Добавить статью
9:19, 16 января 2013 26964

Кыргыз деп келгем дүйнөгө, кыргыз деп өтөм дүйнөдөн

Урматтуу калайык калкым, жумурай журтум!

Ансыз да там-туң баскан баладай болуп, бутуна тура албай жаткан эне тилибизге көлөкө түшүп, кара булут каптаганы турат. Эмне 7-каналдын АКШ бере турган 5-10 миң долларына күнү түшүп, бечара болуп калдыбы? Эмне Алтынбек мырза кыргыз элинин кызыкчылыгын, кыргызды кыргыз кылып келе жаткан эне тилин, арзыбаган тыйынга сатканы турабы, же үч соттук инстанцияда күнөөлүү деп табылган К.Батыров менен табакташпы? Мындан 60 жыл мурун орусташуу саясаты туу чокуга жеткен учурда деле, ошол кездеги мекенчил акын жазуучуларыбыз коркпой, үркпөй эле өз ойлорун билдирип келишкен.

Айтсак, алп акын А.Осмонов: Бирге жүрөм эне тилим кадырлайм,

Бул тил менен иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм.

Башка тилди жандай жакшы көрсөм да,

Эне тилим сүйгөнүмдөн жаңылбайм десе,

Б.Сарногоев: Улутчул дешет билбеген, Улутун кимдер сүйбөгөн.

Кыргыз деп келгем дүйнөгө, Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн.

Ошондой эле К.Бобулов: Эне тил барда мен бармын,

Эне тил менен Камбармын.

Ал эми Темиркул Үмөталиев атабыз бизге осуят катары калтырып кеткен төмөнкү керемет саптары, биз үчүн өзгөчө 7-каналдын жетекчиси Алтынбек мырзага окшогон чыгаан журналистерибиздин жатка айтчу жадыбалы болуш керек.

Кыргыз тилим, өзүм сүйлөп үйрөнгөн. Абалтадан ата бабам сүйлөгөн.

Сен бар кезде, мен тирүүмүн, мен бармын.

Сен жоголсоң мен жоголом дүйнөдөн.

Эч бир жерде мен кыргызмын дебесин, Ойлоп сенин тагдырыңа күйбөгөн.

Акырында айтарым мен мекенчилмин, кыргыз үчүн, кыргыздын тили үчүн башымды байлайм деген атуулдарыбыздын ички сезимдеринин кылдарын чертүү максатында, жогорудагы ыр саптарын окурмандарыбызга тартуулоо менен ойгон Кыргыз! Ойлон Кыргыз! деген нотада сиздерге кайрылам жана колдоо күтөм.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

04-02-2013
Т.Бакир уулу кыздарга «хиджаб» кийгизгенге неге кызыкдар?
40030

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×