Добавить статью
6:29, 17 июля 2013 23238

Ак-Суу районундагы балдардын реабилитациялык борбору оңдоп-түзөөгө муктаж

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук реабилитациялык борбору шал оорусу менен жабыркаган балдарды дарылоочу жай. Жыл сайын республиканын бардык аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн келген тубаса шал оорусу менен жабыркаган балдар дарыланып кетишет. Бирок, борбордо дагы эле толук кандуу иштер жүрүп жатат деп айтуу кыйын.

Мындагы суу түтүктөрү толук оңдоп-түзөлбөгөндүктөн дарылоочу ванна, бассейиндеринин иштөө мөөнөтү үзгүлтүккө учуроодо. Анткени, муздак суу келүүчү түтүк жасалбай, жерден чыккан ысык сууну муздатуу мүмкүнчүлүгү болбой жатат. Жерден чыккан ысык арашан суу 58-60 градус температурада. Ал эми бассейиндеги суу 36 градус болуусу тийиш. Суу түтүктөрүнүн иштебегендигинин натыйжасында ички дааратканаларга суу начар келүүдө.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×