Добавить статью
9:30, 25 октября 2013 14217

Бөлөм үчүн өлөмбү...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ыргал Кадыралиева ушул жылдын 22-октябрында Социалдык саясат боюнча комитет жыйынында уруулар ортосундагы никелешүүнүн айынан үй-бүлөдө майып балдар төрөлүп жатканын айтып, өзүнүн уруусунун ичинен гана күйөө бала күткөндөр жана келин алгандар бар экенини билдирген.

Депутат көтөргөн бул маселе абдан актуалдуу, бирок ушул көйгөй боюнча азыноолак иликтөө иштери менен алек болгон окумуштуу катары тактоо киргизүүнү чечтим.

Бул жерде бир уруу деген түшүнүккө кичине кайрыла кетели. Бүгүнкү күндө уруу ичиндеги никеге тыюу салуу өтө кыйын, анткени уруу мүчөлөрү өтө көп, Кыргызстандын туш тарабына абдан жайылган. Мисалы, саруу, кушчу, бугу, мундуз, ават ж.б. Бул уруулар сан жагынан да көп, анан буларда түпкү атадан бери канча муундар алмашкан. Ал эми жакын туугандар ортосундагы нике тууралуу маселе такыр башка.

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 15-беренеси жакын адамдар ортосундагы никеге тыюу салат. Бирок анда «жакын туугандар» деген категорияга бөлөлөр, таяке, жээндер, башкача айтканда бир туугандын балдары кирбей калган. Ошон үчүн бизде бир туугандар ортосундагы кудалашуулар бүгүн дагы эле орун алып келе жатат. Өткөн кылымдын 80-жылдары айылдык кыргыз үй-бүлөлөрүн изилдөө учурунда мындай фактылардын айрыкча түштүк аймакта, тагыраагы Баткенде көбүрөөк орун алганына күбө болгонбуз. Бул көрүнүш союз ыдырагандан кийин дагы жанданып, көбөйө баштаган, анткени турмуш абал оордоп, уул үйлөнтүү, кыз берүү салтын шартына ылайык жасоо үчүн адамдарга туугандар менен тил табышкан жеңил болгон. Бир туугандардын уул, кыздарынын баш кошуусунан төрөлгөн балдар арасында майыптар, оорулуулар көп учурайт, ал чындык. Бирок ага карабастан бүгүнкү күндө да уулунун же кызынын эркине каршы ата-энелер ушундай кадамдарга дагы эле барып жатышат. Бир туугандардын балдары ортосунда бирин бири сүйүп баш кошкондор өтө сейрек.

Ушундан улам Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин жогоруда айтылган 15-беренесине толуктоо катары «жакын туугандар» категориясына бир туугандын балдарын да кийирүү тууралуу кошумча кабыл алынышы керек. Жакын туугандар ортосундагы никелешүү тууралуу өтө аярлуу, принципиалдуу маселени стратегиялар же программалар менен чечүү кыйын. Ага мыйзам жолу менен гана тыюу сала алабыз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×