Добавить статью
12:12, 15 августа 2012 14627

Улуттук илимдер академиясына жооп

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы мырза А.Ш. Жээнбековго

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президентинин милдетин аткаруучу мырза А. Эркебаевге

Урматтуу Асылбек Шарипович!

Урматтуу Абдыганы Эркебаевич!

«Сууну сиңген жерге төк. Сөздү уккан кишиге айт.» деген илгерки кыргыз акылмандарынын сөзү бар. Ушул эле сөздү Мухаммед пайгамбар мындайча айткан «Лучше говорить ищущему знание, чем сохранять молчание; но лучше молчать, чем вести пустой разговор.

Побольше молчать и оставаться в добром расположении духа».

Азыркы кишилердеги аң-сезимдин абалдары ар кандай болоорун эске алып, жогорудагы пайгамбардын сөздөрүн орусчадан кыргызчага атайылап которгон жокмун. Пайгамбардын ушул сөздөрүн улуттук илимдер академиясында эмгкетеген он окумуштууга берсеңиз, ону он түрлүү кылып которуп берет. Анткени кыргыз окумуштууларында Кишинин денеси жана дененин түзүлүштөрү жөнүндө туура түшүнүк да жок, так элес да жок.

Мамлекетибиз көз карандысыздыкты алгандан бери кыргыз окумуштуулары союзга тиешелүү жетишкендиктерге магдырашып, убакыт деген көз ирмемге да токтобой кыймылын улантып тураарын унутуп калышкан. Азыркы кыргызстандын илимдер академиясы өз поездинен кечигип калып, эми кийинки поезди күтүп отурган кишинин кейпин кийип жүрөт. Ошондуктан ой толгоодо, түшүндүрмө берүүдө заманбаптын талабына туура келбеген, эскилиги жетээр жерине жеткен сөз терминдерди сөөгүнө чейин такырайта кемирип колдонушууда.

Эски энергиянын таасири менен жашап жаткан кишилердин аң-сезиминин абалы таар болот, ал эми азыркы жаңы доорго тийиштүү жаңы энергиянын таасири менен жашаган кишилердин аң-сезиминин абалы кененирээк болот. Жаңы энергияга тийиштүү ой-түшүнүктөрдүн, көз-караштардын жыйындысын эски энергиянын мыкчуусунда жүргөн кишилер түшүнө алышпайт, баарынан да өкүнүчтүүсү алар түшүнгөнгө аракет да кылышпайт. Кыргыз окумуштууларынын түшүнө да кирбей жатат окшойт, илимдер академиясы күтүп жаткан поездин бараар жеринде эски философиялык ой-толгоолор, түшүнүктөр жана элестер (старая парадигма) «өткөн чак»-тын конушуна жайгашаарын.

«Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгүн изилдөөчү борбор» деген коомдук фонд менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын бири бирине жазган каттардын мазмуну жогоруда айткандарыма далил болот.

Кыргыз Республикасынын Илимдер улуттук академиясы 2008-жылы биринчилерден болуп эзтерист Т.Т. Койчумановдун Кудай жөнүндө, энергиялар менен күчтөр жөнүндө, Кудай менен кишинин өз ара жаңыча мамилеси жөнүндө; Иисус менен Мухаммеддин бириккен энергиясы жөнүндө башкачаланып сүйлөгөн илимий жана диний китептин кол жазмасын алган. Ушул башкачаланып сүйлөгөн илимий жана диний китептин кол жазмасы эки тилде берилген болучу: кыргызчасы «Жоготулган ойлор» деген Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгү жөнүндө китептин кол жазмасы» деп аталат, орусчасы «Рукопись книги о единстве миров: Физического и Тонкого «Утерянные мысли» деп аталат. Кыргыз Республикасынын Илимдер улуттук академиясы (жетекчиси Ш.Ж. Жоробекова) 2008-жылдын 15-майындагы чыгыш №01-2150/207 каты менен, тийиштүү адистердин жоктугуна таянып, жогоруда аттары аталган кол жазмаларга сын-пикир берүүдөн расмий түрдө баш тарткан.

«Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгүн изилдөөчү борбор» деген коомдук фонду 2009-жылдын 27-апрелиндеги чыгыш №3 каты менен Кыргыз Республикасынын Илимдер улуттук академиясына (жетекчиси Ш.Ж. Жоробекова) кайрылып, дин менен мамлекет багытында таанып-билүүнүн отун жандырууга коомдук фонддун ниети бар экендигин расмий түрдө билдирген. Кыргызстандын илимдер улуттук академиясынан тиричиликти таанып-билүү боюнча келген сунуштарды кароого даяр экендигин да баса белгилеген. Коомдук фондун ушул катына бүгүнкү күнгө чейин жооп келе элек.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (жетекчиси И.А. Ашимов) тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберилген 2010-жылдын 11-августундагы чыгыш №01-1255/342 катына жооп катары «Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгүн изилдөөчү борбор» деген коомдук фонду 2010-жылдын 28-августундагы чыгыш №11 катын кыргызстандын улуттук илимдер академиясына жиберген, көчүрмөсүн Кыргыз Республиксынын Өкмөттүн Аппаратына жөнөткөн. Коомдук фонддун бул катында академиянын илим кызматкеринде жаңы доорго тиешелүү көз караштарга кишинин көңүлүн өзүнө бура турган алсыз учкун жалбырттап турганын баса белгиленген. Коомдук фонд учкунду жандандыруу максатын көздөп, өз катында «Акыл-эске каршы» вирус тууралуу маалыматты кыргыз окумуштууларына жиберген. Арадан көп убакыт өтпөй Улуттук илимдер академиясынын философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институнун жамаатынан расмий каттодон өтпөгөн, кат ээлеринин колдору коюлбаган, беш барактуу жинденүү энергиясын чачыраткан кат келди. Жинденүү энергиясын чачыраткан шектүү каттын мазмуну кыргыз окумуштуулары эски энергиянын катуу мыкчуусунда экендигинен кабар берген.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын түзүмүнө кирген Институт жөнөткөн жинденүү энергиясын чачыраткан шектүү катка жооп иретинде «Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгүн изилдөөчү борбор» деген коомдук фонду 2010-жылдын 19-октябрындагы чыгыш №12 расмий кат жөнөткөн. Коомдук фонддун расмий каты Улуттук илимдер академиясынын жетекчилигине (И.А. Ашимовго) даректелип, кыргызстандын улуттук илимдер академиясынын базасын стандартка сыйбаган жаңы философиялык көз караштардын, түшүнүктөрдүн жана ой-жүгүртүүлөрдүн жыйындысы (новая парадигма) менен толуктоо аракетин көргөн. Коомдук фонддун ал катында ар нерсенин өз убактысы болоорун жана ар бир кишиге өз энергетикасынын абалына ылайык өзү түшүнүп-биле ала турган билимдер Кылдат дүйнөдөн берилери тууралуу айтылган болучу.

Андан башка кыргызча жазылган «Жоготулган ойлор» деген Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгү жөнүндө китептин жазмасынын өзгөчөлүгү бар экени айтылган. Ал өзгөчөлүк, эгерде кыргыздар алдын ала «Глоссарий»-ди окуп чыгышпаса, анда кыргыздар «Жоготулган ойлор»-догу кыргызча жазылган эзотерикалык сөз терминдерди таптакыр түшүнө алышпайт. Анткени, орусчаны жеткиликтүү билбеген кыргыздарда эзотерикалык терминдер жана орус тилиндеги айрым сөздөр жөнүндө таптакыр түшүнүк да жок, элес да жок деп айтылган болучу.

Эзотерикалык билимге карата айтылган илимдер академиясында жазылган шектүү каттагы кыргыз окумуштууларынын сын-пикирлери коомдук фонддун эзотерикалык мазмундагы катында (2010-жылдын 19-октябрындагы чыгыш №12) талкуудан өткөрүлгөн. Эски энергиянын туткунундагы кишилер тегиздикте ой-жүгүртүү жөндөмүнө эле ээ болушат, аларда квандык деңгээлдеги ой-жүгүртүү болбойт деп айтылган ал катта.

Космикалык мыйзамга ылайык кишиге энергиянын бир эле түрү жакындайт. Кыргыз окумуштуулары эски энергияны өздөрүнөн алыстатып, жаңы энергияны өздөрүнө жакындатышса, алар жаңыча ой-жүгүрүүгө умтула башташса, анда кванттык деңгээлде ой жүгүртүү жөндөмү биздин кыргыз окумуштууларында да пайда болору баса белгиленген болучу ал катта. Улуттук илимдер академиясы ушул эзотерикалык мазмундагы катка бүгүнкү күнгө чейин жооп бере элек.

