Добавить статью
6:55, 1 апреля 2013 26068

Мамдирекция курган көп кабаттуу үйлөрдүн бөлүнүшүнө нааразы болгондор чыгууда

Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция тарабынан курулган акыркы үйлөрдү бөлүштүрүү боюнча комиссия өкмөттүн токтомун бурмалап, май, июнь окуясында жабыр тарткандар үй албай, андан мурун же кийин жабыр тарткандар үйлүү болуп калышты. Мындай арыз менен Ооган согушунун ардагери Акылбек Султанбаев Жалал-Абад шаардык сотуна кайрылганын аймактык кабарчы Орозалы Карасартов билдирди.

А.Султанбаевдин айтымында, комиссиянын курамына облустук бийликте, мэрияда иштеген жетекчилер кирген. Алар үч эм төрөгөн энелерге да токтомдогу талаптардан сырткары үй берип жиберишкен. Бул боюнча Жалал-Абад шаардык турак жай башкаруу комиссиясы тарабынан каралган 2012-жылдын 29-декабрындагы №14 протоколун жараксыз деп таап, жокко чыгаруу тууралуу Жалал-Абад шаардык сотуна кайрылган.

«Мен шаардын тургунумун. Эл менен баарлашып турам. Мисалы, июнь окуясында мародерлук кылып, бирөөнүн үйүн тоногону үчүн аткан адам баатыр болуп батир менен сыйланып жатат. Аларды менин досторум, туугандарым айтып жатат. Коррупцияга каршы өкмөттүк эмес уюмдар менен барып текшергенбиз. Областтык ички иштер башкармалыгына кол салууга аракет кылып, бирок октон каза болгондорго 1 млн сом акча да, үй да алышты. Мисалы, Жалал-Абад шаардык турак жай башкаруу комиссиясы тарабынан каралган 2012-жылдын 29-декабрындагы №14 протоколу менен Шерматов Абдыжапар Орунбаевичке үй берү ү тууралуу чечим кабыл алынган. Мен ал чечимге макул эмесмин. Бир тараптуу негизсиз каралгандыктан төмөнкү жагдайлар менен жараксыз деп таап, жокко чыгарылууга жатат», - деди ал.

Биринчиден, Жалал-Абад шаардык турак жай комиссиясы менин өздүк турак жай алыш үчүн делодогу документтерине маани берилген эмес. Ошонун негизинде Жалал-Абад облусунда 2012-жылы 4-майындагы №275 токтомунун негизиндеги КРнын жарандарына турак жай берүү жоболору бузулган. Коррупцияга каршы элдик көзөмөл уюмунун инспекторлору 24 жарандын документтери №275 Өкмөттүн токтомуна туура келбеген мыйзам бузуулар бар экендигин иликтеп чыгып, бул маалыматты газетадан, телевиденияден көрүп, бүгүн райондук шаардык мамалекеттик комиссиясынын мүчөлөрүнө ишеним кеткендиги билинген. Экинчиден, медициналык МСЭК мамлекеттик каттоодогу турак жай бар же жок деген тактама, архитектурадагы турак жай салууга жер участогу бар же жок деген тактама, айыл округунан турак жай жер участогу бар же жок деген тактама тапшырыш керек болчу. Жалал- Абад шаардык турак жай комиссиясы тарабынан туура к өң үл бөлүнгөн эмес. Үчүнчүдн, 2012-жылы 4-май №275 Өкмөттүн токтому чыккандан кийин 3- группадагы майыпка турак жай берилет дегенден кийин майыптык группа алуучулар көбөй үп кеткен. МСЭК медициналык тактама бир жылга берилет. Эмне үчүн чыпалагына таш тийсе өзд өр ү качам деп маршруткага башы тийип жеңил жарадар болсо, акча менен сатып алса, кайсыл негизде врачтар судмед экспертиза медициналык тактама беришет. Биздин ушул амалкөй турак жай алуучулар менен берүүчүлөрд үн ортосундагы ортомчулар ортого т үш үп акча берип областтык жана шаардык райондук жетекчилерге кызмат кылган атуулдар бар экендиги шектелген. Булар комиссия тарабынан эске алынган эмес.

Төртүнчүдөн, менин 1991-жылдан бери турак жай алуу үчүн кезекте тургандыгымды билип туруп турак жай комиссиясы баалаган жок. Кезеги жок жогоруда берилген Шерматовго турак жай бер үчүн добушун беришкен. Мен баштан бери кезекте тургандыгым жөнүндө арызым да тиркелген тактама далилдейт. Ал эми Шерматовдун кезекте тургандыгы туралуу эч кандай тактамасы болгон эмес. Ал эми Жалал-Абад шаардык Ооган согушунун ардагерлеринин катышуучуларынын менин үйг ө муктаж болгонумду эске алышып, “мага үй берилсин” деп бир добуштан колдошуп, сунуштаганын турак жай комиссиясы эске алышкан жок.

Мен азыр акча т өлөп жашаймын. Үй-бүлөм менен бирге турам. Өзүм оорукчанмын. Үй-бүлөмдү эптеп зорго багып жүр өм. Өзүм Ооган согушунун ардагеримин. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын ЖПК -132-133 ст. негизинде соттон Жалал-Абад шаардык турак жай башкаруу комиссиясы тарабынан каралган 2012- жылдын 29-декабрындагы №14 протоколун жараксыз деп таап, жокко чыгарып берүүсүн суранып жатам, деди Акылбек Султанбаев.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×