Добавить статью
13:17, 23 октября 2013 42769

А.Алымкулов Жаштар министрлигин өз менчигине айландырып алгандай, - А.Шабданов

Мен Талас шаарынын Каракойчу көчөсүнүн тургуну Шабданов Адылбек Мырзаканович, 2013-жылдын 5-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министирлигинин Талас областтык башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенип келгем. 2013-жылдын 8-июлунда мени Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министирлигинин министри А.Алымкуловдун №292-К буйругунун негизинде 2013-жылдын 5-июлунда жумуштан алынгандыгымды, мен ооруп жаткандыгыма карабай бул министирликтин статс-катчысы Н.Досалиев жумушка чакырып күтүүсүздөн угузду.

Буйруктун негизи катары мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамдын 38-беренеси көрсөтүлгөн. Аталган берене «Мамлекеттик кызматчыга салынган тартип жазаларынын» түрлөрүн аныктайт, жумуштан бир тараптуу кетирүүгө негиз боло албайт. Муну менен мен, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамдын жана Эмгек кодексинин бир нече беренелери бузулган деп эсептейм:

1. Жумуштан бошотуп жатканда 38-берене эмес, 31-берене жана Эмгек кодексинин 83-беренесин колдонуш керек эле;

2. Мени жумуштан алып жатканда мен ооруп жаткандыктан «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамдын 31-беренесин жана Эмгек кодексинин 85-беренеси бузулган;

3. Менден жазуу жүзүндө түшүнүк талап кылбай Эмгек кодексинин 147-беренеси бузулган;

4. Ошондой эле приказда менин кетирген кемчиликтерим так көрсөтүлбөгөн;

5. Мурда жумуштан эскертүү алган эмесмин;

6. Жумуштан алууда статс-катчынын макулдугу, «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамдын 29-берене жана профсоюздук «Эмгек кодексинин» 84-беренеси боюнча макулдугу алынган эмес;

«Жогоруда айтылгандардын негизинде менин жумуштан бошотуумду мыйзамсыз деп таанып, бузулган эмгек укугумду коргоп, мурунку иштеген кызматыма кайра келүүгө жардам берүүнүздү суранам», - деп 24-июлда 2013 жылы арыз жазылган.

Министирдин Приказынын, эн башкы шылтоосу вице премьер - К.Талиева Таласка келгенде А.Шабдановдун иши жаман экен деп айтты. К.Талиева А.Шабдановду тааныбайт экен жана андай сөз да болгон эмес экен. Буга далил К.Талиеванын Таласка келгендеги чогулуштун протоколунда А.Шабданов тууралуу жана анын иши тууралуу бир дагы сөз болгон эмес. Протоколдун копиясы бар.

Тиешелүү арыз Мамлекеттик кадр кызматына да жазылган. Мамлекеттик Кадр кызматы №Ш-178 аттуу каттын негизинде А.Алымкуловго, А.Шабдановду кызматка кайра келүүсү тууралуу сунуш берилген. Копиясы бар.

Ушундай эле талап (предписание) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

алдындагы мамлекеттик Экотех.инспекциясы тарабынан министр А.Алымкуловко берилген жана аткарылбагандыктан жаза-айып салынган.

Башкача айтканда министр А.А.лымкулов өзү бир нече мыйзамды бузгандыгы аз келгенсип, статс-катчыны укпастан, тийиштүү Мамлекеттик органдардын талабын аткарбастан Министирликти өз менчигине айландырып алгандай иш жүргүзүп жатат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×