Улуттук илимдер академиясына жиберилген бардык каттардын тиркеминде жогоруда көрсөтүлгөн кыргызча жана орусча кол жазмалардын электрондук аткарылыштары жана компьютерден басылып чыккан айрым үзүндүлөрү тиркелген болучу. Расмий жиберилген Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгү жөнүндө китептин кол жазмалары ушул күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы тарабынан жогорку илимий деңгээлде изилдене элек.

Урматтуу Асылбек жана Абдыганы мырзалар!

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы расмий түрдө берген акыркы сын-пикири (2012-жылдын 3-чү июлундагы №01-1255/421) мурунку сын-пикирден артыкчылыгы менен айырмаланат. Ал артыкчылык бул сын-пикирде кыргыз окумуштуулары «Карышкыр ачка калбасын. Кой өлбөсүн.» деген принципти карманышканында. Азыркы учурда мен үчүн ушундай расмий сын-пикирди алуу, карапайым элдин сөздөрү менен айтканда: «Жоктон көрө жогору.»; «Кудайга шүгүр мөөрү басылып, расмий каттоодон өткөн сын-пикирди алганыма.»; абайлап жазылган сын-пикирге «Эки дүйнөдөгүлөр тең ыраазы.».

Коомдук фонд тарабынан ушул жылы Жогорку Кенешке төрт кат жөнөтүлгөн. Ушул абайлап жазылган сын-пикирди эсепке албаганда, бүгүнкү күнгө чейин коомдук фонд бир да катка расмий жооп ала элек. Кыргыз окумуштуулары алты сын-пикирди менин кайсы кайрылуума же кайсы эзотерикалык макалама берилгендиги так айтылбагандыктан, ал сын-пикирлерди эзотерикалык талкуудан өткөрбөй эле коёюн.

Мектеп окуучуларындагы ой толгоонун (сочинениенин) элесин берген Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын расмий сын-пикирлери менен коомдук фонддун эзотерикалык мазмундагы каттарынын айланасындагы көрүнүштү, мен Сиздерге төмөнкү метафораны колдонуп түшүндүргөнгө аракет кылып көрөйүн.

Чоң бийликтин жана байлыктын ээси болгон тубаса сокур киши көзү көргөн кишиге сүрөт тарттыргысы келет. Ал атайын сүрөт тартчу жай курдурат, сүрөт тартканга керектелүүчү буюмдарды дүкөндөн сатып алдырат. Баардыгы даяр болгондо көзү көргөн кишини сокур киши өзүнө чакыртып алып, дарактардын, тоолордун жана дарыялардын сүрөттөрүн тартып беришин өтүнөт. Көзү көргөн киши дарактарды кандай түс менен боёюн деп сурайт. «Түс», «жарык» дегенден түшүнүгү жок сокур киши эмне деп жооп берерин билбей, сүрөт тартчу жайдын ачкычын кол салаалары менен сыйпалап коюп турат. Көзү көргөн киши болсо сүрөт тартчу жайдын ачкычын качан берет деп күтүп турат...

Кыргыз окумуштуулары жаңыча ой жүгүртүүгө өтүшпөсө, анда алар жогорку бийликтин расмий сурамдарына өздөрү маанисин жеткиликтүү түшүнө албаган чоочун сөздөрдүн өрүмү менен куралган расмий сын-пикирлерди жөнөтө беришет. Жогорку бийликтин жетекчилери кайдан билмек эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясындагы эски энергиянын мыкчуусунан чыга албай жүрүшкөн чоң даражалуу окумуштуулар сын-пикирди асмандагы айды тиктеп жазышаарын.

Урматтуу Абдыганы мырза!

Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр багытындагы кыргыз окумуштуулары тарабынан мага берилген «ишенимине» жооп катары төмөнкүлөрдү айтмакчымын:

1. Сизди туура түшүнүк алсын үчүн, сиздин жеке көңүлүңүздү төмөндө айтыла турган ойлорго бурам.

