Добавить статью
4:01, 18 июля 2013 10161

Көк-Жаңгакта депутаттар «уурдалды»

Шахтёрлордун шаары аталган Көк-Жаңгак шаарынын куту качып, бийлик акең ал жерде да жөн жатпай ар кандай саясий интригаларды уюштуруп жатат. КСДП партиясынын депутаты Токтогул Туманов көкжаңгактыктарга келип депутаттарды «КСДПнын талапкери Алманбет Саражиевди шайлайсыңар, болбосо ар кимиңерди ар кандай оор тагдырлар күтүп жатат», деп коркутканы чын окшойт. Анткени, 17-июлда Көк-Жаңгак шаарынын мэри шайлануусу керек эле, бирок болбой калды. Эмнеге?

Себеби өткөн күнү кечинде, тактап айтканда, 16-июль күнү кечки саат 20:00дөр чамасында Көк-Жаңгак шаардык кеңешине КСДП, «Ата Мекен», «Замандаш» партияларынан өткөн депутаттар капыстан эле бусикке салынып, «уурдалып» кетти. Бул эмнени билдирет? Бул - азыркы КСДП башында турган бийликтин өкүмзордугу жана жер-жерлерде өзүлөрүнүн билимине карабай «өз адамдарын» бийликке алып келүүгө жасаган сабатсыз кадамы деп билсек болот. Ал эми көкжаңгактык аксакалдар, шаарга кайра-кайра келип, ар кайсы фракциядагы депутаттарды коркутуп жүргөн «памперс соодагери» Т.Тумановго нааразы болуп, ЖК төрагасына жазган кайрылуусун эске алган болсок, азыркы бийлик бөрк ал десе, баш алган ушундай Т.Тумановго окшогон арсыз адамдары аркылуу өлкөнү башкарып жатканынан эртеңки күнү булардын тагдыры качкан эки президенттен да жаман болоору шексиз. Андыктан, азыр көкжаңгактыктардын баары депутаттар каякка уурдалып кетти деп тынчсызданып, алардын туугандары «ай ушу депутаттыгы жок эле жүрсө болмок» деп, кыжаалат болуп турган учуру. Бул тарыхта болбогон жапайы ыкма менен КСДП партиясы каякка барып такалаар экен көрө жатаарбыз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×