Добавить статью
5:22, 29 октября 2013 62041

Эч кандай коалиция бузууга аракеттенген эмесмин, -  Т.Чойбеков

Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Таирбек Чойбеков «Жалал-Абадда – Өрдөк жокто чулдук бий» деген аталыштагы Бегимкул Орозматовдун макаласына карата өзүнүн жообун билдирди.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи вице-мэри кызматЖалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэриында иштеп жатам. Туура, биз «Ата-Журт» жана СДПК фракциялары иштин кызыкчылыгын жана алдыга ынтымактуу өнүгүүнүн максаттуу чоң пландарын ойлоп, биргеликте иш алып барууну көздөп, «Ак ниет» коалициясын түзгөнбүз. Бардыгыбыздын жалпы кызыкчылыгыбыз шаарды оңдоо, эл үчүн кызмат кылуу.

Муну ар ким ар кандай ойлоп, өз түшүнүгүнө жараша сөздү ар кайсы мааниге бурса эле жарашып кала береби? Бүгүнкү күндө «Ак-ниет» коалициясынын өзүнүн иштеп чыккан программасы бар. Бул программа шаарды өнүктүрүүгө жана ал боюнча жумушту алып барууга, андан башка көптөгөн келечектүү иштерге да арналган. Айта кетүү керек, «Ак ниет» коалициясы бузулбайт. Коалиция алдыга койгон максаттарын ишке ашырып жатышат. Ага бардыгы эле күбө болуп отурбайбы. Биз отуруп алып эле мактана берейлиби. Ким кандай жумуш жасаганын эл баалайт. Биз бир топ иштерди аткардык. Жазылган макала боюнча өз пикиримди айтып коюшум керек. Мен эч кандай коалиция бузууга аракеттенген эмесмин. Жалал-Абад шаарынын келечеги үчүн арналган, жакшы иш алып барып жаткан коалицияга мен эмнеге каршы болуп, же аракет кылышым керек. Сайтка жазылган макаланын мазмуну туура эмес. Менимче, мындай маалымат жалаа жабуу аракетинде, коалицияны бузууну каалаган тараптар жасап жатышат деп эсептеймин.

Тема боюнча: Жалал-Абадда - Өрдөк жокто чулдук бий

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×