүн кардын жааганы токтогону менен, аба ырайы бүркөө бойдон калууда. 10-15 даражада суук болуп турат. Жолдорду тазалоо өтө кыйынчылыктарды жаратууда.

Азырынча тамак-аш тартыштыгы сезиле баштады, айрыкча Ачы-Суу айылында. Тамак-аш азыктарынын баасы мурдагыдай эле баада. Мисалы айтсак 50 кг I сорттогу ундун баасы 1050 сом, бир литр суу май 120 сом, макарон сыяктуу дан азыктары деле мурдагыдай эле баада.

Малдын баасы төмөнкүдөй: эти семиз кой-эчки бир аз кымбаттаган. Орто семиздиктеги койлор 7-8 миң сом болсо, эчки-улактар 2500 сомдон 4000 сомго чейин сатылды. Эттин баасы 280-300 сом. Жол жабык болгондуктан сырттан мал алуучу соодагерлер келген жок.

Тоют маселеси мурдагыдай эң көйгөйлүү маселе болуп турат. Мал сатылбагандыктан коммерциялык банктардан алган кредиттер убагында төгүлбөй, кошумча пайыздар өсүп, калкка кыйынчылыктар болууда.

Ири мүйүздүү малдарды, жылкыларды сурап алган киши жок. Ошондуктан баасын аныктоого мүмкүнчүлүк болгон жок.

Көмүр казып чыгаруу проблемалуу болгондуктан, Сары-Могол көмүр кени иштебей турат. Натыйжада көмүрдүн баасы мурда 3000 сом болсо 6500-7000 сомго көтөрүлүп кеткен.

Калкка тез арада жардамдар уюштурулбаса, бир топ кыйынчылыктар пайда болуп, азык-түлүк тартыштыгы пайда болоору толук мүмкүн.

Жааган суу кардан кийин Кара-Тейит айылында эки жерден (Тик-Тескей, Топ-Кана участкалары) кар көчкү түшүп, эки атуулдун огороддорун баскан. Кашка-Суу айылдык округунун Балыкты участкасынан кар көчкү түшүп, кашарда турган 3 тайды басып калган. Дагы көчкү түшүү коркунучу болгондуктан 15 аттуу куткаруучулардын аракети менен, ал жердеги 2 атуул 60 баш кой-эчкиси, 3 баш ири мүйүздүү малы, 2 баш жылкысы менен айылга көчүрүлүп келинди. Ошондой эле, Жаш-Тилек айылынан түшкөн кар көчкүдөн 3 баш жылкы, 20 баш уй көчкүнүн алдында калгандыгы такталууда.. Бардык жерлерде турак жай, адамдар тынч.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×