Добавить статью
12:01, 19 сентября 2012 53708

Аксы элинин кайрылуусу

Аксы районунун Кашка-Суу айылынын эли президент А.Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы А.Жээнбековго, премьер-министр Ж.Сатыбалдиевге жана жалпы кыргыз элине кайрылуу жолдошту.

Биздин сиздерге кайрылуу жөнөтүп жаткандыгыбыздын себеби - төмөндөгүчө, 1997-жылы күз айларында Аксы районунун Кашка-Суу айылдык округунда жайгашкан Падыша-Ата күмбөзү Э.Бегимкуловдун демилгеси жана элдин күчү менен марафон өткөрүлүп, көп суммадагы акча каражаты чогулган. Ошондой эле Аксы районунун жалпы мекеме ишканаларынын жардамы менен Падыша-Ата күмбөзү заманга ылайыкташтырылып оңдолгон. Ошол кезде «Арстанбап» жоопкерчилиги чектелген коомунун президенти Э.Бегимкулов: «Бул оңдоого архитектуралык курулуш куруу үчүн документтери бир иш кананын балансында болуш керек», - деп «Арстанбап» ЖЧКнын балансына өткөрүп мамлекеттик акт алган. Бирок, кырк тогуз жылга бекиттирип менчиктин бир түрүнө айландырып алган, аны эл кийин билди.

Кашка-Суу айылдык округунун 2009-жылы март айында болуп өткөн элдик курултайында Падыша-Ата күмбөзүн элдин балансына өткөрүп берүүсүн суранып, чечим кабыл алышкан. Ошол күндөн тартып Э.Бегимкулов сегиз жарым миң калкы бар Кашка-Суу эли менен соттошуп жаткандыгы бардык маалымат булактарында айтылып жүрөт.

Биздин үн эч жерде угулбады, президентке чейин кат аркылуу кайрылдык бирок жыйынтык чыккан жок.

Андан бери Э.Бегимкулов тарабынан гезит беттеринде Кашка-Суу элин акарат кылып көптөгөн макаларды берди. 2011-жылдын июнь айында Э.Бегимкулов Жалал-Абад шаарында маалымат жыйынын өткөрүп, даярдалган материал бир жактуу болуп ЭлТР каналы аркылуу берилди. Көрсөтүү эфирге чыккандан баштап, Кашка-Суу айылдык округунун кеңсесинде эки жүзгө чукул эл жолугуп, нааразылыгын айтып чыгышкан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү элди араң таркатышкан.

2011-жылдын июнь айынын аягында Кашка-Суу айылдык округунда ЭлТР каналынын журналисти Бейшенбек Бекешов келип, атайын репортаж даярдаган. Кашка-Суу эли Бейшенбек Бекешовго ишенген эле, бирок бул киши да Э.Бегимкуловдун чайын ичип, сатылган экен. Себеби, келгенин эчкимге айтпастан Э.Бегимкулов тарабынан даярдалган адамдардан интервью алып, андан кийин жергиликтүү жетекчилерге жолугуп материал даярдап кеткен.

2011-жылдын 24-июль күнү ЭлТР каналынан эфирге берилди. Кашка-Суу элинин үмүтү чоң эле, жок дегенде эки жактуу материл берет деп, биздин үнүбүздү толук жеткиспей дагы бир жактуу берилип, элдин кыжырын биротоло күчөтүп жиберди.

Эфирде 1998-жылы тартылып алынган азыр көзү өтүп кеткен маркумдардын сүйлөгөн сөздөрүн чагылдырган. Ошол кезде «Э.Бегимкулов сен бул жерди кийин биротоло менчиктештирип албайсынбы деп сураганда, жок биз бул жерди Алла үчүн жасадык, бул элдики, мен бул жерге эч кандай ээлик кылбайм», - деген сөздөрү болгон жерлерди көрсөткөн эмес дагы, жалаң мактаган жактарын көрсөткөн.

2011-жылдан бери Падыша-Ата мамлекеттик коругу жетекчилери жана Кашка-Суу айылдык округунун жетекчилери менен соттошуп, бийлик өкүлдөрүнүн баарысына кайрылды, бирок жыйынтык чыккан жок.

Эми Кашка-Суу эли чындык издеп таппагандан соң 2012-жылдын 24-сентябрь күнү саат 10:00дө Аксы Ала-Бука жолун тосууга мажбурбуз.

Биздин талаптарыбыз:

1. Падыша-Ата зыярат кылуучу жайы жеке инсанга узак мөөнөттөгү менчикке берилбесин.

2. Падыша-Ата зыярат кылуучу жайы «Арсалбап» ЖЧК менен болгон узак мөөнөттөгү ижара келишими мыйзамсыз деп табылып, төмөнкү иш кагаздар жокко чыгарылсын;

а) Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын 30.07.1997-жылдагы №412-Б буйругу,

б) Авлетим токой чарбасы менен болгон 49 жылдык ижара келишими,

в) Узак мөөнөттөгү 49 жылдык ижара келишимине укук берген мамлекеттик каттоо документи.

3. Эркин Бегимкулов, Самибин Стамов, Бейшембек Бекешовдор ушул маселеде бүткүл Кашка-Суу элин газета беттерине жана телевидения аркылуу жаманатты кылганы үчүн Кашка-Суу элине келип жооп беришсин.

4. Жалал-Абад облустук администрациясы, Жалал-Абад облустук прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Жогорку Кеңештин мыйзамдуулук, укук боюнча комитетине жана башка бийлик өкүлдөрүнө Кашка-Суу элинин берген кайрылуулары жоопсуз калгандыктан эл нааразы, тийиштүү жогорку бийлик түзүмдөрү жооп беришсин.

5. Ушул маселеде элдин талабы аткарылбастан Э.Бегимкуловдун жеке кызыкчылыгы үчүн чыгарып берген Жалал-Абад облустук жана райондор аралык сотторунун чечимдери жокко чыгарылсын.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×