Добавить статью
4:27, 2 ноября 2012 12466

Келдибековдун тизгинин ким тартат?

Чиновниктер биринчи ирээтте элдин жыргалчылыгын ойлонуш керек дейт өткөндө бир аксакал. – Ээ, айланайын карыя, андай чиновникти Кыргызстандын кызыл китебине киргизиш керек. Андай адамдын атын айтсаңыз?- десек, карыя «кыялданганга да болбойбу» деп кутулуп кетти.

Тескерисинче, Кыргызстанда мындай кызматкер табылса, анда аны мээсинен айныган неме го дешет. Бизде ким көп уурдаса, ошонун тизесине бүгүлүп урмат кылат эмеспизби? Бирөөнүн тоогун уурдаса, чөнтөгүнө кол салып намыянын кымырып кетсе – ал ууру, андай немени бат эле соттоп жиберишет.

Ал эми мамлекеттин казынасынан (бюджеттен) миллиондогон сомдорду кулкунуна куюп ийгендерди эч ким соттобойт, ага сый-урмат көрсөтүшүп,өздөрүнүн маңдай тери менен тапкандарынан айрылган эл алар үчүн тикесинен тик туруп беришкенин көп эле көрдүк го? Кайран момун кыргыз! Чөнтөктүүлөрдүн садагасына качанга дейре жашаар экенбиз.

Кайсыл бир түшүнүктөр менен жашоого өттүк. Эгерде кылдаттык менен мамлекетти сызга отургузуп уурдап кетсе, демек ал бизди да үйрөтөт.

Жер бетегедей болгон Ахматбек жылдан жылга жалпы эл кабыл алган ченемдер менен эрежелерди уруп ойнобогонго көнүп бүттү. Парламент– бул мен! Ушундай принцип менен спикерлик кылды. Тартарды тайаке, бөдөнөнү бөлө, жеп ичкендерди жээн, баш жазгандарын бажа, калгандарын тага, кыскасы, тааныш, карым катышта болгондордун баарысын мамлекеттнн жылчыгы бар жерлерине текши кызматка койду. Акыры, эртеден кечке чабагандап жүрүп кайын атасын унутуп калыптыр... Аны спикердин кеңешчиси кылып тынды. Муну жалпы кыргыз эли билет. Эми спикерликтен кийин бактысына «Ата Журт» партиясы оппозиция болуп калган экен, дагы майлуу кызмат орду ЖКдагы экономика жана бюджет комитети энчисине тийди.

АХМАТБЕК жанындай көрөт… Эмнени дебейсизби? Албетте, – акчаны. Ким эле акчаны жаман көрсүн?

Биздин байкообузда ал мындай акчаларды кантип топтогон? Маңдай тери менен тапты дейсизби? Ким жөн жок жерден наркы 1 миллион доллар турган жер кепени белекке берет? Кайсыл кызматы үчүн? Же Кыргызстанды экиге бөлүп жарууга кошкон салымы үчүнбү? А балким Максимдин дагы бир заказын тымызын аткарып койгондур… Же, Камчыбек Ташиевди шыкактап, коллегаларына котур ташын көрсөттүбү, кандай болсо да факты деген факт. Кызыккан киши Келдибековдун хан сарайын оңой эле табат. Бирок, бул акчалар, төрт беш жердеги кыймылсыз мүлктөрүн ал кантип тапты экен?

«Ата Журт» партиясы парламенттик шайлоодо акчанын күчү менен алдыга чыкты. Бул. биринчи себеби. Экинчиси, бул жерде жердешчиликтин ролу жогору болду. Ошондуктан элде «бакиевчилер реванш» алышты деген сөз болду. Ага чычалаган Акмат Келдибеков «биз бакиевчи эмесбиз» дегенге чейин барды. А чындыгында - «ата журттун» аталыктары Акмат менен Камчы шайлоодо акчаны Максим Бакиевден эмес, Айдар Акаевден алгандыгын дагы бир «ата журтчу» Нариман Түлеев далилдеп берген. А бирок, ал болгону 500 миң гана доллар. Калганын кайдан табышты? Албетте, Максимден. Бул балага деле түшүнүктүү го.

