Добавить статью
5:15, 3 июня 2013 75025

Аксы районундагы Элдик толкундоо тууралуу

2013-жылдын 1-июнь күнү Аксы районунда бир жарым миӊден ашуун элдин катышуусунда нааразылык акция болуп өттү. Акцияга чыккан элдин негизги максаты - Ыссык-Көл областында элдин талабын колдоо жана Ата-Журт партиясынын депутаттарын камактан бошотуу.

Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун жашоочуларынын «Кумтөр» алтын кени тууралуу нааразылык акциясынын катышуучулары менен күч түзүмдөрүнүн ортосундагы болуп өткөн келишпестиктен улам, Жалал-Абад областынын Жалал-Абад шаарынын элдери Ысык-Көл областынын жашоочуларынын талабын жана камакта жаткан кыргыздын патриот уулдары «Ата Журт» саясий партиясынын үч депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовдун бошотулушун талап кылып, областык мамлекеттик администрациянын алдында нааразылык акциясын өткөрүшүп ошондой эле элдик бийлик орнотушкан.

31-май күнү кечке райондун булуӊ бурчтарынан элдер Кербен шаарына келип, 1-июнь эрте мененки саат 08:00дөр чамасында нааразылык акция өткөрүүнү максат кылышкан. Бирок, эрте менен акциянын уюштуруучуларына өтө үрөйдү учурган кабар келди. Аксы районун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими Айдаралиев Медетбек Курбанбаевич өзүнүн партиялаштарын жана урук-туугандарын акимчиликтин алдына чакырып, мени Саруу уруусунун өкүлдөрү кызматтан алууга аракет жасап жатат деп, элүүдөн ашуун адамдарды чогултуп алган. Эскерте кетсем, Аксы районунунда чоӊ эки уруулук бөлүк жашайт, Багыш жана Саруу болуп. Эскерте кетсем аким Багыш уруусунун болот.

Эске сала кетсем, Аксы районун акими М.К.Айдаралиев ушул жылдын апрель айында уулунун кылмышка шектүү деп милиция кызматкерлери тарабынан убактылуу кармоочу жайга кармалгандан кийин, ал кызматтан четтетилип, кайра 31-май күнкү өлкөдөгү саясий кырдаалдан кийин шашылыш түрдө пример-министринин жарлыгы чыгып, кайра кызматка келген.

Акциянын уюштуруучулары элдин экиге бөлүнүп, чабышып кетүүсүнөн кооптонуп, администрациянын алдына элди алып келген эмес. Бир канча чагымчыл иштер болуп бирок, тынчтыкты сактап калууга жетишкен. Ошол эле учурда райондун мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери акцияга чыккан элдин алдына келген эмес жана талабын уккан эмес.

Акыры түштөн кийин УКМКнын Аксы райондогу бөлүмүнүн башчысы райондогу тынчтыкты жана туруктуулукту сактап калуу максатында ортого түшүп, райондук соттун жыйындар залында аким менен акциянын уюштуруучуларынын өкүлдөрүнүн ортосунда саат 14:00дө сүйлөшүүгө чакырды. Жолугушууга аким М.Айдаралиев өзүнүн биринчи орун басары, Аксы РИИБнин жетекчиси А.Керимбеков менен, акциянын уюштуруучусу Жанарбек Надырбеков өзүнүн шериктери менен келген. Жолугушуунун жүрүшүндө акимдин жасап жаткан иши туура эмес экендигин, элдин талабы башка экендигин айтып, эгер ушундай элди экиге бөлүүлөр улана берсе кызматтан кетүүсүн талап кылган. Бирок, сүйлөшүүнүн жыйынтыгында 11-июнь күнү Аксы районунун жергиликтүү кеӊештеринин кошмо жыйынын кезексиз сессиясын чакырып, бир жылдык аткарган иштери боюнча отчет берип, эгер депутаттар отчетун жактырып, ишеним көрсөтсө кызматта каларын, эгер ишеним көрсөтпөсө өзү арыз жазып, кызматтан кетем деп сөз берген.

Жолугушуудан кийин акциянын уюштуруучулары элдерди таркатып, райондо туруктуулукту сактап калышты.

Акырында айтарым, 1994-жылы Африканын Уганда мамлекетинде элдер «Тутси» жана «Хуто» деген эки урууга бөлүнүп, бири-бири менен согушуп бир миллиондон ашуун адам кырылган. Бул кыргынга мамлекеттин башына келген жетекчилердин акмактыгынан жана элдин келечегинен өзүнүн креслосун өйдө койгондугунан, ошондой эле элди регион жана эки урууга бөлүп, саясат жүргүзгөндүгүнөн улам бир улут, геноцид болуп кырылып жок болуп кетүү коркунучуна келген.

Кыргызстандын бийлик башчылары өзүӊүздөрдүн креслоӊорду сактап калуу жана жеке кызыкчылыкты көздөгөн лидер болумуштар, элди экиге бөлүп саясат жүргүзүүнү токтоткула эмесе, Кудай сактасын Африка мамлекеттериндеги акыбал бизде кайталынышын мен каалабайм.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×