Добавить статью
5:40, 9 декабря 2013 6784

Мекенди гүлдөт, көтөр, сүй

Калайык калк!

Эл үчүн кызмат кылган, адамдардын ар кыл көйгөйүн чечип, ден соолугуна кам көргөн, коомду алга жылдыруу үчүн аракеттенген ар бир ата, уул, кыздары!

Бул жалган дүйнөгө кимдер келип, кетпеген. Карт тарыхта элге эмгегинин изи калгандардын аты өчпөй келсе, дүнүйө, байлык үчүн элин тоноп, калк эсебинен арам акча менен жан баккандардын канчасы өттү, төрөлүп жатат. Ар бир калктын жүзү, абийири алардын канынан жаралгандардын ыйманы менен көрсөтүлүп, коомдун таза же булганычын тастыктайт.

Калкты бийлегендер- биздин кандан чыккандар, азыркы мезгилде алардын эки жүзүн көрүп туруп жол бергендер кайра калк болуп жатышат. Кыргызстанда 90дон ашык улут бар деп айтылып, жазылып жүрөт. Ар бир улуттун ыйманы, жүзү, каада салты, бабадан калган наркы, үрп адаты - учурдагы жашоодон, саясаттан алаканга салгандай көрүнүп турат. Бизден башка улуттардын тили, дили жана ынтымагы, ак эмгектен тапкан ырыскысы, ошондой эле терс жактары коомдон, шаар, аймактардан көрүнүп, телерадиодон айтылып жатат. Айрыкча, өсүп келе жаткан муундан, жаштардан, карыялардын тарбиясынан жана коомдогу адамдык сапатка сыйбаган терс көрүнүштөрдөн (мактаанчактык, көпкөнчүлүк, наадандык, менменсинүү, өзүн жогору көрүү, байлыгына чиренүү, чагымчылдык, уурулук, эки жүздүүлүк, уюшуп акча өндүрүү) күнүмдүк жашоодо баарыбызга ачык айкын белгилүү.

-Тексиздик кимдерге таандык, алар өз элинен төрөлүп, өз байлыгы үчүн жаман ишке баргандар, манчыркагандар, ыймансыздар.

-Баарын көрүп, билип, туюп турса да, көр оокат, мүлк, өз кара жанын гана сактоо, коомго кайдыгер болуп, жосунсуз ишке барып, байлыгын жашыргандар тексиздер.

-Чын пейилинен, ак эмгеги менен адал пайда алып келгендер барбы, адамга, коомго зыяны жокпу, же ичкилик сатуу, сойкулук, пара менен калк каржысынан алууданбы?

Ааламдан жер энени караганда Кыргыз Өлкөсү бир үй- бүлөө, бир ички кан айланган тамыр, бир кумурсканын уюгу, аарынын бир бал челеги, бир бүтүндөй өзү-өзү тейлеген жашоо органы, бабалардан калган белек.

Замандаштар, адамзаатты канчалаган ааламат коркутуп келет, жаңы аң сезимдин доору башталганын сезүүбүз керек. Ар бирибиз кудай алдында ант берелик, бата, дуба кылалык: Алакан куру келип, куру кеткен кайталангыс бир келген жашоо, сенден алаарым жок, сага таштаарым ыйман жүздүү муун, калкка, жаратылышка зыян келтирбеген адамдар, кан тамырымда жүрөгүм согуп турганда коомго, адамдарга залалым жок, арам иштерде, эмгек кылбай пара алуу аркылуу ортодон пайда табууга барбайм, туугандарымдын арам оокат менен жашаганына жол бербеймин, ак эмгегимден табылган ырыскы менен өз жанымды, үй-бүлөөмдү багамын, балдарымды таза ыйман менен жашоого, иштөөгө үйрөтөмүн, тилимди бузбай сүйлөп, дилимди, жан дүйнөмдү тазартамын, нысаптуу боломун , буга чейин өзүң көрүп, күбө болгон кетирген күнөөлөрүмдү кечир, аларды эч кайталабаймын. Антымды бузсам, оо жараткан өзүң жазала, бул жашоодо абийиримди эл алдында кетир дейли.

Бул баракты окуган ар бир адам, жараткан алдында ант бергениңди унутпа, ар бир эмгексиз тапкан арам пайдаң, билип кетирген күнөөң үчүн жооп бересиң.

Артыңда таза муун калсын десең ойлон, адамдык сапаттарыңды оңдо, бул дүнүйө, акча, байлык сага түркүк эмес, бабаң Кыргыз, Мекенди гүлдөт, көтөр, сүй, жакшы жашап өмүр сүр, артыңда из, эмгек калтыр!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×