Добавить статью
3:49, 22 октября 2013 36629

Өзбек ажы Чотоновго жана «Манас жаңырыгынын» журналисттерине сын-пикир

Сиздин катышууңузда өткөн «Жаштар сүйлөйт» аттуу Манас жаңырыгы телекомпаниясынан көрсөтүлгөн теле берүүнү көрүп олтуруп, өзүмдүн төмөндөгүдөй кайчы пикиримди билдирип коюуну туура көрдүм.

Биринчиден: Кыргыз кыздарынын, дегеле аял затынын уяттуу жерлерин көрсөтүп, адепсиздик кылып, төшү ачык кыска көйнөк кийип жүргөндөрүн кескин айыптап чыккандыгыңызды кош колдоп колдойм. Ошону менен бирге эле аялдар уяттуу жерлерин көрсөтпөш үчүн сөзсүз «Хиджаб» кийиш керек деген оюуңузга караманча каршымын. Айтсак, ислам динин тутунган мусулман өлкөлөрдө жашагандар мусулман деп аталары анык. Бирок бул «ислам» улут дегенди түшүндүрбөйт да.

«Ислам»- бул биздин улутубуз эмес, тутунган динибиз экенин биз эч качан эсибизден чыгарбашыбыз керек. Ошондой болгон шартта ар бир улутту тутунган динине көз каранды кылбай, анын улуу дөөлөттөрү деп аталган каада-салты, үрп-адаты, нарк-насили, кыргызды кыргыз кылып көрсөткөн улуттук кийимдерине көз каранды кылсак туура болчудай. Ал кайсы кийимдер: Чыйырды, Каныкей, Курманжан датка апаларыбыз өмүр бою үстүнөн түшүрбөй кийип өткөн ак жоолугу, ак элечеги, упузун кош этек көйнөгү, кыз-келиндерибизди кымча бел кылып, мүчөсүн чыгарган кемзели менен белдемчиси. Ошондой эле кымча бел кыздарыбыз кылымдап башынан түшүрбөй кийип келген топу, такыялары менен шөкүлөлөрү эмнеси менен жаман? Эмне үчүн Өзбек ажы менен Жамал айым жана ага окшогон айрым дин кызматкерлери жана ошондой эле мен кыйын деген журналисттерибиз мажүрөөлүк кылып, акты ак, караны кара деп айтканга жарабай, кыргыздын жыты келип турган, кыргыз жыттанган улуттук кийимдерибизди жээрип, бөтөн элдин кийимдерине артыкчылык берип, башкача айтканда, Арабстандын климаттык оор шарттарына ылайыкташтырылган арабтардын аялдары кийе турган «Хиджаб» кийимин кийгиле дегендерин биз манкурттук деп эсептейбиз. Айрым хиджаб кийген жаш кыздарыбыз курандын баланча-бастанча сүрөөсүндө хиджаб кийгиле деген жери бар дегендери туура эмес. Эмне үчүн дегенде, хиджаб арабтардын улуттук кийимдеринин бири катары арабтарга гана тиешелүү. Бизди өкүндүргөнү көптөгөн журналисттерибиз хиджабтын тарых-таржымалын терең изилдебей туруп, хиджаб саткан магазиндерге барып аны даңазалап, жаштарды хиджаб кийгенге үндөгөнү кыргыздарга кылган чыккынчылыгы дегенден башка сөз таппайбыз. Эмне үчүн кыргыздын шөкүлөсүн, кемзел, белдемчисин кийгиле деп даңазалагандан уялабыз?

Эгерде кыргыздын кыздары хиджабка байкот жарыялап, биз жогоруда белгилеген улуттук кийимдерибизди аздектеп, азыркы учурдун талабына ылайыкташтырып, тиктирип кийип чыгышса, силер түшүнүп-түшүнбөй таңуулап жаткан хиджабыңар чаңына жетпей калат.

Урматтуу жаштар, өзгөчө кыз-балдар, Сиздерден көптөн-көп суранарыбыз, Кыргыз деген байыркы элдин ар-намысын тебелеп-тепсебей, каада-салтына, нарк-насилине шек келтирбей, кыргыз болгула! Кыргыз болгондон, кыргыздын улуттук кийимдерин кийгенден уялбагыла, анткени кыргызды кыргыз кылып тааныткан, башка улуттардан айырмалап турган анын улуттук кийимдери экенин эстафета катары кийинки муундарга жеткирүү жана даңазалоо учурдагы жаштарыбыздын бирден-бир милдети экенин унутпашыбыз керек. Аягында айтаарыбыз «Манас жаңырыгы» телекомпаниясынын журналисттери хиджаб маселесине келгенде терең изилдеп, хиджабтын бизге жат экенин жаштарга туура түшүндүрүп, улуттук кийимдерибизге басым жасаганда гана силер тарых алдында өз милдетиңерди туура аткарган болосуңар деген ойду айткыбыз келет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×