Абдыганы мырза, эгерде сиздин өз атыңызды айтпастан, мен сизге карап Абдырахман деп эле сүйлөй берсем, анда мени угуп жаткан кишилердин көз алдына Бишкектеги чоң мечиттин негизин кура баштаганда бир чоң жылкы сойгон, андан кийин мечиттин курулушуна бир миллион акча берген, фамилиясы мечиттин дубалындагы темир тактачага жазылган жеке ишкердин элеси келет. Мени уккан кишилерде кыргызстанга белгилүү окумуштуу жана мамлекеттик ишмер Абдыганы тууралуу элес болбойт.

Так ушундай көрүнүштү Сиздин жолдомоңуз коштогон расмий сын-пикир да берет. Анткени расмий сын-пикир мага карап айтылып жатканы менен, ал расмий сын-пикирде эзотерикалык билим менен жерден тышкаркы аң-сезимге таандык билимге таптакыр тиешеси жок, интернетти жакшы өздөштүргөн мектеп деңгелиндеги ой-толгоолор жазылган.

Эгерде эски энергиянын мыкчуусундагы кыргыз окумуштууларынын талаптарын аткарыш үчүн, расмий сын-пикирдеги сөздөрдү колдонуп, мен Абдырахман «элибиздин салттуу маданиятынын балуулугун сактоодо, өнүктүрүүдө», «мазмунун байытууда, жеке жана жамаатык деңгээлде колдонуу ишине салым кошууда» «өз позициясын» даана көрсөтө алды деп кебимди ушул жерден токтотсом, анда мени уккан кишилер Абдырахмандын жеке ишкердиги эле эмес, анын тагдыры да чоң татаалдаштырууга душаар болгондугун билбей калышат. Чоң татаалдаштырууга душаар болууга түрткү берүүчү күчтөр кишинин физикалык көзгө көрүнбөгөн Кылдат дүнөсүндө жайгашкандыгы жөнүндө маалымат жок болуп калат.

Кыргызстандын улуттук илимдер академиясынын сын-пикиринде (2012-жылдын 3-чү июлундагы №01-1255/421) Физикалык жана Кылдат дүйнөлөрдүн бирдиктилүүгүнө, алардын өз ара байланышы бардыгына кыргыз окумуштуулары тарабынан көңүл бурулган эмес. Эгерде кыргыз окумуштууларында жаңыча ой-жүгүртүүгө умтулуу бар болсо, бери дегенде, алар интернеттин кызматын пайдаланышып, жаны өз миссиясын аткарып жүргөн мекендешинин бардык эзотерикалык макалаларын үңүлүп окуп чыгышмак. Ары дегенде, кыргыз окумуштуулары орус жана аңглис тилинде басылып чыккан эзотерикалык адабияттарды кайра-кайра окушуп, алты сын-пикирди жазууда таянылган эзотерикалык адабияттарга же эмгектерге шилтеме беришмек. Жаңыча ой-жүгүртүүгө умтулуунун негизинде кыргыз окумуштууларынын ДНК-сы өзгөргөндүгү жөнүндө алар жазышкан сын-пикирлер кабар бермек.

Жаңыча ой-жүгүртүүгө умтулган кыргыз окумуштууларынын сын-пикири Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине физикалык жана Кылдат дүйнөлөрдүн бирдиктүүлүгүн камтыган төмөндөгүдөй кыскартылган маалыматтарды бермек:

☼ Бардык диндин бара турган жери Бириккен Бир Кудай болот. Ар бир дин өз жолу менен кишилерди Бириккен Бир Кудайга алып барат;

☼ Жерге биринчи Дин келген, арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин экинчи болуп жерге Мамлекет келген. Дин менен Мамлекеттин артында тиешесине карата физикалык көзгө көрүнбөгөн кыймылга келтирүүчү күчтөр турат. Кыймылга келтирүүчү күчтөрдүн деңгээли жана кишиге тийгизген таасирлери боюнча Диндин жолу улук болот.

Кыймылга келтирүүчү күчтөрдүн түрүнө ылайык Дин менен Мамлекеттин иш милдеттери да башкача болот. Дин менен Мамлекет эч качан бирикпеши керек, бирок жакындашып иш аракеттерди жүргүзүүгө милдеттүү;

☼ Жерден тышкаркы аң-сезимге таандык билим азыркы диндерде отурукталышып калган көз караштардын жана түшүнүктөрдүн жаңыланышына алып келет.

