Добавить статью
11:20, 3 декабря 2013 31279

Оштун ээси-эл, опурулбай эсиңе кел!

Ушул убакытка чейин Ош шаарынын башчысы, мамлекеттик кызматтын бакыйган ээси Мелис Мырзакматовдун ишмердигин колдоого алып, түштүк борборубуздун күн санап оңолуп, жаңыланып, тазарып баратканын айтып да, жазып да түгөтө албай келгенбиз.

Жетекчи катары өз ишин мыкты билгени, темирдей тартип жана тынымсыз аракеттенүүсү, изденип, өзүн кокту-колоттун эмес, улуттун ишмери катары таанытууга болгон ыкласы үчүн Мелис мырза көпчүлүктүн көңүлүнөн орун тапканы да чындык эле. Бирок, анын саясаттагы орду, саясий калыптанган көз карашы, тутунган турмуштук позициясы али да калыптана электиги, акылынан чыгып, ачууга жеңдирип жиберээри кечээ ачыкка чыгып калды...

Тагыраагы, Ош шаарындагы «Ата Журт» партиясынын лидерлеринин бири, депутат Ахматбек Келдибековду абактан чыгаруу талабы менен митингге чыккан элдин алдындагы шаар башчысынын сүйлөгөн сөзү көпчүлүктүн көңүлүн кайт кылып, нааразы пикирге алып келгенин ачык эле айта алам. Анда, Мелис Мырзакматов мамлекеттик кызматтын мыйзамын, этикасын жыйыштырып коюп, чогулган элге бир көрүнүп, өзүнө саясий упай топтоп алуунун аракетин көрдү окшойт, көпчүлүккө күркүрөгөн үн менен «Ошол Таласта погону үзүлүп, формасы жыртылып, таяк жегенде биринчилерден болуп мына Мырзакматов барып ал-ахыбалын сураган эле. Эми аны унутуп калышыптырбы? Атчан келаткандарды жолдон тосуп, бул жердеги энелерди чыркыратып, боз үйдү алып кетишти. Бул жерге митинг өткөрүү үчүн Камчыга жети жолу кол коюп бергем. Ахматбек үчүн 3-жолу кол коюп, колдоп берип отурам. Мен карапайым эл мененмин. Ош шаары меники, мен алыс эмес жерден карап турам, кеңири өткөрө бергиле» (булак-www.tushtuk.kg ),-деп опурулуптур. Эми ушул акыл-эстүү, мамлекеттик ишмердин сүйлөй турган сөзүбү? Андыктан, Ош шаарынын опурулуп-жапырылма башчысына ысуулай жооп кайтарып коюш керектир.

Биринчиден, кечээки Оштогу өткөн митинг менен 2010-жылы Таласта болгон митингдин асман менен жердей айырмасы бар. Анткени, ал кезде коррупцияга кокосуна чейин баткан бийлик жалпы кыргызстандыктарга малга жасагандай мамиле жасап, эл ичиндеги баш көтөргөндөрдү камоого, абакка чиритүүгө бет алып, тынчтык митингге чогулган элди «тынчытып коебуз» деп коркутканын, ошол кезде Бакиевдердин чачпагын көтөрүп, Бишкектен Жалал-Абадка качып барса, кол куушуруп алдынан тоскон Мелис мырза эле билбей калбаса, башка элдин баары эле билет.

Экинчиден, кечээ эле Камчыбек Ташиевди да, Ахматбек Келдибековду да саясий өнөктөшү катары санабай турганын, алар менен бирикпей турганын кайра-кайра билдирип жүрбөдү беле? Ушул эле Мырзакматов мырза өз оозу менен Ахмат Келдибековдун «Биз биригип атабыз» деген сөзүн караманча калпка чыгарып, оозун куу чөп менен аарчып отурган. Анан эле эл чогула калганда Ахмат Келдибековду колдоочу болуп чыга келгени, ары дегенде саясий упай топтоонун, бери келгенде туруксуздугунун белгиси экендигинин так далили эмеспи.

Үчүнчүдөн, Мелис Мырзакматов Ошту качан менчикке чыгарып алды эле? Мындай маалыматты эч жерден укпаптырбыз. Биздин билишибизче, “шаар башчысы-мэр” деген мыйзамдар менен бекемделген мамлекеттик эле кызмат. Мелис мырза болгону ошол мамлекеттик кызматка дайындалган кадр. Ал орун эч кандай ага атасынан мурасталып калтырылган же самандай акчанын күчүнө салып, түбөлүк сатып алган эмес. Болгону мыйзам чегинде иштеп отурат. Андыктан, анын “Ош меники” деп айтканы жөн эле айтканда көпкөнчүлүк. Болбосо, убактылуу бийлигине байлыгына дөөгүрсүү.

Мен билгенден эч ким эч качан кайсы бир шаарды “меники” деп, жеке басарлык кылган эмес. Бүгүнкү Мырзакматов мырзаны мындай кой, кечээ Ош эмес, Кыргызстандын кыйырына көз салып турган, атагы Азияны титиреткен балбан, “каралар” менен “кызылдарын” , спортчулары менен бийликтегилерди бириктирип башкарып коер күчү бар Баяман Эркинбаев деле бир жолу “Ош меники” деп айтканын эч ким уккан эмес. Же андан да кадыр-баркы калың, атын укканда ыйлаган бала сооронгон Рысбек Акматбаев деле Чолпон-Атаны менчиктеп алганын ким көрүптүр? Демек, Кыргызстандын кайсы шаары, айылы болбосун анын ээси -кыргыз эли. Менчиктеп алгыдай шаарлар менен айылдар, аймактар менен кокту-колоттор да дүкөн же базар эмес! Андыктан, антип айтууга жол жок!

Эгер Мелис мырза чындап эле калыстык кылгысы келсе, Ош шаарындагы митингчилерге уруксатты унчукпай эле берип койсо, жакшы болмок. Эгер ошондой эле Келдибековго жан тарткысы келсе, чогулган элге «Ош меники» дегендин ордуна «Ош баарыбыздын борборубуз, шаардын жашоочулары биздин бир туугандарыбыз. Келгиле, шаар калкынын күнүмдүк жашоосуна жолтоо болбой, мамлекеттик имараттарды тебелеп-тепсебей мыйзам чегинде акциябызды кылалы» десе жарашмак.

Ал эми тартип коргоочуларды теске салганы, аларга эскертүү бергени болсо чындап эле Ош шаар башчысынын өз укук-милдеттеринен ашып түшкөнү десек болчудай. Анткени, ИИМдин кызматкерлери Мелис Мырзакматовдун жеке жан сакчылары же мэриянын муниципиалдык жумушчулары эмес го?!

Айтор, «буттан чалынган турат, ооздон чалынган турбайт» болуп, Мелис Мырзакматов айрымдар жар салып жаткандай «бүгүнкү күндүн феномени» эмес экенин, аны «феномен» дегендер терең жаңылганын ачыктап койду...

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×