Добавить статью
3:39, 23 августа 2012 76158

Жаңы өкмөттүн курамын 40 жашка чейинки жаштар түзүшү керек

Кечээ, 22-август күнү Жогорку Кеңеште көпчүлүктү түзгөн коалиция тарагандыгы тууралуу массалык маалымат каражаттары билдирди. Коалициянын тарашына «Ата Мекен» жана «Ар-Намыс» фракцияларынын коалициядан чыкканыдыгы себеп болду. «Өкмөт жөнүндө» мыйзамга ылайык, коалиция тараса өкмөт автоматтык түрдө отставкага кеткен өкмөт болуп эсептелет. Өмүрбек Бабанов жеткетеген өкмөт бир жылга да жетбей тарап кетти. Чындыгында өкмөт жакшы иштеп кете албады кадр масалеси, пайдасыз реформа жана кыскартуулар, уулуу көмүр чыры, базардагы ундун кымбатчылыгы, бюджеттин азыркы убакта керексиз форумдарга жумшалышы ж.б. Кыргыз эли сазга батып бараткандай сезиле баштады. Акыркы убакта электр энергиясынын баасын көтөрүү маселеси да көтөрүлө баштады. Мамлекет башчысынын негизги милдети мамлекеттин бүтүндүгүн, жарандардын коопсуздугун сактоо болуп эсептелет. Август айында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда УКМКнын бир чек арачысын чет мамлекеттин чек арачысы атып өлтүрүп койду. Бул боюнча президент же өкмөт башчысы чыгып, элге кайрылып бизди кечирип койгула биздин шалаакылыгыбыздан чек араны тактай албай калгандыгыбыздын айынан бир жоокерибиз каза болуп калды, кечиргиле деп айтып койгон жок. Пайдасы жок жолугушуулар менен убара болуп жүрдү. Негизги милдети болчу. Мындайча айтканда «Эски адамдар артка кадамдар» болуп эле калдык.

Болуп жаткан нерселерди көрүп туруп, 7-апрелде миңдеген коомдук тартиптип сакчылары жана жарандарыбыздын каны бир гана Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасына президент болушу жана Роза Отунбаева КРнын экс-президент болушу, ошондой эле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн бийликке жетиши үчүн эле төгүлүп калбадыбы. Кана 2010-жылдын апрелиндеги Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү тарабынан берилген убадалар, мен ошол убадаларды көргүм келип жатат бирок, биринда көрө албай жатканыма өкүнөм.

2010-жылдагы 7-апрель кандуу окуясынан кийин эки жолу коалиция түзүлүп, эки жолу өкмөт түзүлдү. Бирок, бири да чечкиндүү кадамдарга бара албады, мунун негизги себеби биздин коомдогу өлкөнүн кыймылдаткыч күчү болгон жаштар менен эчким эсептешкен жок. Жаштар биздин келечегибиз деген куру кыйкырык салып эле жаштарды алдап келет. Жогорку Кеңеште көпчүлүктү түзгөн коалиция түзүлөт жана ага жалаң мурунку эле жыгырма жылдан бери иштеп келе жаткан адамдар бийлике келет. Коалицияга кирген партиялар өкмөттүн курамына партияга мүчөлүк акы көп төлөгөн же болбосо тааныш билиш менен сунуш кылат, алар дайындалгандан кийин эл күткөн натыйжаны бербей өзүнүн ишкерлиги менен алектенип, убакытты өткөрүп жатат. Ө.Бабанов жетектеген өкмөттү да айрым А.Акаев маалында иштеген коррупцияга малынган, эл кызыкчылыгын ойлобой өз кызыкчылыгын ойлогон министрлердин айынан тарап кетти.

Ө.Бабанов жаштарга кайрылуу жасап, «Элдик көзөмөл» жүргүзүүчү коомдук бирикме түзүүнү сунуштады бирок, кеч болуп калды. Себеби, бул өкмөттүн былыктары чыгып калды. Өкмөттүн курамын түзүп жатканда ыймандуу, патриот, чынчыл жаштардан өкмөттү кураш керек болчу. Азыркы убакта жаштардын бийлике болгон ишеними кетип кырдаал курч бойдон калууда.

2010-жылы кабыл алынган Конституциянын чийки, бизге туура келбегендигин дагы бир жолу айгинеледи.

1. Коалицияга кирген фракциянын эки депутаты уруша кетип, бири-биринин кемчилдигин чукуп чыгып, парламенттик көпчүлүк таркаса өкмөт, спикер отставкага кете берсе.

2. Партиялык тизме менен шайланат, кээ бир райондордон депутат жок, же болбосо көп.

Айрым райондордо экиден гана шайланып калган жана алар жалан эле өз ишкердигин сактоо менен жүрөт. Шайлангандан кийин бир да депутат Аксы районуна келип, элге жолугуп, элдин үнүн уккан жок. Жогорку Кеңеш эл менен иши болбой жалаң эле шоу жасап жүрөт. Мындай депутаттардын бизге кереги барбы же жокбу деген ой пайда болот.

Эми мыйзамга ылайык, 15 жумушчу күндүн ичинде фракциялардын бири өкмөттүн курамын түзүш керек. Жаңы куралган коалиция өкмөттүн курамын жаштар түзүш керек. Эгерде дагы мурунку эле көрүнүш кайталанып калса, жаңы 0кмөттүн да келечеги иштей албайт.

Себеби, эгемендүүлүк алгандан бери жогорку муундун өкүлдөрүнөн турган министрлер көзгө илинерлик бир нерсе жасай албадынар, бирини-бирин аңдыганн пайдасы жок чет мамлекетке делегацияга барып, пайдасыз келишимдер, жолдон жоголуп кеткен инвестициялар менен алектенип убакытты өткөрүп келдиңер. Эми түзүлгөн өкмөттүн курамына жаңы коалиция 40 жашка чейинки ыймандуу, мекенчил, кыргыз үчүн күйгөн жаштарды сунуш кылып, министрликтерге дайындоосу керек.

20 жылдан бери Кыргызстандын тагдырын сиздерге ишендик, бизди туңгуюка алып келип такап койдуңар. Эми жаштарга бергиле, чечкиндүү реформа жасоого тоскоолдук кылбагыла. Азыр ушундай саздан чыгып кете албасак келечегибиз аянычтуу болуп калышы мүмкүн. Бул сөздөрдү кандайдыр бир саясий партиянын кызыкчылыгын колдоо максатында айтып жатканым жок, мен эч кандай партияда мүчөлүктө турбайм, кыргыздын келечеги үчүн күйюп жатам.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×