Добавить статью
12:40, 12 июля 2013 2492

Принциптерге бекем туруп, президентти мөөнөтүнүн аягына чейин иштетели

Президентибиз Алмазбек Атамбаев колунан келген аракетти көрүп атканына карабастан, сырткы күчтөр, ички каршылаштар өздөрү каалагандай оюндарды жүргүзүүнү улантып, ал эмес, күчөтүп жатканына күбө болуудабыз.

Мындай абал жеке гана Кыргызстанда эмес, дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө орун алууда. Мисалы, Египет, Сирия, Түркия ж.б. дүркүрөп өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө кандай гана кагылыштар болуп жатканын баарыбыз көрүп турабыз.

Мындай көрүнүштөрдүн фонунда Кыргызстанды томкоруп туруп кайра ордуна коюп коюу сырткы күчтөрдүн колунан келе турган иш экенине бир эмес, эки жолу күбө болдук. АКШнын авиабазасынын “Манастан” чыгарылышынан улам бул сыяктуу оюндар күзүндө орун алат деген жоромолдор серепчилер тарабынан айтылууда.

Ушундай жагдайды пайдаланып алууну көздөгөн айрым саясатчылар, Батыштын акырынан жем жеген өкмөттүк эмес уюмдар мамлекеттин бүтүндүгүн ойлобостон, өз эли-жерин сатып кетүүгө барабар иштерге барып, каржылык көмөк көрсөткөндөрдүн ырын созуп, өлкө ичиндеги ынтымакты ыдыратууга, абалды дестабилдештирүүгө болгон салымын кошуп атышат. АКШнын базасын кетирүүгө бекем турган ажо Атамбаевге чабуул күчөгөндөн күчөп барат. Ошол эле маалда “саясаттан кеттим, мени тынч койгула” деп айтымыш болгон Бакиевдин да реванш алууну көздөгөн максаты эч жакка жоголуп кетпегени эсте болсун.

Атамбаевдин Кыргызстанды туңгуюктан чыгаруу аракеттери ысык аптапта кумга сиңип кеткен суудай эле билинбей, каралоо операциясынын этаптары ийгиликтүү ишке ашууда. Өлкөнүн түштүк жагындагы карапайым калкка ажону ажыдаардай сүрөттөп, тартуулоо аракеттери өз жемишин берип атат. Жол салып, энергетикалык коопсуздукту камсыздоо, мамлекеттик бюджеттин көпчүлүк бөлүгүн түштүк аймактарга жумшоо сыяктуу иштер көз-көрүнөө эле байкамаксанга салынып, “кимиси болсо болсун – биздин бала болсун” деген түшүнүк жергиликтүү элге сиңип калган.

Ошол эле маалда түндүк жакта да президенттин авторитетин түшүрүү, абалды чайкоо, тынч жаткан элди козутуу, өз максаттарына жетүү үчүн криминалды активдүү колдоонуу, билимсиз жаштарды “зомби” кылып, каалагандай жакка айдактоо аракеттери уланууда. Мындан улам, тез арада аймактардагы элдин маданият, билим, жашоо деңгээлдерин көтөрүү боюнча иштерди жүргүзүү зарылчылыгы турганын байкаса болот.

Мындай абалда Алмазбек Атамбаевге баарыбыз жалпысынан туруп колдоо көрсөтүшүбүз керек. Ажонун “ар бир күндү эсептеп атам, мен кетсем, дагы ким келет – белгисиз, жок дегенде Кыргызстан бутуна туруп калсын” деген сөздөрүн кайрадан бурмалап, шылдыңга алдык. Ал эми терең ойлонгон адамга президент муну асмандан алып эле сүйлөп койбогону байкалып турат. Болуптур, Кыргызстанды чайпалталы, төңкөрүш кылалы, кайрадан шайлоо өткөрөлү – кыргыздын мүдөөсүнө төп келген, түндүк-түштүгүнө жалпы жаккан, АКШ, Орусия сыяктуу ири державалардын көңүлүн ала алган, ичпеген, жебеген, туугандарын алып келбеген, досторуна кресло бербеген президентти шайлап алабыз деген ишенимде боло алабызбы? Жок, калайык калк, бу жашоодо дайым эки жактын бирөөсүн тандаш керек. Кийинкибиз дагы төңкөрүш менен келсе, мындан жакшы болбойт, жаман болсо – болот.

Принциптерге бекем туруп, Атамбаевди мөөнөтүнүн аягына чейин иштетели. Мамлекетти оң жакка алып келчү иштерин колдоого алалы, терс иштер болуп жатса, унчукпай отурбастан бетке айталы. Биргелешип, өлкөнү көтөрөлү. Саясый элита дегендер өз жумшак креслолорунан айрылып калгандан коркуп, “сен мага тийбе, мен сага тийбейм” деп титиреп отурбай, же тескерисинче, ошол креслого жетип алуу үчүн өз өлкөңө чыккынчы болбой, жарандык позициябызды активдүү көрсөтөлү. Баштан Атамбаевди колдоп келгендер хамелеондой болуп абалга жараша түстөрүн өзгөртүп отурбай, туруктуу позицияны бекем кармансын. Кийин бармактарыбызды тиштеп, “кап, Атамбаев эле жакшы болчу турбайбы” деп отуруп калбагандай бололу.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×