Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы (УКМК) тарабынан Дубайда бөгүп жаткан жеринен колго түшүрүлүп, 8-декабрда мекенине кайтарылган «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевди «Манас» аэропортунан ЖоКедеги 5-6 депутат тосуп алууга ниеттенгени туурасында каңшаар желдей тарады. Ошол күнү KG номурундагы 5-6 «Жип» Көлбаев келчү тарапта токтоп туруптур.
Мындан бир жыл мурда, тактап айтканда, ал кездеги спикер Акматбек Келдибеков жаңы жылды криминал менен чогуу тосту деген киненин негизинде төрагалыктан «учканы» белгилүү. Андан бери деле экөөнүн карым-катнашы уланган чыгаар. Балким, ошол депутаттардын арасында Келдибеков дагы бардыр? Анткени, урматтуу «досун» кучак жая тосуп алганга жарабаса, анда достуктун кереги эмне?
Баса, «Манаста» байкоочу камералар иштегендиктен, депутаттардын унаалары видеого түшүп калгандыр. Андыктан, Камчыны тосуп алган депутаттардын жүзүн ашкерелеген тасма интернет булактарына жарыяланып кетсе таң калбай эле койгонубуз оң.