Добавить статью
10:14, 12 июля 2013 20032

«Атажуртчу» үч депутат өздөрүн коргош үчүн элдин мээсин айлантып, актанып жаткан кези

«Уурусу күчтүү болсо, ээсин да доого жыгат, соттордун да эбин табат»

Көптөгөн жылдар бою мамлекеттин, элдин кызыкчылыктарын коргоп, менчиктин баардык түрлөрүн талап-тоноодон сактап, коомдун жана жарандардын кызыкчылыктарын биринчи орунга коюп, куну-туну мыйзамдын сакталышын көзөмөлдөп иштеген адам катары акыркы мамлекетибизде болуп жаткан окуяларды ойлоп калем кармаганга мажбур болдум.

Бүгүн түшүнгөнү да түшүнбөгөнү да Бишкек шаардык сотунун, өздөрүнүн жумушчу орундарына эл катары эшик аркылуу эмес, артынан бир короо элди ээрчитип, куралчан тосмодон секирип кирген эргул депутаттарыбызды актаган өкүмүн туш-туш жакта талкуулап, оозуна келгенди оттоп жатышкан мезгил. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары С.Жапаров, К.Ташиев жана Т.Мамытовдор болсо кыргыз жергесин бүтүндөй кыдырып, өздөрүн коргош үчүн элдин мээсин айлантып, калп-чынды аралаштырып актанып жаткан кези.

Ээй, айланайындар, элдин баары алардын сүйлөгөн сөздөрүн, үндөгөн чакырыгын өз кулактары менен угуп, жасаган жосунсуз жоруктарын өз көздөрү менен көрүп жаткан нерсени кантип танышат. Мейли, алар өз жандарын сакташ үчүн акты кара деп, баардык ыплас нерселерге барышы мүмкүн. Бирок ишти караган соттордун бир заматта «дүлөй» жана «сокур» болуп калышын кандай түшүнсө болот. Тергөөдө топтолгон далилдерди эске албай, аларды четке кагып, ой келди актоо өкүмүн бат эле токуй койгондору эмнеси. Угушумча, алар жаңыдан эле Сотторду тандоо кеңеши деген «чоң электен» өтүп, Президенттин батасын алып келген соттор экен. Эмне үчүн ушундай болуп калды. Же сот залында сүрөөчү катары отурган соттолуучулардын жакындарынын судья жана прокурорлорго багытталган коркутуулар, ыргытылган бөтөлкө, кепичтери себеп болдубу? Анда эмне үчүн соттук коллегия сот залында тартипти камсыздап, тартип бузгандарды жазалап туруп сотту улантышкан жок. Эмне үчүн ошол күнү өздөрү кабыл алган биричи чечимди аткарбай туруп шашылыш түрдө өкүм чыгара коюшту? Же чын эле эл айткан 300 миң шайтандын акчасы ниеттерин бузуп койдубу? Айтор көптөгөн суроолор мени түйшөлтөт.

Мен орчунду маселелерге токтоло кетсем.

Биринчиден. Эсиңерде болсо, 2012-жылдын 3-октябрында болгон окуядан кийин бүт кыргыз эли депутат-кылмышкерлерди катуу жазага тартууну талап кылып, анын ичинен Жалал-Абадтын эли түкүрүнүп, ушундай да кылышабы деп аларды сындашкан. Ал эми айрым депутаттар К.Ташиевдердин өздөрү кылтакка түшүп бергенин айтып чыгышкан. Эмне үчүн тергөө органдары темирди кызуусунда чаап, тергөөнү ыкчам бүтүрүшкөн жок. Беш ай тергөөнүн кажети бар беле?

Экинчиден. Тергөө тарабынан көптөгөн милиция кызматкерлери ар кандай жаракат алышып жабырлануучу деп табылыптыр. Кыргызстандагы болгон телеканалдар ошол күндөгү окуя жөнүндө тартып алган ондогон видеотасмалар, сүрөттөр далил катары кылмыш ишине тиркелиптир. Соттолуучулардын күнөөсүн айгинелеген көптөгөн күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү да , далил зат катары табылган курал жарактар да бар экен. А бирок соттор кашайып жогорудагылардын баарын көрмөксөнгө салып, кандайдыр бир акылга сыйбай турган куру дооматтар менен соттолуучуларды тап таза кылып актоо өкүмүн чыгарып отурат. Эгерде Жогорку сот бул мыйзамсыз өкүмдү жокко чыгарбаса, анда ушундай жаман жорукту мыйзамдаштырган болот. Демек эртең ким көрүнгөн Ак үйдүн тосмосун ашып түшүп, ал жерди кайтарган милицияларды таш баранга алып, төбө талаштыра коюп жиберсе, митингге чыккан адамдар ок атуучу курал кармап, өз ара атышса дагы аларга эч нерсе болбойт экен да . Мындай боло берсе бара-бара мамлекетибизде башаламандык күчөп, мамлекеттик башкаруу да жоюлуп, кадимки анархия орно коркунучу турат.

Үчүнчүдөн. Жакында өлкөбүздүн Президенти райондор аралык соттордун судьялыгына талапкерлердин кагаздарын Сотторду тандоо кеңешине кайра кайтарып берди. Түшүнгөнүбүзгө караганда балээнин баары ошол кеңеште экен. Кызыгы, жанагы Ташиевдерди актаган соттор ошол “чоң электен” өтүп келишпеди беле. Дагы кызыгы, бүгүнкү Жогорку соттун (Конституциялык сотту кошкондо) судьялары да ошол эле жол менен, ага кошумча Жогорку Кеңештин депутаттарынын батасын алып дайындалышкан. Эми кудай уруп, Жогорку соттун судьялары депутат К.Осмонов айткан акчасын кайтарып алабыз деп, Бишкек шаардык сотунун мыйзамсыз өкүмүн күчүнө калтырып коюшпаса эле болду. Эгерде ошондой болуп калса буга чейин тандалган судьяларды да, аларды «тандагандарды» да айдаш керек болуп калат.

Кыскасы, айтып отурсак арман көп. Эми баарыбыз кудайдан Жогорку соттун судьяларына ыйман, элибизге тынчтык тилейли.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×