Добавить статью
8:07, 27 июля 2012 1502

Өзөккө Кайтуу

Автор: Карыпбай

Өзүңдү издеп табуу же жоготулган байлыкты кайтарып алуу маанисине келген “Өзөккө Кайтуу” термини; 21-кылымдын техникалык өнүгүүсүнүн кесепети болгон ааламдашуунун натыйжасында келип чыккан маданий жакырчылык, башкача айтканда, күндөн күнгө азайып бараткан жер шаарындагы  түрдүү маданияттардын тирүү калуу күрөшүнөн улам айрым маданияттардын жоголуусун  токтотуп кайрадан өнүктүрүү, тирилтүү аракети болуп саналат.

Аябай катаал жана оор тоскоолдорго дуушар боло турган бул Өзөккө Кайтуу аракети  албетте деги эле жеке адамдын жана коомдун (улуттун) маданиий өзгөчөлүгүнө таандык ой пикирлерине жараша иш алып баруусу, экономикалык жана саясиий көз карандысыздыгын табуу аркылуу  өзүнүн бутуна бекем туруп алуусу, маданиятынын деми менен турмуштун ар бир кабатында дем алуусу, жана эң маанилүүсү - улуттук намысын, улуттук өздүгүн эрозияга учуратуучу “тууроодон” качуу аркылуу; үрп-адат, каада-салт, улуттук өзгөчөлүк сыяктуу касиеттердин (миңдеген жылдардан бери чогулуп күнүбүзгө жетип келген) жана бул маданиий байлыктын бапестелип корголуусу жана күнүмдүк жашоого киргизилүүсү (интеграция) аркылуу гана ишке ашырылат.

Өзөккө кайтуу, башкаларга  каршы болуу жана жалгыз гана ички динамикалар аркылуу жашоо деп түшүнүлбөш керек. Ааламда болуп жаткан көптөгөн чындыктын жанында өнүгүү чындыгы да бар. Бирок, ошондой эле өнүгүүнүн жанында да көптөгөн керексиз жана пайдасыз, ал гана эмес руханиий жана илимдик прогресске тоскоол болуучу нерселердин кошо көбөйүп бара жатканы да шексиз.

Өзөккө кайтуу, кечээкини бүгүнкү менен, бүгүнкүнү да эртеңки менен чогуу көрүү; тарыхый тажрыйбабызга таянып, бүгүнкү күнүбүздү туура колдонуп, эртеңкини ойлонуу аркылуу бизге керектүүнү алып, керексизди таштоо болуп эсептелет. Башкача айтканда, ааламда болуп жаткан ар бир өзгөрүүнү жана ар бир жаңыланууну өнүгүү деп кабыл ала бербей, улуттун статусун эл аралык майданда (арена) көтөрө турган жаңылыктарды алуу болуп саналат. Бул нерселердин ичине, албетте, илимий жана техникалык жетишкендиктер гана  кирет.

Учурда  өнүккөн өлкөлөр болуп эсептелген мамлекеттерге карап талдоосуз  эле ар сунулган нерселерин алуу - бул улутту жок кылуу коркунучун камтыйт. Себеби, техникалык жана илимий өнүгүүнүн болбоосу жана өз элинин маданиятын жакшы тааныбоо экинчи катмар (2.слой) комплексин пайда кылат. Ал комплекстин натыйжасында тууроо келип чыгат (биринчи катмарга чыгуу аракети катары). Ал өлкөлөрдүн кийим кечеси, тили, дини, маданияты, аң сезими, ой жүгүртүү механизми да тууроо менен кошо кабыл алынат жана улуттун маданиий өзгөчөлүгүнүн фундаментин кыйратып коет. Ал эми фундаменти (пайдубалы) кыйраган имарат канчалык жыгылбай тура алса, ал маданият да ошончолук тура алат.

Бул бурчтан караганда, өзөккө кайтуу, коомдун бар болуусу жана улануусунун четке кагылбастыгы жана шарты болгондой эле тышкы маданияттардын кол салуусунан жана курутуу (ассимиляция) саясаттарынан зыян тартпоонун жалгыз чарасы.  Өзөккө кайтуу аракетин ишке ашыра алган элдер жоготкон маданиий сыймыктарын  гана эмес, өздөрүндөй ойлонгон жана алар менен бир абадан дем алган адамдардын симпатиясын чогултушат.

Мисалга Жапондор кечээ эле маданиятын жоготуп жатышканда, бүткүл дүйнөнүн кол салуусуна дуушар болуп жатты эле. Ал эми бүгүн болсо бүткүл дүйнө аларды сыйлайт. Мындай өрнөктөр көп. Узун сөздүн кыскасы демекчи, өлкөбүздүн бүгүнкү абалы Жапондордун ал абалынан оор эмес! Алар бул кармашты жеңип чыгышкан, биз да женип чыгышыбыз керек.