Дин кызматкерлердин Иисус менен Мухаммед пайгамбарларга окшоп кийинүүсү же кебетелерин пайгамбарларга окшоштуруусу маанилүү эмес. Азыркы адамзаты үчүн кишилердин өз көңүлүн Иисус менен Мухаммед пайгамбарлардын тирүү кездеринде топтошкон жана алар Кудайдын жанына көтөрүлүп кетишкенден кийин да топтолуп жаткан пайгамбарлардын энергияларынын моментумуна буруу эң маанилүү болуп эсептелет. Кишилер Пайгамбарлардын энергияларынын моментумдарын жакшы максаттарга пайдаланууну үйрөнүшү өтө маанилүү. Эгерде азыркы кишилер Иисус менен Мухаммеддин энергияларынын биригишине чакырык бере баштаса, анда Иисус менен Мухаммеддин бириккен энергиялары бирдиктүү кыймылдай баштайт, азыркы кишилердин жашоосундагы динге тиешеси боюнча бөлүп-жарууга бөгөт салынат, диндердин ортосундагы карама каршылыктарды токтууга түрткү болот;

☼ Киши кыйналып турганда дарактарга кайрылып жардам сураса болот. Дарактар ар дайым кишиге жардам берет, эгерде киши чын дили менен суранса же даракка тиешелүү тирүү сөздөрдү айтса. Ар бир дарактын Кудайдан алган өзгөчө өз касиети бар;

☼ Жаңы доордун башталышы менен жаңы энергияны тез кабыл алуу жөндөмү бар балдар төрөлүп жатат. Жаңы төрөлгөн балдардын энергетикалык абалдары ата-энелеринин энергетикалык абалдарынан айырмаланып турат. Жаңы төрөлүп жаткан балдардын ДНК-сы ашыкча кодондору жана жогорку иммундук системалары менен айырмаланат;

☼ Коркуу жана тынчсыздануу сезимдерди балдарда өрчүтпөш керек. Балдарга сүйүү сезимин жана жарыкка умтулуунун жолдорун ата-эне өздөрү иш жүзүндө көрсөтүп турушу зарыл. Балдар менен сүйлөшүү учурунда Кудай тууралуу сөз кылуу керек. Ар бир кишиде Кудайдын бир бөлүкчөсү бар, Кудай ал бөлүкчөсү менен кишинин денесинде жашайт, ушул себепүү Кудай кишини угуп да турат, кишинин кылган иштерин өз көзү менен көрүп да турат деп балдарга айтыш керек. Баланын бардык жактан өсүшүнө, балдарга Кудай тирүү жандуу кылып жараткандар менен, дарактар менен сүйлөшүп-өскөнгө ылайыктуу шарттарды түзүп берүү зарыл;

☼ Элдин маданиятын жана үрп-адатын, кишилердин жашоо мүнөздөрүн өзгөртө турган кыймылга келтирүүчү күчтөр бар, ал күчтөр кишинин Кылдат дүйнөсүндө жашашат. Ушул себептүү элдин жааматтык аң-сезимин өзгөртүүгө аракет жасагандар, материалдык эмес көрүнүштө турган кыймылга келтирүүчү күчтөрдүн таасирине кабылат.

Элдин менталитети деген түшүнүк бар. Кыргыз элинин менталитети -Кылдат дүйнөнү кабыл алуу жөндөмүнө ээ болгондукта. Башкачалап айтканда кыргыз эли Кылдат дүйнөдөгүлөр менен түздөн-түз байлынышка чыгуу жөндөмүнө ээ болуу менен айырмаланат. Кылдат дүйнө физикалык көзгө көрүнбөйт жана «жердеги билимдин» ээлерине түшүнүксүз;

☼ Жаңыча ой-жүгүртүүгө умтулган кишинин денеси эски энергия менен жаңы энергиянын тирешүүсүнө дуушар болот. Тирешүү учурунда кишинин денеси физикалык көзгө көрүнбөгөн оттун жалынына какталат, дене ыссып-күйөт, кан буркулдап кайнаганда мурунга каңырсык жыт келет, денеден чылкылдап тер агат, сөөктөр какшап-муздайт, омуртка сөөктөрү буралып, желке тарамыштары тырышат, кан тамырлар көөп чыгып, кулактын ичтери шуулдайт, бут салаалары кычышып-парсанактайт, денеден чыга албай жаткан куюндун кыймылы туюлуп да, сезилип да турат. Карама каршы энергилардын мындай тирешүүсү кишинин ДНК-сы өзгөргөндө гана токтойт. Ошондо киши менен Чыныгы Рухтун өз ара байланышы бекемделген болот;