Келдибеков каргашалуу «июнь окуясында» өзүн арстан сезип Ошто жүрдү. Себеп? Себеби өтө эле көп. Анын бири Максимдин заказы. Дагы бири Убактылуу бийликке атайын жасап чыгарган түштүктөгү улут аралык кагылыш. Үчүнчү күч дешет айрымдар. Эч кандай үчүнчү күч жок. Болгону Максимдин жашыл акчаларынын күчү менен элди тескери жолго салган Келдибековдордун сценарийи. Алдыга Ташиевди салып коюп ар качан тымпыйып чыга берген Акматбековдун амалы дайым оңунан чыгып келатат. Айлакер куу, митайымданган Акматбектин адамдары дайыма анын айтканын күтүшөт…

Спикер болуп тургандагы Келдибековдун интеллектуалдык деңгээлин жалпы кыргызстандыктар жакшы түшүнүп калышты го. Анын артында канча калбыры бар экенин текшерген орган жок. Бакиевдин учурунда өзүн арстан сезип жүргөн Акматбек, ал качканда Алайга барып мышык болуп жашынып калганын көргөндөр бар. Отунбаева баш болгон бийликтин жумшактыгынан улам буга окшогон чөөлөр кадимки айбатына келип, эми Атамбаевдин учурунда өзүн кайрадан арстан сезип турушат. Бакиевдин куйруктарынан куралган «Ата-Журт» партиясынын лидерлери «өктөбүр төңкөрүшүн» ишке ашыра албай бири Ак үйдүн тосмосунан секирип, бири тосмонун алдынан сойлоп кирип, акыры УМККнын жер төлөсүндөгү эс алдыруучу жайга барып эстерине келишкенден кийин Келдибеков таштай болгон Ташиевдин жоругун «майда хулиганчылык» десек болот деген соттун чечимин чыгарып жатканы, бу адамдын акчадан башка эч нерсени көрбөй, юридикалык билимден куру жалак калганын дагы бир жолу тастыктады.

Эми болсо элди кайра митингке чыкканга үндөп жатыры. Камчыбек жокто аны ким угат? Садыр жокто аны ким колдойт? Калп эле күпүлдөмүш болгону менен анын «Ата журттун» ичиндеги салмагы канчалык? Болгону оюна жараша бою бар Акматбектин саясый салмагы бар болгону кебетесине жараша. «Түсү ийгиден түңүлбө» дейт кыргыз эли. Анын сыңары, түңүлбөйлү деп түс үйүрсөк, Келдибеков «төөчө сийип» тескери иштерди, бөлүп жармай, кутумдук иштердин жасоонун чебери экендигин көрсөтүп ийип жатпайбы. Не кылабыз? Кудай алдында,Мыйзам алдында бардык пенделер бирдей дешет го. Анда неге Келдибековдой эл бузарларга чара көрүлбөйт. Же, Жогорку Кеңеш, кыргыз элинин бейкуттугун бузгандар үчүн атайын мыйзам кабыл алыш керекпи?

Кептин ачыгы, Кыргызстандын коопсуздугуна шек келтирип, бүтүн элди бүлдүрүп, инвесторлорду качыргандарды жазалоо үчүн атайын МЫЙЗАМ жазылышы учур талапбын айланып баратат окшойт.
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

07-12-2012
Садыр Жапаровдун ишмердуулугу жонундо
25000

25-11-2012
Ит үрө берет, кербен жүрө берет
6291

25-11-2012

Ач айкырык, куу сүрөөн

22108

19-11-2012
А.Келдибековго А.Сулайманов эмне карыз? 
7752

19-11-2012
Сырткы жана ички саясий күчтөрдүн курмандыгына ким байланды?
11159

08-11-2012
Кыргызстанды кимдер чайпалтат?
11608

08-11-2012
«Кумтөр», Ташиев, Жапаров, Мамытов
9045

08-11-2012
Өрдөк жокто чулдук бий
16642

25-10-2012
Кыргыз укук коргоочулары гранттык каражаттарды кантип уурдап жатышат?
20018

24-10-2012
АКШнын батасын, Бакиевдердин буйругун алып келген ким?
16843

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×