Добавить статью
6:58, 4 декабря 2013 21951

Чет элдик жарандарга жер тилкесин бөлүп берүүгө каршыбыз...

Урматтуу Жантөрө Жолдошевич жана эл өкүлдөрү!

Бүгүнкү Кыргызстандагы абал бизди сарсанаага салбай койбойт, биз үчүн Кыргызстандай алтындан кымбат жер жок! Өзүбүз чет өлкөлөрдө окуп, билимибизди түптөп, Кыргыз жерине, элине кызмат кылабыз деп, ишенип келебиз.

Жантөрө Жолдошевич кол койгон өкмөттүн токтомуна ылайык, чет элдик жарандар имараттарды менчикке чыгарууга жана жер тилкелерин узак мөөнөткө ижарага алууга укуктуу болду. Оруссиядагы билим алып жаткан Кыргызстандын атуулдары катары бул токтомго каршыбыз.

Эгемендүүлүк алгандан берки 20 жылдан бери жерибиз чекесинен сатылып, элибиздин байлыгы тонолуп, бул тоноонун аягы бүтпөй келүүдө. Ушундай ыкма менен Аскар Акаевдин тушунда Үзөнгү Кууш сатылды. Каркыранын казактарга берилиши менен үй-бүлөлүк башкарууга нааразы болгон эл, бийликке каршы чыккан.

Атылган окко да карабай элибиздин келечеги үчүн жанын берген 90дон ашуун эр азаматтарыбызды эстен чыгардыкпы?

Акыркы 10 жыл Кыргызстан үчүн оор болуп келди. Ош-Жалал-Абад окуялары эстен кеткис кайгыбыз муунга жетип азыркыга чейин аза күтүп келгендерибиз бар. Эл бийлик менен опозициянын ортосундагы болуп жаткан саясий тирелишүүсүндөгү инструмент болгондон тажады.

Биз Орусиядагы студенттер тынчтык орношуп, элдин жашоосу өз багытын алса дейбиз. Опозиция өкүлдөрүнө дагы кайрылат элек.

Урматтуу опозициядагы эл өкүлдөрү, лидерлер! Кыргыз элин бөлүп жарбай, элди ортого салбай өздүк өз, өздүк саясий тирешүүлөрдү мыйзам чегинде чечип, мыйзамдын үстүндөгү чечим кабыл алган адамдар сымал үлгү болушуңарды каалайт элем.

Бириксек колдон келет!

Сыртта окуп жаткан мигрант студенттер

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×