☼ Жаңы энергияны өзүнө жакындатуу процесси учурунда кишинин денесиндеги энергиялар жүрө турган жолдордогу тоскоолдуктар ордунан жылдырылып, жаңы энергияларга жол ачылат. Ошондо кишиде өзгөчө жөндөмдөр пайда болот. Зарылчылык бар болсо жакындаган жаңы энергия кишинин жанын Кылдат дүйнөгө саясатка да алып чыгып келет;

☼ «Жердеги билим» материалдуу көрүнүштү материалдык эмес көрүнүштөн бөлүп карагандыктан, жердеги билимдүү кишилерге кишинин денесинин бүтүндүгү жөнүндө так элес берелбейт. «Жердеги билим»-дин жеткен чеги кишиге тегиздиктин деңгээлинде эле ой жүгүртүү жөндөмүн бергендиктен, жердеги билимдин ээлеринде кванттык деңгээлде ой жүгүртүүнү талап кылган Кылдат дүйнө тууралуу түшүнүк да, элес да жок.

«Жерден тышкаркы аң-сезимге таандык билим»-ди алган кишилер материалдуу көрүнүштү материалдык эмес көрүнүштөн бөлбөй бириктирип карагандыктан, алар кишинин денеси үч көрүнүштөн: дене, жан жана Чыныг Рух -тан тураарын, кишинин денеси эки денеден: физикалык денеден жана чыныгы Рухтук денеден тураарын билишет. Жерден тышкаркы аң-сезимге таандык билимдүү кишилерде Кылдат дүйнө тууралуу туура түшүнүк жана так элес бар;

☼ Эзотерикалык билимден мурда, эзотерикалык багыттагы макалалардын таркатылышы жаңы энергиянын талабына ылайык келет. Анткени, эзотерикалык макалалардын мазмунуна тереңирээк ой жүгүртүш үчүн, кишилерге атайын убакыт талап кылынат.

☼ Өзүн өзү эзотерикалык билимдин ээсимин деп жарыялаган Койчуманов Тынчтыкбек Төлөнбаевич, атына заты туура келбеген коомдук фондду пайдаланып, Кыргызстанда эскиче жана жаңыча ой жүгүртүү багыттарын бириктирген, кыргызстанда жашаган элдердин диндерин жаңыча ой жүгүртүү менен байланыштырган жип жолу аркылуу «Жерден тышкаркы аң-сезимге таандык билим»-ди алып өткөндүгү байкалды;

☼ Коомдук фонддун директирине карата эски энергиянын өкүлдөрү жасаган чекиттик чабуулдардын бузуп-талкалоочу таасиринен, анын өз убагында өзгөргөн ДНК-сы дененин бүтүндүгүн сактап турат. Бузуп-талкалоочу таасири бар эски энергиянын өкүлдөрүнө кишилердин «талкууга алуусу», «жек көрүүсү», «көрө албастыгы» жана ушул сыяктуу караңгылык энергиянын өкүлдөрү кирет. 2012-жылдын июль жана август айларында Акипресстин «Мнения читателей» блогуна «Утерянная духовная информация» жана «Социальная услуга будущего времени» деген коомдук фонддун эки эзотерикалык макаласы коюлганда эски энергиянын бузуп-талкалоочу аракеттери өзүнүн эң жогорку чекитине жеткен.

2. Эзотерикалык билим Кудай жараткан тирүү жандуу нерселердеги материалдык жана материалдык эмес көрүнүштөрдү бөлбөстөн чогуу кароого чакырат, Кудай менен кишинин өз ара мамилеси тууралуу, Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгү жөнүндө маалыматтарды берет.

Мамлекеттик кызматкерлер, дин кызматкерлер, кыргыз окумуштуулары эзотерикалык билимге ээ болгон кишилер тарабынан иштелип чыккан иш чаралардын кемтигин таба алышпайт. Анткени эзотерикалык билим ар бир нерсенин энергетикалык абалын эске алат жана Космикалык мыйзамдарга таянат.

