Добавить статью
10:36, 18 декабря 2013 23604

Төрөбаев-Мырзакматов тандемине жазуучулар пайда болду

Айрым аймакчыл массалык маалымат каражаттары Бакыт Төрөбаевдин «Өнүгүү-Прогресс» партиясы менен Мелис Мырзакматовдун «Улуттар биримдиги» партиясынын саясий келишим түзүп, чогуу иш алып баруу боюнча аракеттерин катыра сындап жатышкан кезде өлкөнүн бир катар аймактарын көзөмөлдөп турган башка саясий күчтөр тымызын өз кадамдарын жасап жатышыптыр.

Айрым атын атагысы келбеген булактардын берген маалыматында өлкөнүн түндүк ыптасына тиешелүү айрым бир инсандар өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу Төрөбаев жана Мырзакматовго саясий жуучуларды жөнөтүшүп, аймактар биримдигин чыңдоо жана кийинки шайлоолорго чоң күч болуп чогуу аттануу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштап жатышкан экен.

Сүйлөшүүлөр азырынча расмий эмес, чалгын иретинде, көңүл табуу аракетинде дешет. Бирок, эгер бул аракеттер биринчи этабынан экинчисине өтүп, расмий өң ала турган болсо, анда жаңы жылдын биринчи декадасында Кыргызстандын саясий аренасында чоң окуя болгону турат.

Чын эле аймактардын саясий элиталары бириккени калыштыбы? Чын эле парламенттик шайлоолор жакын калдыбы?

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×