Добавить статью
6:14, 23 июля 2013 24879

Датка-Кемин бүтсө, коңшу өлкөлөрдүн энергетикалык басымынан кутулабыз

«Датка» энергетикалык түйүнүнүн курулушу бүтүп, пайдаланууга берилиши республикабыздын түштүк аймагын энергетикалык коопсуздук маселесини чечти. Өмүрүнүн чейрек жылын энергетика секторунун өнүгүшүнө арнаган Эргеш Төрөбаевдин канчалаган жылдардан берки талбаган аракеттеринин негизинде Баткен, Ош областтары коңшу мамлекеттерде болгон энергетикалык алкактан чыгып, көз карандысыз абалын камсыз кылды. Анткени Жогорку Кеңештин төрт жолку чакырылышынын депутаты болуп жүрүп, өлкө жетекчилерине мамлекетти энергетикалык чынжырчадан алып чыгуу маселесин чечүү багытында бир топ аракеттерди жасады.

Акыркы жылдары чечкиндүү жасалган кадамдардын натыйжасында 500 (2290) 10 кв кубаттулуктагы «Датка» көмөк чордонунун ачылышында сөз алган энергетика тармагынын ардагери Эргеш Төрөбаев «Датка» жана «Кемин» көмөк чордондорунун жана «Датка-Кемин» аба чубалгысынын курулушу толук бүтүп, Камбар-Ата-1 ГЭСине туташтырылуусу мамлекетибизди толук энергетикалык көз карандысыздыктан алып чыгып, өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүдө күчтүү локомотив болоорун баса белгиледи.

Көптөн күткөн энергетикалык көз карандысыздыкка да аз калды көрүнөт, себеби бул жабдуулардын толук ишке берилиши биздеги энергетика жаатындагы кыйла маселелердин элдик кызыкчылыкта чечилишин камсыз кылат. Буюрса, ал күндөр алыс эмес, дейт Э.Төрөбаев.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×