Добавить статью
7:17, 25 октября 2012 66377

Ж.Сатыбалдиев Аксыга келип, бюджеттин акчасын негизсиз пайдаланып  кетти

Жакынкы күндөрдөгү маалымат каражатарынан КРнын примьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев «казына бош, бюджет тартыш болуп жатат ашыкча чыгымдарды азайтайлы, министрлер кызмат сапарларын азайтып тургула, айрым мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды токтотуп турбасак, акыбалыбыз оор» деп сүйлөдү эле.

Кызмат сапары менен Аксы районуна примьер-министр 24-октябрь келет дегенден бери, Мамлекеттик күзөт кызматынын (СГО) 100 кызматкери келип, эки күн ушул жерде жүрүштү, тартип сакчыларынын Аксы, Ала-Бука районунда жүрүшүнө мамлекеттин бюджетинен бир канча чыгым кетти. 24-октябрь саат 17-оогө келем деген примьер-министр келбей калып, Аксы районунун бардык мекеме, ишканаларынан келген адамдар күтүп турушуп кетишти. Эртеси келип жергиликтүү активдер менен жолугуп, бир чечкиндүү нерсеге жооп бере алган жок. Берилген суроолордун баарына карап көрөбүз, ойлонуп көрөбүз деп гана жооп берип, уйку сурап олтурду.

Элдердин арасынан бир суроо берилди: «Ѳзүңүз бюджет тартыш болуп жатат деп, анан ушунча адамды убара кылып жана канча чыгым кетирип жүрөсүз?» деп. Примьер-министр келсе дагы айтасыңар, келбесе дагы айтасыңар деп кутулду. Негизи мамлекеттин бюджетинин эсебинен келгенден кийин бир чечкиндүү бир көйгөдү чечип бериш керек эле да. Кайра айыл өкмөттүн кызматкерлерин сындап, иш жасабай жатат, коррупцияга батып калышкан деп айтты. Баарыбызга белгилүү айыл өкмөттүн кызматкерлери канчалык аянычтуу деңгээлде иштеп жатканын айлыктары аз жана дотацияда турушат.

Бир гана Жантөрө Сатыбалдиевди эки жүздөн ашык Мамлекеттик күзөт кызматынын (СГО) адамдары кайтарды жана элүүдөн ашык милиция кызматкерлери коомдук тартипти карашты. Ошол тартип сакчылары чек араны карап, мамалекеттин бүтүндүгүн караса болмок. Чек арабыздын кейпи баарыбызга белгилүү.

Акырында айтарым негизи жок эле жолугушууга Аксы району бойюнча бир канча адамды убара кылып, бюджеттин акчасын негизсиз пайдаланып кетти биздин примьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

19-07-2011
Жогорку Кенеш президентти шайласа, президент А.Акаев жана К.Бакиевдин кейпин кийип калышы мүмкүн
72091

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×