Добавить статью
9:12, 27 июня 2012 49306

Сапаттуу, чакан, менчик МТС - ар бир айылга! 

Айылдык өндүрүшчүлөр ассоциациясынын аткаруучу директору, техника илимдеринин кандидаты Манас Саматов

Малчы - дыйкандын тагдыры өз колунда экендигин түшүнө турган мезгил келип жетти.  Өкмөттүн "упчусуна" ишенип, антебиз-минтебиз, кыйратабыз деген куру декларацияларына кулак төшөп отура берген болбойт. Келечегиңизди өзүңүз тандаңыз. Мал кыштатууга даярдануу алкагында, жем-чөптү, тоюттун бардык түрлөрүн бүгүнтөн мол камдаган дурус.

Аракетчил фермерлер бул багытта тажрыйба арттырыш үчүн Германияга келип жаңыча чарба жүргүзүүнүн жолдорун изилдеп жүрүшөт. Албетте иштин натыйжалуулугун арттырыш үчүн колуңузда сапаттуу техникаңыз болушу шарт.

Фермерлер өздөрү айыл чарба машиналарын тандап, ар бир техниканын сырын терең үйрөнүп, өз келечегин, балдарынын келечегин өздөрү тандап жүрүшөт.

Жогорку Кеңештин депутаты, вице-спикер Бакыт Төрөбаев малчы - дыйкандарга үзүрлүү колдоо көрсөтүш үчүн МТС түзүп элге сөз жүзүндө эмес иш жүзүндө көмөк көрсөтүп келет. Бул тажрыйбаны өлкөбүздүн бардык региондорунда кенен жайылтууга бел байлап, маселени дагы да тереңирээк үйрөнүүгө аракет кылып жүрөт. Бул сапарга Ысык-Көлдөн, Чүйдөн, Жалал-Абаддан фермерлер келишти. Заводдор, немистердин менчик фермерлик чарбаларын кыдырып жүрөбүз.

DSC01561 

DSC01568 

DSC01577 

DSC01595

DSC01619 

DSC01620 

DSC01695 

DSC01714 

DSC01718 

DSC01720 

DSC01724

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×