Добавить статью
10:46, 14 мая 2013 138517

Жалал-Абадда КР өкмөтүнүн №134 токтому ишке ашпай жатканына нааразы болушууда

Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 14-майында Убактылуу өкмөттү колдоп, бакиевчилерди Жалал-Абад облустук бийликтин имаратынан кууп чыгуу учурундагы кандуу кагылышууда 2 адам октон каза болуп, 32 адамга ок тийип, 33 адам жаракат алган. Алардын ичинен 14 адамга мамлекет тарабынан Бишкек жана Жалал-Абад шаарларынан бекер батирлер берилген.

Ошол кандуу окуянын жабырлануучулары өкмөттүн 2013-жылдын 14-мартындагы «Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан колдоо үчүн атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тартибин жөнүндө жобону бекитүү туралуу» №134 токтому ишке ашпай жатканына нааразы болуп жатышат. Бул боюнча аталган мамлекеттик комиссиянын тең төрагалары Фарид Ниязов менен Эмил Каптагаевге бир нече жолу арыздар жиберилген. «Айрымдары өздөрү да нааразылыктарын билдирип, алардын кабыл алуусунда болушкан. Бирок, мындан эч кандай натыйжа чыкпай жаткандыгы өтө кейиштүү болуп жатат», - дешет жабырлануучулар.

«Мына ушул токтомдун 20-пунктунун негизинде Талас жана Нарын шаарларындагы окуяларда жабыркагандарга турак жай сатып алуу үчүн Мамлекеттик комиссия акча каражатын бөлүп бериптир. Бирок, Жалал-Абад шаарында жабыр тарткандарды карабай коюшкан. Бул жерде жалал-абаддыктар өгөйлөнүп калууда. Токтом баарына бирдей иштеши керек да», - дейт «Апрель элим Кыргызстан» коомдук бирикмесинин облустагы бөлүмүнүн жетекчиси Нурбай Орозов.

Маалымат иретинде тактап кете турган болсок, 2010-жылдын 13-майында кечки саат 17:00дө Жалал-Абад облустук бийликтин имаратын жана 19:00дөр чамасында Жалал-Абад телерадио компаниясын К.Бакиевдин талапкерлери басып алышып, алар түз эфирден ошол күнү К.Бакиевдин Тейит айылында сүйлөгөн сөздөрүн беришип, элди козутуп, митингге чакырышкан. Эртеси күнү 14-майда эртең менен жана түштөн кийин 15:00дөн 17:00гө чейин Убактылуу өкмөттү колдогондор менен бакиевчилердин ортосунда кагылышуу болгон. Түштөн кийинки окуяда бакиевчилердин көзгө атарлары элге карата ок атып, андан бир нечесине ок тийип, качабыз дегендер денелеринен ар кандай жаракат алышкан. Ал күнү облустук ооруканага Бакиеди колдоп чыккандар да жаракат алып түшүшкөн. Ошол учурда кимиси чындап Убактылуу өкмөттү колдоп, кимиси Бакиевди колдоп чыкканын укук коргоо органдары дыкат текшербегендиктен улам, жеңилдиктер бакиевчилерге көбүрөөк берилип жаткандыгы боюнча эл арасында ар кандай түшүнбөстүктөр көп айтылып жүрөт.

«Бирок, ошол күнү облустук бийлик менен ЖТРди басып алууларды уюштурган мамлекеттик кызматкерлер менен журналисттер азыр облустук жооптуу кызматтарда жана мамлекеттик гезиттерде иштеп жатышат. Ал эми анда Убактылуу өкмөттү колдоп бакиевчилерден жабыркагандар мамлекеттин көңүл борборунан алыстап калды», - дешет жабырлануучулар.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×