Бизде мурдатан бери тууроочу катмар бар болуп келген, кандайдыр бир талдоодон өткөзбөстөн, ой жүгүртпөстөн, дээрлик турган турпаты менен батышты туурап жаткан, Ошондой эле турган турпаты менен батышты четке кагып жаткан катмар да болбой койгон эмес. Акыйкатта болсо бул эки катмар да тааныбай туруп өкүм(чечим) чыгарып жатышкан жана жаңылып калышты. Батыш антип тууралбаш керек эле жана антип четке кагылбаш да керек эле. Өлкөбүздү, элибизди, жерибизди маданиятыбызды бузбастан өнүктүрө турган тараптары алыныш керек, улуттун маданиятын, атуулдук сезимин жок кыла турган жактары четке кагылыш керек эле.

Бүгүнкү күнгө чейин жүз пайыз батышты туурай алышканда балким чыныгы батыштык боло алышмак...! Тилекке каршы чындык мындай эмес, экинчи катмар комплекси менен ооруп жаткан жана батышты туурап; кийим-кечесин, жинди суусун, тамекисин, сойкучулугун, ыймансыздыгын алып алган соң өзүн заманбап деп эсептегендер абдан жаңылышат! Аларды батышта эч ким батыштык дебейт! Орус мамлекетине барып көрүшсүн, аларды азыркыга чейин кара (черный) деп басынтышат! Себеби күнүмдүк болуу - бул илимдик, билимдик жана руханий өнүгүүгө карата өлчөнөт! Мисалга алсак, Малайзия. Эли бизге эле окшош, көздөрү тартылган, кийген кийимдери батышка эч окшобойт,  түсү десен бизден да коюу! Бирок аларды эч ким черный дебейт! Тескерисинче, абдан сыйлашат! Эмнеге дегенде, өнүккөн өлкө!

Жок дегенде, бүгүнкү күндө элди Өзөккө Кайтаруу аракетин жасап жаткандар, абадан да, суудан да көбүрөөк муктаждыгы билинип жаткан элдин ыйманын, тилин жана чыныгы тарыхын колдоп, көмөк көрсөтүп элибизди чыныгы эркиндикке жетүүсүнө жардам беришкенде...!

Бир улуттун тили анын маданиятына кароолчулук кыла ала тургандай өнүккөн жана күчтүү эмес болсо, ал улуттун башка маданияттардын чабуулуна дуушар болуусу жана убакыт өткөн сайын өздүгүн жоготуу менен улут болуу өзгөчөлүгүн да жоготуусу шексиз!  Мисалга: элге, жаш муундарга илим-билим үйрөтүүчү даражасында тургандардын көбу орус тилин билүүлөрүндөн улам орус тилинде жазылган чыгармалар менен кошо келген идеология, пикир, менталитет сыяктуу нерселерди да өздөрүндө камтышат. Бул болсо аларды орустар сыяктуу ойлонууга, чөйрөнү кабыл алууга, жашоого түртөт! Андан соң калайык калк менен илимдүү адамдардын ортосунда ашылуусу мүмкүн болбогон чокудай айырма пайда болот. Окугандар калкка дартын түшүндүрө албай, же билбегендер билбестигин мойнуна алып үйрөнбөй, элдин илимдик жана билимдик даражасы төмөндөп кетет.

Тарых - бул өткөн менен келечекти байлап турган көпүрө. Ал эми бул көпүрөнү куруп коргой албаган улуттар аркы бетте кандай жээкке чыгары белгисиз! Дегеле, жээкке чыгып чыкпоосу да күмөн!

Бүгүнкүгө чейин тарыхын унуткандардын (тарыхта аттарын окуп, бирок бүгүн мүчөсү жок болгон улуттар далай) жашап келгендерин көрбөгөнүбүздөй эле, башкалардын каталарын, жамандыктарын кайра кайра кайталап туурап жүргөндөрдүн да аркы бетке сак-саламат жетет деп айтуу оңой болбосо керек!

Мына дал ушул себептен улам ар бир адам маданиий чек араларды эч кимге тепселетпей, улуттук атмосфераны коргоо үчүн адегенде маданиятымды чиритиши мүмкүн деп, тыштан келген ар нерсеге пароль сурагандай аң сезимге ээ болуусу жана шарттар кандай гана болбосун көзүбүз жана көңүлүбүз өзүбүздүн Кыргызстаныбыздын гана үстүндө болуусу зарыл!

Булар кошумча бүгүнкү муундар элибиздин кечээгиси да эртеңкиси да болгонду билиш керек жана бул аң сезим менен келечекти өтмүштөн алган сабактар аркылуу куруу керек! Ошондо гана күнүбүзгө чейин башыбыздан өткөргөн маданияттык эрозия түйшүктөрү дагы бир жолу кайталанбайт; Жоготулган баалуулуктарды кайтарып алам деп жатып жаны жоготууларга себеп болуучу чөйрөлөргө кирилбесин. Бар болуу таймашы берилип жатканда ар кандай дегенерацияга туш келбесин!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×