Добавить статью
3:57, 21 декабря 2012 29276

Кыргыз интеллигенциясынын азыркы абалы

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын кайрылуусуна үн кошуу

Терең уйкудагы кыргыз интеллигенциясы жөнүндө

Дегеле, коомдун өнүгүшү, анын кайда баратканы, Кыргызстандын, анын ичинде урпактардын келечеги, эгемендүүлүктүн түбөлүктүүлүгү ж.б.у.с. жөнүндө ой жүгүртүүдө биздин интеллигенция абдан алсыз болуп жаткандай сезилет.

Кандай маселе болбосун, коомдун күзгүсү болгон илимдүү, билимдүү интеллигенция өкүлдөрү күйүп-бышып, ой бөлүшүп, анан калса, коомго аралашып, тилдин тагдырыбы, элдин тагдырыбы жөн жатпастан үн кошуп, аракеттерди жасоосу керек эле.

Тилекке каршы андай эмес.

Кыргыз интеллигенциясы терең уйкуда жатат. Кыргыз элинин, кыргыз тилинин аброюна шек келтирген макалалар жазылбасын, же кеп болбосун, бир да билимдүү, маданияттуу адамдарыбыз козголуп койбойт. Негедир башкалар жөнүндө айтып жаткандай түр көрсөтүшөт. Андай болбосо, интеллигенция өкүлдөрү тил безерлерди, улут безерлерди ордуна коюп койбойт беле! Мына ошондуктан кыргыз интеллигенциясы абдан начар жана алсыз деп айтууга туура келет.

Анда эмне, кыргыз интеллигенциясы сабатсызбы?

Кыргыз интеллигенциясынын негизги катмары өзүлөрү, же алардын бала-бакырасы кыргызча билбейт. Көр оокаттын айынан, жеп жаткан нанынан өзүм, же бала-чакам ажырап калбасын деген айласыздыктан, мамлекеттик тил маселесин колдобойт.

Мамлекеттик тилди да, расмий тилди да, чет тилдерди да билген адистер четте калып келет.

Ал эми кыргыз интеллигенциясы эч нерсеге реакция жасай албаганын билгендер кыргыз тили жөнүндө оозуна келгенди оттоп келатат да, оюна келгенди жасап келатат.

Чындыгында, чет мамлекеттен келген коноктор Кыргызстанда кыргыз тилинде иш жүргүзүлбөгөнүн көрүп, боору ооруп, шылдыңдап кетишет. Кыргыздар Россиянын колониясынан чыга алышпай, кулчулук сезиминен арыла албай жатышыптыр деп айтышат (мурдагы СССРдин курамындагы 15 республиканы чет мамлекетте Россиянын колониясы болгон деп түшүнөт).

Мына ошол орусчаны кыйраткан интеллигенция – кулчулук сезимдеги интеллигенция болуп жатпайбы? Аларда ар намыс деген жок болгондуктан, кыргызча жазалы дегенди, алар «Сенин атаң Дөнөнбай» дегендей кабыл алышат!? Ошондуктан кыргызча иш жүргүзөлү дегенди атып салганга да даяр болуп атышпайбы!!!

Анан эмнени айтуу керек дагы, эмне жөнүндө сөз кылуу керек!?

Айталы, чет мамлекетке барганда орус тили эмес, англис тили талап кылынат. Муну баарыбыз билебиз. Ооба, мурда СССР мезгилинде кыргыздар жана башка 15 республиканын эли Россиянын уруксаты менен сыртка чыкканда, орус тили көпүрөнүн милдетин аткарган, бул туура. Бирок ал мезгил өттү да.

Өмүр бою Кыргызстанда жашап, өмүр кечире тургандар өз тилинде дүйнөнүн бардык өнүгүүлөрүнөн кабардар болуп, татыктуу өмүр сүрүшү керек эмеспи.

Маселени чечүү үчүн мындан ары кыргыз тилин жакшы билген, кыргызча мыйзам, токтом жаза ала тургандарды мамлекеттик кызматтарга көбүрөөк алуу керек. Кыргыз тилинен англис, немис, кытай, орус ж.б. тилдерге которо ала турган адистерге артыкчылык берилиши керек. Кыргызча жаза баштайбыз деп ынтылып барып, отуруп калбаш керек.

Убагында кыргыздын залкар жазуучусу Ч.Айтматов «көркөм өнөрлөрүнүн ичинен (музыка, бий, сүрөт ж.б.) адабият саясатташып кетет экен» экен деп айтканы бар. Тил маселесинин саясатташып кетип жатканы да мыйзам ченемдүү. Ошондуктан тил саясатын тынчтыкта жүргүзө берүү керек.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

04-09-2013
Ничке-Сайдын окуучулары заманбап мектептен билим алууга акысызбы?
40495

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×