Добавить статью
11:09, 16 июля 2013 6914

Көк-Жаңгак шаарынын карыялары нааразылык акцияга чыгууга даяр

Көк-Жаңгак шаарынын карыялары Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылуу жолдоп, Жогорку Кеңештин комитет төрагасы Токтогул Тумановдун мыйзамсыз аракеттерине нааразылыгын билдиришти. Эгер кайрылуудан майнап чыкпаса, жалпы шаардыктарды нааразылык акциясына алып чыгууга даяр экенин билдиришти. Төмөндө кайрылуунун текстин толук келтиребиз.

Урматтуу Асылбек Шарипович!

Биз, Жалал-Абад областындагы Көк-Жаңгак шаарынын карыялары Жогорку Кеңештин комитет төрагасы Токтогул Тумановдун биздин шаарда жүргүзүп жаткан айрым туура эмес аракеттери тууралуу Сизге кабарлап коюуну туура таптык.

Азыркы кезде Көк-Жаңгак шаарынын мэрин шайлоо алдында турабыз. Ар кайсы партиялар өздөрүнүн талапкерлерин шаардык кеңешке, депутаттар тарабынан шаар мэри катары шайлоого сунуш кылышкан. Демек, шаардык кеңештин депутаттары өздөрүнүн шайлоочуларынын суроо-талаптарын, мүдөөлөрүн эске алуу менен шаар башчылыгына ким-бирөөнү тандап алышат. Ошол тандап алуу менен алар шаардын мындан кийинки социалдык-экономикалык тагдырына жоопкерчиликти ошол тандап алган шаар мэри менен кошо өздөрүнө алышат.

Бирок, биз жогоруда атаган Т. Туманов учурда шаардык кеңештин депутаттарына, партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлерге да кысым жасап, аларды коркутуп-үркүтүп, ыдык көрсөтүп, өзү каалаган талапкердин шаар башчылыгына шайлануу үчүн аракет кылууда. Биз анын мындай одоно аракеттерине түп-тамырынан каршыбыз жана ал кичинекей шаарда карама-каршылыктарды күчөтүп, карапайым шаардыктардын бейпил турмушун, жалпы эле туруктуулукту бузууга алып келет. Себеби, башка тараптар мындай одоно аракеттерге өздөрүнүн башка кадамдары менен жооп бериши толук ыктымал.

Дагы айтып кетчү нерсе, Т. Туманов мурда, шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо мезгилинде да дал ушундай эле терс жоругу менен шаардыктардын эсинде калган. Мына ушуларды эске алуу менен биз Сизден Токтогул Тумановду тартипке чакырып, анын саясий обу-жоктугун теске салып коюуну суранабыз. Бул дегеле Жогорку Кеңештин депутатуна, болгондо да комитет төрагасына жарашпаган жорук. Эгерде ал мындай мыйзамсыз жана адепсиз аракеттерин уланта берсе, анда шаардыктар түп көтөрүлө нааразылык акцияларына чыгууга аргасыз болобуз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×