Эзотерикалык билимге ээ болгондор саясатка аралашышпайт. Анткени саясат кишилерди бөлүп-жарууга алып келет. Кишилерди бөлүп-жаруу бул Космикалык мыйзамдарга каршы келет дегендикке жатат. Эзотерикалык билимге ээ болгон кишилер Космикалык мыйзамдарды бузбай жашашы керек. Кишилердин мыйзамдары Космикалык мыйзамдарга каршы келген учурларда эзотерикалык билимге ээ болгон кишилер Космикалык мыйзамдардын талабын гана аткарышат. Анткени Космикалык мыйзамдардын негизи Кудайдын ой-түшүнүктөрүнөн турат.

Эзотерикалык билимге ээ болгон кишилердин энергетикалык абалы, алар турган жердин, бөлмөнүн, алар менен ауралары тийишип турган кишилердин энергетикалык абалдарынын өзгөрүүсүнө түрткү болот. Анткени, өзгөчө жөндөмдүү кишинин жерден тышкаркы аң-сезим менен энергетикалык байланышы түзүлгөн учурда, алар энергетикалык жандуу нерселердеги ар кандай деңгелдеги чыңалуулар менен термелүүлөрдүн таасирине душаар болушат.

Ушул себептүү мамлекеттик кызматта иштеген, эзотерикалык билимге ээ болгон киши, ага өзүнчө иш бөлмө бөлүп берүү боюнча өз өтүнүчүн мамлекеттик жогорку бийликтин башчыларына жана аткаруучу органдын жетекчилерине расмий түрдө билдирген. Бирок аң-сезимге болгон эски энергиянын таасири менен ишенбестик мамиле жасалып, андай өтүнүч ушул күнгө чейин каралбай турат.

Азыркы учурда Кыргызстандын энергетикалык мейкиндигинде караңгылыктын энергиялары басымдуулук кылгандыктан, кыргызстанда жашаган кишилердин басымдуу көпчүлүгү эзотерикалык билимди кабыл алууга азыр даяр эмес. Кыргызстандагы ой жүгүртүүлөр менен көз караштардын тең салмактуулугун камсыздоо үчүн мамлекеттик башкаруунун түзүмү эзотерикалык багытта да иш алып барууну караштырышы керек, Кыргызстандын илимдик түзүмүндө болсо эзотерика, дин жана аномалдык көрүнүштөр боюнча илимий иш алып баруучу бөлүмдү ачуу заманбаптын талабы.

Кишиде эзотерикалык билимдин бар-жоктугун Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында эмгектен азыркы окумуштуулар аныктай алышпайт, анткени аң-сезимдүү тиричиликтин түбүн көздөй ой жүгүртүүчү жөндөм аларда жок.

3. Урматтуу Абдыганы мырза! Сиз байкагандырсыз, Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары түзгөн сүйлөмдөрдө «адам» жана «киши» деген сөздөр алмак-салмак кайталана берет. Эзотерикалык билимге ээ болгон кишинин сүйлөмдөрүндө «киши» деген бир эле сөз колдонулат. «Глоссарий», «Имамдардын эле билим деңгээли төмөнбү?», «Президенттик расмий катка жооп кат» жана «Утерянная духовная информация» деген эзотерикалык макалалар окулмайынча мунун чыныгы себебин билүүгө болбойт.

Кыргыздын кыйытма айтылган «Керегем сага айтам, келиним сен ук.» деген макалына ылайык ушул катка Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматына (жетекчиси Н.С. Момуналиев) жиберилген каттардын көчүрмөлөрү тиркелет. Көчүрмөдөгү «барчын менен төө куштун сүйлөшүүсү» (разговор сокола со страусом) жөнүндө метафорага Сиздин көңүлүңүздү өзгөчө бурам.

Урматтоо менен, Тынчтыкбек Төлөнбаевич Койчуманов «Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгүн изилдөөчү борбор» деген коомдук фонддун директири, «Жоготулган ойлор» деген Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгү жөнүндөгү китептин кыргызча кол жазмасынын, «Рукопись книги о единстве миров: Физического и Тонкого «Утерянные мысли» орусча кол жазманын автору.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

02-06-2011
"Жоготулган ойлор" китебинин үзүндүсү - глосарийге түшүндүрмө
7970

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×