Добавить статью
6:09, 9 января 2013 79579

Падыша-Ата күмбөзүнүн чыры боюнча сот отуруму Жогорку сотто 10-январда болот

Аксы ройонунун Кашка-Суу айыл өкмөтү Кыргызстанга эле эмес Орто Азияга аты чыккан Падыша-Ата мазары бар. Бул мазар тарыхта IX кылымдан бери белгилүү. Азыркы күндө элди алдоо жолу менен «Арстанбап» жоопкерчилиги чектелген коомунун менчигине айланган. Бул жерди «Арстанбап» ЖЧКсына 1997-жылы туруктуу пайдаланууга менчиктин бир түрү көп жылдык мөөнөткө ижарага алган. Мамлекеттик каттоо акты, күбөлүгү №000318.

Жалпы кыргыз эли зыярат кылган тарыхый мурастын жеке менчикке өтүп кетишин келечек муун урпактары жана тарых кечирбейт.

Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык менчик» мыйзамынын 3-беренесинин 10-пунктунда «Жергигилктүү маанидеги тарыхый жана маданият эстеликтери», 6-беренесинин 2-пунктунда «Менчик маданий же тарыхый мааниге ээ болгондо же башка коомдук пайдалуу максаттарда пайдаланылган учурда» маданий жана тарыхый жайлар Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын менчиги болуп саналат деп, так жана данаа кыргыз тилинде да, орус тилинде да жазылган. Бул мыйзамдарды бүгүнкү күндө «Арстанбап» ЖЧКсы сактабай жатат.

СССРдин убагында коммунисттик идеологиянын күчөп турган убагында мазар каралбай келген. Кыргыз эли эгемендик алып, өзүнүн өткөн тарыхына, тарыхый жайларына көңүл бөлө баштаган.

Бир гана Аксы элинин гана эмес, бүткүл Кыргыз элинин тарыхый мурасы болуп эсептелген Падыша-Ата мазарына да кызыгуулар артып аны оңдоп реконструкциялоого аздыр-көптүр сунуштар түшө баштаган. Ошол кезде Жалал-Абад областтык финансы бөлүмүн жетектеп турган Эркин Бегимкулов бул жайга кызыга баштайт. Ал Кашка-Суу элине келип колдон келип турганда соопчулук үчүн Алланын жолу үчүн бул жайды оңдоп берем, деп эл менен макулдашат. Ал ишти баштаганда жалпы Эл карап турбастан, марафон болуп, каражат жагынан таппаганы кара күчү менен жардам берген. Аксы районунун бардык мекеме иш каналарынын кызматкерлери тартылган.

Э.Бегимкулов мазарды оңдоого көп грант акча чет мамлекеттен бөлүнөөрүн жана имарат курууга архитектуралык уруксат берүүчү документтти (АПЗ) жеке адамдын менчигинде болсо гана берээрин айтып айыл аксакалдарына билдирип, бирок чыныгы турмушта эч качан менчиктештирбейм, ал силердики боюнча калат деп элди ишендирип, алдаган. Ал эми архитектуралык АПЗ документин Э.Бегимкуловго коррупциялык жол менен 2005-жылы Аксы райондук архитектурасы жасап берген.

Ушул убака чейин Жалал-Абад райондук соту үч жолу, областтык сот эки жолу карап, тилекке каршы Э.Бегимкулов жана ал жетектеген ЖЧК «Арстанбап» Жалал-Абад шаарында жашап жайгашкандыктанбы: кантсе да жакын жерде төмөндөгү судьялар А.Айжигитов, Т.Насырова, Шерматов, Э.Чаканов өңдүү судьялар жолугушуп сүйлөшүп алабы эл тарапты катыштырып, катыштырбай кыскасы туура эмес чечимдерин чыгарышты Кашка-Суу элинин талабы боюнча жеке Э.Бегимкуловдун жеке кызыкчылыгын көздөгөн чечимдерди чыгарышып келүүдө.

Сотко катышуу үчүн Бишкек шаарына 7-январь күнү Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Айдаралиев Медетбек Курбанбаевич, Кашка-Суу айылдык округунун башчысы Керимкулов Улугбек Нурматбекович, Кашка-Суу айылдык кеңешинин төрагасы Давлетов Аскарбек жана башка элдик өкүлдөр жөнөп кетишти.

Кашка-Суу айылдык округунун 9000ден ашуун элинин Жогорку соттон үмүтү чоң, эл тарапка чечим чыгарып берет деп, эгерде 2013-жылдын 10-январь күнү жогорку сотто да, Падыша-Ата күмбөзү дагы Э.Бегимкулов жана ал жетектеген ЖЧК «Арстанбап» тарабына чечим чыгарылса анда Кашка-Суу айылдык округунун эли ар түрдүү нааразылык акцияларга барабыз. Ошондо да бийлик биздин үнүбүздү укбай бир чара көрбөсө, айласыздан Аксы жана Ала-Бука райондорунун авто унаа жолун тосууга мажбурбус.

Бул маселе боюнча өлкө башчысына, Жогорку Кеңешке жана башка тиешелүү бийлик өкүлдөрүнө кат аркылуу кайрылдык бирок, жооп келген жок. Бул коркутуу эмес, эскертүү башка аргабыз калбады.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×