Добавить статью
11:18, 6 января 2014 22026

Учурда жаштарыбыз интернет менен уктап, интернет менен ойгонуп жатат

Айтса айтпаса төгүнбү, дегендей учурда жумурай журтубуздун дээрлик басымдуу көпчүлүгү, өзгөчө жаштарыбыз интернет менен уктап, интернет менен ойгонуп жаткан учуру. Бул жакшы жөрөлгөбү, же жаман жорукпу деген ой мени ар дайым тынчсыздандырып келет. Себеби, совет доорунда окуган окуучусу болобу, студенти болобу чоң-чоң китепканаларга барып, ошол жерден издеген китептерин таап, сынактарга айлап даярданышаар эле. Азыр болсо оңой окатка өтүшүп, керектүү маалыматтарды интернет аркылуу таап жазышат. Арзандын тузу татымак беле, үч күндөн кийин эле баардыгын унутасың, мээңде эч нерсе калбайт.

«Өз акылың өзөк менен тамыр, киши акылы кишен менен тушоо», - деген макалыбыз бекеринен айтылбаптыр да. Мына урматтуу окурман, жогорудагы коюлган суроого жооп. Интернет деген бул биз күндө эле көрүп жүргөн жөргөмүштүн эле желеси. Ага кабылган жан-жаныбарлардын тагдыры кандай болоорун айтыш кыйын. Учурдагы интернет деген ат менен батыштын чыгышка жасап жаткан жортуулун илгерки орто кылымдын башындагы «Крестовый Поход» деген ат менен батыш элдеринин жакынкы чыгышка жасаган талоончулук жортуулун салыштырсак туура болчудай. Анда алар болбогон шылтоо менен биздин Кудайыбыз Исус Христостун сөөгү мусулмандардын (арабтардын) колунда калып кетти, биз аны куткарышыбыз керек дешип, өздөрүнүн бирден-бир негизги максаты болгон талап-тоноочулук аракетин жаап жашырып келишкен болсо, учурда биз силерге жаңы технологиялар аркылуу илимдин жаңы ачылыштарын үйрөтүүдөбүз деген менен ошол эле интернет деген жаңы куралдын жардамы менен кан төгүүсүз согуш ачып дүйнө элин маңкурттука түртүшүүдө. Бул жоортул эмне менен бүтөт? Бизге окшогон майда-барат ээрчиме элдердин маңкурт болушу менен бүтөт. Эмнеге алып келет? Тукумкуруттука. Кантип? Анткени оңой окатты көздөп, терең билим албаган, сабатсыз, өз элинин тарыхын, маданиятын, каада-салтын билбеген элдер мен, деп суурулуп чыгып төшүн кага албайт. Алар айдаган жагына басат. Ал эми андай элдерди тукумкурут кылам деп, күч жумшаштын да кереги жок. Маңкурт болгон элдердин келечеги болобу? Болбойт. Демек андай эл өзүнөн өзү тукумкурут болуп, жер менен жексен болот. Ошондон Кудай сактасын!

Ч.Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романындагы «Айланайын балам! Эстечи, сенин атың Жоламан, мен сенин апаңмын»,- деп жалынганына карабай, өз энесин түрткүлөгөн, ээн талаа, эрме чөлдө жалгыз төө кайтарган маңкурт Жоламандын кейиштүү элеси көз алдыңа тартылганда кимдин гана каңырыгы түтөбөйт.

Менимче, баласы Жоламандын таз кейпин кийип калышын эч бир кыргыз каалабайт . Учурда биздин өлкөбүзгө келген чет элдик досторубуз ар дайым, биз силерге даяр балыкты жегенге эмес, балыкты кармаганга үйрөткөнү келдик дешет. Бирок, ошол эле учурда, эгерде силер интернетте болсоңор, анда бул жашоодо барсыңар, жок болсоңор жоксуңар дешип жаштарыбыздын башын айландырышууда. Эми эмне дейбиз? Бизди даяр балыкты жегенге эмес, ага аракет жасап кармап жегенге үйрөткөндөрү го жакшы. Бирок, интернеттин тийгизген терс таасиринен элибиздин, мамлекетибиздин келечеги болгон бирден-бир ресурсу жаштарыбыз китеп дегенди таптакыр унутуп, окумак тургай колдоруна алгысы келбей жатышпайбы. Китепти казып окубай акылдуу китептер аркылуу билимге суугарылбай туруп, жалаң интернет менен алыска бара алышабы? Интернеттен алган алешем билими менен мамлекетти башкарууга болобу? Албетте жок! Мына урматтуу окурман, биз эмнеден күмөн санап, эмнеден коркушубуз керек. Мейли, интернетти пайдалангыла, эч ким каршы эмес, бирок баш-отуңар менен кирип кетпей, басымды китепке жасаганда гана натыйжа чыгаарын эсиңерден чыгарбагыла. Ооба, туура айрым арабөк атуулдарыбыз бул эмне эле акыл үйрөтүп, Америка ачып жатат, деп айтышаары да мүмкүн. Менин Америка ачайын деген оюм жок. Америка кап-качан эле ачылган. Менин айтайын деген оюм, эли-жерибизди сасык тумоодой каптап келе жаткан алааматтан аман калаар бекенбиз. Бул интернет деген түрү суук балээ жаштарыбызды акыл-эсинен ажыратып салбайбы? Ансыз да акыркы 20 жылдын ичинде жетишээрлик билим алалбай калган жаштарыбыз таптакыр эле талаада калбайбы? Эгерде, ошондой болгон шартта биз эли-жерибиздин, өлкөбүздүн тагдырын маңкурт болуп бара жаткан жаштарыбызга тапшырабызбы? Ах кандай кейиштүү!!!

Каада-салтын унутуп, калк бузулат сак болгун,

Сөөлөтүнөн ажырап, сөз бузулат сак болгун..

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×