Добавить статью
10:25, 16 декабря 2013 23716

Коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш коомчулуктун үмүтүн арттырууда

Аткаруу бийлигинин акыркы убакта коррупцияга каршы чечкиндүү күрөштү баштоого болгон аракети коомчулукта, жөнөкөй элдин ичинде үмүттүн отун аз да болсо жандырып, бүйрүн кызытып, чындыкка, адилеттүүлүккө аз да болсо үмүт артып калышты.

Жаныбызды жебей чындыкты айтышыбыз керек. Акыркы жыйырма жылда (кыргыз мамлекети өз алдынча болгондон бери) коррупцияга каршы масштабдуу түрдө күрөш ачылган эмес. Бул күрөш менимче «Баардыгына мыйзам бирдей» - деген принципке таянып, (коррупция боюнча айыпталып жаткан адамдын тигил же бул партияга тиешелүү экенине, коомдогу алган ордуна жана башка экенине карабай) өтчүдөй болуп калды окшойт. Мындай масштабдуу чоң «компанияны» өткөрүү үчүн биринчиден чоң саясий эрк керек (Анткени, бул коррупцияга каршы күрөш бир топ жылга созулат, жана коррупциянын аркасы менен өлкөнү талап тоноп, митедей соруп байыган мамлекетибиздеги таасирдүү кээ бир кландардын айыгышкан каршылык көрсөтүүсүн пайда кылары ырас).

Экинчиден, бул «компанияны» ийгиликтүү өткөрүү үчүн жалпы карапайым кеңири эл массасынын колдоосуна ээ болушу зарыл. Ошон үчүн массалык маалымат каражаттары аркылуу бул күрөштүн мазмунун, маанисин кеңири чагылдырып, түшүндүрүш керек. Элдин ишенимин пайда кылыш керек.

Үчүнчүдөн, кадрлар баарын чечет дегендей, коррупция менен чечкиндүү күрөшүш үчүн, экономикалык, саясий, социалдык маселелерди чечүү үчүн негизгиси - биринчиден таза, патриот, өз мекенин чындап сүйгөн, коррупцияга азгырылбаган, артында калбыры жок мекенчил, экинчиден профессионал, өз ишин мыкты билген тажрыйбасы бар, үчүнчүдөн өзгөчө башкаруу системасында эл сүйгөн, элдин ичинде аз да болсо авторитети, кадыр-баркы бар кадрлар керек. Алардын уруусуна, жерине жана кайсы партияда экенине карабай иштетиш учур маселеси. Кытайдын улуу реформатору Ден Сяопин айткандай, «Сары мышык , кара мышык айырмасы жок, чычкан кармаса болду дегендей мамиле кылыш керек.

Төртүнчүдөн, аткаруу бийлиги азыркы учурда тез аранын ичинде жогорудагы биз айткан кадрлар менен команданы жаңылашы керек. Калктын кеңири катмарынан колдоо тапкандан кийин, мамлекетибизди ар тараптан өнүктүрүү үчүн экономикалык, саясий, социалдык реформаларды тартынбай чоң жигердүүлүк менен жүргүзүүсү зарыл.

Бийлик өлкөнүн тагдырына кайдыгер карабаган өзүнүн Ата Мекени болгон кыргыз мамлекетинин өнүгүшүн биринчи орунга койгон бардык Кыргызстандык жарандарды бир муштумга бириктирип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, бир багытка багыттап өлкөнү өнүктүрүүгө байланышкан алдыдагы зор милдеттерди чечишибиз мезгилдин талабы болуп саналат.

Ал эми, биз, Кыргызстандык жарандар таза мамлекет курабыз десек, өнүккөн өлкөдө жашагыбыз келсе бийликтин коррупцияга каршы күрөшүн, өлкөнү өнүктүрүүгө болгон батыл аракетин ар тараптан колдоого алышыбыз керек.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×