Добавить статью
4:31, 20 декабря 2013 89058

Жантөрө Сатыбалдиев кайсы партиянын артында турат?

Айрым маалымат булактары өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын артында тураары, бул саясий уюм анын долбоору экенин коомчулукка жарыялап, көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып жатат. Айрымдарынын пикири боюнча, өкмөт башчы ушул партия аркылуу Мелис Мырзакматовду колго алып, дымагын басууга пайдаланат. Бирок, мунун канчалык чындыгы бар? – кеп ошондо.

Эгер, жакынкы эле тарыхты карасак Б. Төрөбаев «Республика» партиясынан өзүнүн идеяларын ишке ашырмак болуп, өзүнүн пикирдештерин жетелеп чыгып кеткенде Ж. Сатыбалдиев өкмөт башчы боло элек кези болчу. Анан бул партия түзүү максаты да дароо жаралган жок, себеби адегенде «Өнүгүү» саясий кыймылы катары түзүлүп, айыл чарбасындагы актай калган көйгөйлөр менен иштөө, кийинки саясий ири долбоорлорго социалдык база түзүү кадамы башталган.

Ал эми, Б. Төрөбаев өзү жаштайынан бизнеске багыт алып, мамлекеттик кызматтарды аркалаган эмес жана коррупциялык процесстерге аралашпаган. Бир гана мурдагы бийлик учурунда төрт ай Өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеп калды. Бул жагынан Ж. Сатыбалдиевдин артынан байланган калбыры кыйла бар. Акаев мезгилинде Бишкек-Ош жолунун курулушун жетектеп, ошондо «Господин 10%» деген лакамга ээ болгон. Андан кийин азыркы бийликтин мезгилинде Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясын башкарып, Эсеп палатасынын берген баасында курулуш иштери кыйла ашыкча бааланган жана көп зыян келтирилген. Ошол эле кезде курулган үйлөр сапатсыз бүткөрүлүп, учурда тургундар үчүн көп көйгөйлөрдү, ыңгайсыздыктарды жаратууда. Көрүнүп тургандай, бул эки инсан – эки башка тараптар.

Ошол кезде эле Ж. Сатыбалдиев түштүк кландарын тымызын бириктирип, зор күчкө айландырат экен да, өзүнүн киинки бейпилдигин камсыз кылат имиш. Ырас, бул кишиге кийинки тагдыры бардык нерседен маанилүүрөөк болуп турат, себеби Кыргызстандын эң жогорку элитасы аны өз кызыкчылыктарынын барымтасына айландырып, жарым-жартылай мойнуна сыйыртмак салып койду. Эгер кырдаал ушуга алып келсе, бул кишини курмандыкка чалып, абалдан чыгып кетишет.

Ж. Сатыбалдиевдин ушундай абалында түштүк аймагынын кландары, саясий күчтөрү деги эле анын айланасына чогула коюшу, «өлгөн» карта менен саясий оюнга кириши болбогон нерсе. Айрым аймакчыл-трайбалисттик маанайга ууккандар жазып жүргөндөй, түштүктүн «колхозчулары» буга барышпайт. Ушул жагынан алганда Ж. Сатыбалдиев бүгүн түштүк аймагында дегеле социалдык базага ээ эмес. Азыр чөгүп бараткан кемеден келемиштер кандай качышса, саясий топтор да андан ушундай качып турган кези.

Буга караганда өлкө президенти саясий оюндун нугун дароо өзгөртүп, кечээки мелүүн саясий каршылаштары менен тымызын пикирлешип, кийинки парламенттик шайлоолордо бир күчтү уюштуруп жиберүүсү толук ыктымал. Президенттин мындай күтүүсүздүктөрү кыргызстандыктарга жакшы маалым. Себеби, өзүнүн кызматта турган мезгилинин ар бир күнүн эсептеп жаткан саясий лидерге да эртеңки күндүн, тагдырдын көйгөйү тынчтык бербеси анык.

Ошентип, өкмөт башчы Ж. Сатыбалдиев азыркы кезде сыртынан сыйлуу киши болгону менен иш жүзүндө таптакыр башка акыбалда калды. Астында ээри бар, бирок аты жок. Эми ушундай киши кайсы бир партиянын артында тура алабы? Кайсы бир эртеңкиден үмүт эткен партия анын этегине жармашабы? Албетте, жок.

Ошон үчүн, Б. Төрөбаев менен М. Мырзакматовдун саясий жүрүштөрүнүн артында Жантөрө аке тикчийип турат деген тамсилдер биринчи кезекте ушуга кызыкдар тараптар – президенттин айланасында күн көрүп жаткандар тарабынан же мурдунун учунан алысты көрө албаган бечаралар тарабынан улам активдүү таркатылып жатат.


Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

10-07-2013
Көк-Жаңгакта 14 млн сом жоголду
49941

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×