Добавить статью
11:12, 15 июня 2012 81471

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу канткенде өнүгөт?

Мына ушул маселени кабыргасынан коюп, Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калкка көрсөткөн кызматтарынын сапатын жогорулатуу максатында эл аралык сынактарга катышып, жеңишке, утушка же каржылануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун бетачар аземи ушул жылдын 12-июнунда Жалал Абад областтык мамлекеттик администрациянын имаратында, областка караштуу айыл аймактарынын өкүлдөрүнүн, бейөкмөт уюмдарынын катышуусунда, өтө кеңири мазмунда болуп өттү.

Долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиевдин баяндамасы боюнча, долбоор Швейцария өкмөтү тарабынан Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги менен өнөктөштүктө каржыланат. Долбоорду Кыргызстандагы Өнүктүрүү саясат институту аткарат. Анын мөөнөтү 2018-жылга чейин, 2011-жылдан 2015-жылга чейинки фазасында Жалал-Абад жана Ысык–Көл областтарынын айыл аймактары менен иш алып баруу камтылса, кийинки убактарда башка областтар менен иштөө каралган.

Ошондой эле, ал жергиликтүү жамааттарды жергиликтүү кызматтарды башкарууга катыштырууну күчөтүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу (Ж+Б) органдарынын мүмкүнчүлүктөрү өз калкынын керектөөлөрүнө жооп бере алуу иштерин колго алуу, Ж+Б органдарынын мындан ары өнүгүүсүнө жана өз алдынчалыгына (мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу) көмөктөшүүнү күтүлүүчү натыйжалар жана багыттар катары баса белгилеп кетти.

Ал эми долбоордун өзөктүү өнөктөштөрү катары жергиликтүү кеңештер, Ж+Б аткаруу органдары, жамааттардан тартып жогорку бийлик органдары чогуу-чаран иштей турганын кошумчалады.

Иш чаранын жүрүшүндө долбоордун негизги компоненттери боюнча тиешелүү адисттер баяндама жасап, катышуучулардын суроолоруна кенен жооп беришти. Өз кезегинде катышуучулар долбоордо каралган гранттарга сынактык негизде катышып, өздөрүнө караштуу көйгөйлүү маселелерди чечип алуу боюнча билдирмени кантип толтуруу керектиги менен таанышып, кыйла түшүнүк алууга жетишишти.

Иш-чара жыйынтыгында Бекболот Бекиев кызылдай мээнет менен табылып келинген акча каражатына кыянат мамиле жасап, коромжуга учуратып, ишти илең-салаң бүтүрүмүш болуу ниетиндегилер кызматташууга кайрылбай деле койсо болорун да эскертип өттү. Эгерде гранттык долбоорду ишке ашыруу процессинде арыз берүүчү кошо каржылоо боюнча милдеттенмени толугу менен же жарым жартылай аткарбаса долбоор гранттык каражаттарды кайра чакыртып алуу укугуна ээ экенин, бул долбоор өтө чоң жоопкерчилик жана тыкыр көзөмөл менен ишке ашырыла турганын баса белгилеп кетти.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

29-11-2012
Укук билген уттурбайт
83831

27-10-2011
Падыша жана жакыр бала.  Же президент балдардын колундагы балыктарды сатып алабы?
55276

10-10-2011
 Маданиятыбыздын деңгээли табияттын тагдырын чечеби?
145615

15-09-2011
Буудай талаалары чөп чабынды болуп калабы?
107878

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×