Добавить статью
8:07, 17 апреля 2012 102850

Пахта эккендердин мээнети кайтпай калып жатат       

«Ноокен райондук Элдик комитети» коомдук бирикмесине 2011-жылдын сентябрь-октябрь айларында Жалал-Абад областынын пахтакер дыйкандары кайрылып, жардам сурашкан. Себеби, Ноокен районундагы 6 кичи пахта тазалоочу заводдордун бардыгы менчик, кожоюндары чет элдик атуулдар (Өзбекстан, Россия, Израиль, Белоруссия).

Алар 2011-жылдын пахта бышкан убагында пахтанын чигитинен ажыратып тазалоо кызматы үчүн 1 кг пахтага 11-12 сомго чейин негизсиз кызмат акысын көтөрүп, дыйкандарды зыянга учуратып жаткандыгы жөнүндө кайрылып, укуктук жардам суранышкан.

2008-2010-жылдары 1 кг пахта тазалоо үчүн кызмат акы 6-6,5 сомду түзгөн. Бензин, солярка, электр энергия, заводдун жумушчуларынын эмгек маянасы көтөрүлбөсө дагы, заводдун кожоюндары кызмат акысын 2 эсеге көтөрүшүп, дыйкандарды кыйроого – банкротко атайлап алып барышып, кызыл кулактык кылышкан.

«2011-жылдын 6 жана 14-октябрь күндөрү Ноокен районунун борбордук аянтында пахтакерлердин нааразычылык митинги болуп, пахта тазалоочу заводдорунун жасаган иш аракеттери негизсиз, мыйзамсыз деген чечим кабыл алып, Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Ө.Бабановго кайрылган. 2011-жылдын 18-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри Т.Беков, Антимонополияга каршы агенттигинин стат-секретары келип, нааразыболгон тарап менен жолугушуп: «маселени чечкенге аракет кылабыз, бирок заводдор менчик, антимонополияга каршы агенттиги текшерип, жардам берет»- дешкен. Бирок, пахтаны тазалоо үчүн кызмат акы 11-12 сом боюнча калып, дыйкандар чоң зыян тартышкан.

2012-жылдын 24-февраль күнү Жалал-Абад областында Кыргыз Республикасынын Экономика жана антимонополия саясаты боюнча министри Т.Сариев менен жолугушууда ушул маселени көтөрүп, комиссия жөнөтүп, пахта заводдордун пахтакерлерге кызмат көрсөтүү акысын негизсиз, мыйзамсыз экендигин текшерип, 6-7 сомго түшүрүп, дыйкандарга акчасын кайтарып берүүнү суранышкан. Ушул маселени Т.Сариев комиссия жөнөтүп жыйынтык чыгарып берем деп убада берген. Бирок, ушул убакытка чейин чечилген жок. Пахтаны кайра иштетүүчү заводдор пахтакер дыйкандарды алдап, көз боёмочулук, кызыл кулактык кылып, кызмат акысын 2 эсеге көтөргөн.

«Ноокен райондук Элдик комитети» коомдук бирикмесинин төрагасы Муктар Артыкбаев “Ноокен районунун Сакалды айылында жайгашкан «Хлопковая корпорация Лиматекс» ЖЧКда (директору М. Молложанов) болуп, мыйзамсыз, негизсиз пахтакерлерге кызмат акысын көтөрдүңөр деп суроо берсек, алар «1 жылда электр энергияга 3 млн.сомдон ашык акча төлөйбүз, себеби, завод эски»- деп жооп беришкен»деп билдирди.

Бирок, Ноокен райондук электр тармактар ишканасынан алынган маалыматта завод бир жылда болгону 250-300 миң сом акча төлөйт экен. Анысы аз келгенсип, электр энергияга атайын колдо жасалган жабдууну туташтырып, электр эсептегичтин көрсөткүчүн артка айландырып, мамлекетке жыл сайын миллиондогон зыян келтирип турушкан.

2011-жылдын 10-ноябрь күнү Ноокен райондук электр тармактар ишканасы тарабынан электр энергияны уурдап жаткан убагында кармалып, 3 жылдык иштеген мөөнөтүнө 5 млн. 268 738 сом мамлекетке зыян келтиргендигин далилдеп, акт түзүлгөн.

Жогорудагы айтылгандардын негизинде Жалал-Абад райондор аралык соту Насирова Т.Ж. 2011-жылдын 1-декабрында жана 21-декабрында карап «Лиматекс» ЖЧКнын пайдасына акыйкатсыз чечим чыгарып берген. Ушул маселени Жалал-Абад областтык административдик жана экономикалык иштер боюнча соттордун коллегиясы төрагасы Чаканов Э.С., соттор Саматов А.А., Сарыков Ю.С. 2012-жылдын 27-февралында карап, «Жалал-Абадэлектро» ААКнын пайдасына акыйкаттуу, мыйзамдуу чечим чыгарды.

Бирок, «Лиматекс» ЖЧК (кожоюну РФ атуулу) бул чечим менен макул болбой, Жогорку Сотко кайрылышкан. Бул маселеге эми Жогорку сот чекит коюш керек. Бирок алардын мамлекеттин, дыйкандардын талабын колдойбу же колундо акчасы бар чет элдик “ууру” ишкерлерди колдойбу, кеп ушунда.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

27-07-2011
Жалал-Абаддын токойлору жабыркап жатат
128519

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×