Добавить статью
10:58, 19 марта 2013 25769

Жумгал районунда аз күндө жол каттамы коктойт (фото)

Нарын облусунун Жумгал районунун жолдору жарактан чыгып бүттү, акыркы жылдын ичинде тийиштүү деңгээлде капиталдык ремонттон өткөрүлбөй, совет доорунда курулуп ишке берилген жолдор бир жылдын ичинде оор жүк тарткан унаалардын айынан талкаланып, асфальт жолдор омкорулуп чөгүп унаалар тыгылып келет.

Жумгал району боюнча 13 айыл өкмөтү болсо, анын айрымдарында асфальт жол жокко эсе, буга чейин белгилүү болгондой, райондун Көк-Ой, Кызыл-Жылдыз айылдарында жолдор кыйрап келген болсо эми Кызарт, Куйручук, Баш-Кууганды, Байзак айыл өкмөттөрүндөгү борбордук асфальт жолдор кадимкидей жарылып, омкорулуп чөгүп баштады. Бул жагдайды жөнгө салалбай райондук жол тейлөө ишканасы жолдорду оңдоого маралдык жактан жетишпей келет.

Жол тейлөө ишканасы маалымдагандай алардын жетиштүү техникалары ошондой эле жол оңдоого каражаттары жок болуп Транспорт министрлигине кат жолдошконун айтышса, ал эми айыл тургуну Т.Медербеков: - «кыш мезгилинде мынча сандагы жүк тарткан унаалар каттаган эмес, азыр жер жумшарып көк чыгаарда араң турган жолубузду ого терин омкоруп жеңил унаа эмес жөө басалбай калдык, Транспорт министри көзөмөлдүк кылбай ушундай жагдайларда каражаттан каралашпай эмне иш менен алек экенин билбейсиң, эми биз күч колдонуп эле унааларды токтотуп, жол тейлөө ишканасын коколобосок жолубузду ойлогон бир жан жок» - деди ал.

Эми айлабыз кетип жол тосууга барбасак бизди тоготпогон өкмөттөн эмне пайда, жогорку бийлике же үнүбүз жетпесе элдин убал сообуна калып райондун жол тейлөө ишканасы бир эле айылдын омкорулган асфальт жолун түзөөгө чамасы келбей жатат анан кайдагы каражат деп кошумчалашат айылдын тургундары.

FILE0031

FILE0071 

FILE0113

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×