Токсонго чукул эр азаматты кийик аткандай аттыртып, жүздөгөн адамды оор жаракатка тушуктуруп коюп, Минскиге кире качкан экс-президент Курманбек Бакиевдин сүймөнчүк кадры Тажикан Калимбетова апрель революциясынан кийин ың-жынсыз жоголуп кеткен. Калимбетованы Бакиевдин сүймөнчүк кадры дегенибизге жүйөө жетиштүү. Себеби, ал экономика министрлигиндеги башкармалыктын жетекчилигинен дароо финансы министринин орунбасарлыгына, кийинчерээк финансы министри, социалдык фонддун төрайымы, вице-премьер-министрликке секирик жасаганын билебиз. Анын карьералык өсүшүнө КурСалиевич менен болгон «өзгөчө мамилеси» себепкер болгон дешет.
Соңку үч жылдан бери Москвадагы бизнесин гүлдөтүп жүргөн Борбугулдун кызы Тажикан мекенине кайтып келди. Келери менен үлкөн креслого көчүк басуу ышкысы ойгонуп, ортого таасирдүү кишилерди сала баштаганын эшиттик. Бул айымдын мындай аракетинен майнап чыгары арсар. Анткени, анын Бакиевдин оң колу болуп жүргөнү жамы журтка дайын. Анан КурСалиевичтин «жасоолу» эч нерсе болбогондон бетер жооптуу кызматка дайындалып калса эл тескери кабыл албайбы?