Добавить статью
3:54, 8 января 2014 11599

Экс-муфтий Р.Эгембердиев диний түшүнүк менен жашап, мыйзамды уруп ойнобойбу?

Жыл тогошоор алдында Кыргызстандын азирети муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиевдин жаш кыз менен сүйүү ышкысына батып жатканын ашкерелеген тасманын жарыяланышы коомчулукту дүрбөттү. Рахматулла ажы «Азаттык» радиосу аркылуу дароо реакция жасап, тасмадагы кыз ак никелүү жубайы экенин мойнуна алды. Маселенин тузу дал ушунда жатат.

Муфтийдин «Азаттыкка» берген комментарийин сөзмө сөз келтирели. Анда ал мындай дейт: «Тасмадагы адам мен экенимди танбайм, бирок ал менин никелүү жубайым менен болгон ички мамилебиз. Мен тасмадагы жубайым менен төрт жылдан бери жашайм. Башкысы - Кудайдын алдында акмын. Менин жеке жашоом, жубайым менен болгон мамилем кимге кызык болуп жатканына абдан тан калдым». Ооба, бул жеке эле Р.Эгембердиевге гана эмес, жалпы коомчулукка кызык болууда. Себеби, Рахматулла ажы жөнөкөй жаран эмес, ал Кыргызстандагы момун мусулмандардын муфтийи. Андыктан, ага байланыштуу тасманын чыгып кетиши элди ойго салбай койбойт.

Р.Эгембердиев тасмадагы кыз өзөнүн ак никелүү жубайы экенин, аны менен төрт жылдан бери жашаарын мойнуна алды. Байкап жатасызбы, «ак никелүү жубайым» дейт. Бирок, аны мыйзамдуу аялым дей алган жок. Айта албайт дагы. Анткени тасмадагы кыз Эгембердиевдин экинчи жубайы. Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул муфтийдин экинчи никедеги аялы. А мыйзамдуу аялынан эки баласы бар. Эгембердиевдин тасмадагы кызды мыйзамдуу аялым дей албаганынын себеби ошондон. Ал эми, мыйзамсыз аял менен жашоо мыйзамды тебелеп тепсегенге жатпайбы? Болгондо да азирети муфтийдин мыйзамсыз аял менен жашаганына эмне дейсин? Ошол эле маалда тасмадагы кыздын ата-энесибиз деп тааныштырган абышка-кемпир видео-кайрылуусунда кызынын муфтийге Кыргызстандын муфтийи Р.Эгембердиев чыр-чатакка байланыштуу кызматынан кетүүнү чечтимындан беш жыл мурда турмушка чыкканын билдиришти. Төрт жыл менен беш жылдын айырмасы асман менен жердей эмеспи? Ушул жерден билдирүүнүн эки ача чыкканы «Р.Эгембердиев абышка-кемпирди жалдап, акчага сатып алып билдирүү тараттырган» деген божомол-дөдөмөлдөргө жол ачып жатпайбы...

Экинчиден, ислам дини боюнча экинчи аял алууда биринчи аялдын макулдугу болуш керек. Рахматулла ажы биринчи аялынын уруксатын алды болду бекен? Айрым маалыматтарга караганда, тасмадагы кыз 21 жашта экен. Эгер муфтий айткандай төрт жылдан бери жашап жатса, ал кыз 17 жашында турмушка чыккан болот. Мыйзамга ылайык, 18 жаштан өйдө гана толук кандуу жаран болуп, турмушка чыгууга укуктуу болот. Ошондо Эгембердиев секелек кызга нике кыйып, мыйзамсыз жашап жаткан болобу?

Эми, тасмадагы көрүнүштөрдү тыкыр анализдеп көрөлү. Рахматулла ажы: «Бул тасмадагы аял менин жубайым» дейт. Демек, ал дагы беш маал намазга жыгылып, ислам динин бекем тутунган аял болушу керек. Ага ишенели десек, тасмадагы кыз чачын саргыч түскө боетуп алган. Бул исламдын принциптерине туура келбесин жакшы билебиз. Анда муфтий айласы кеткенде «жубайым эле» деп актанып жаткан жокпу? Бул биринчиден.

Экинчиден, кыз Эгембердиевдин денесиндеги калдарын санап жатканы тасмада кеңири көрсөтүлүп турат. «Калдарыңыз эмне мынча көп?» дейт назданып. Рахматулла ажы билдиргендей төрт жылдан бери жашап жатканы чын болсо, эмнеге буга чейин калдарын көргөн эмес. Мындан улам, кыз Рахматулла ажынын денесин биринчи жолу көрүп жатканын божомолдосок болобу?

Үчүнчүдөн, эки «ашык» жаткан бөлмө кадимки үйгө окшошпойт. Ижарага берилүүчү батирлерге окшошуп турат. Бул дагы тасмадагы «каармандар» «эрди- катын» экендигинен шек санатат.

Төртүнчүдөн, махабаттын туу чокусуна чыккан маалда азан айтылып жатканы угулуп турат. Ал эми, муфтий туруп жуунгандын ордуна жуурканды оронуп жатып алды. Шариятта молдокелер, ажылар азан айтылган маалда мечитте болушу керектиги белгиленген. Ушунун өзү Рахматулла ажынын «чала молдо дин бузарлыгын» айгинелебейби? Такталбаган маалыматтарга кулак түрсөк, тасмадагы батир борбордук мечиттин жака белинде жайгашыптыр. Батирди Рахматулла ажы сатып алган деген да кеп бар. «Муфтиятта акча кеп, бул коррупциянын уюгуна айланган» деген кептер бекеринен айтылбаганын ушул көрүнүш тастыктабайбы?

Молдокелердин арасында Р.Эгембердиевдин «актерлугун» ашкерелеген тасманын экинчи сериясы бар дешет. Ал ачыкка чыкса, муфтийдин абийири айрандай төгүлбөйбү?

Айтор, суроолор арбын. Мындай шартта Рахматулла ажы моралдык, нравалык жоопкерчиликти сезип, өз каалоосу менен кызматтан кетиши керек эле. Кыргызстандын мурдагы азирети муфтийи Чубак ажы Жалилов, Абдышүкүр ажы Нарматов баштаган аалымдар дүйшөмбү күнү Эгембердиевге кирип: «Бүткүл момун мусулмандарды уятка калтырдың. Кызматтан тынч аман кетип кал», - деген сунушун киргизиптир. Бирок, Эгембердиевдин кызматын бошотоор түрү жок. Тескерисинче, бет тырмоочулук кылып, күнөөнүн бардыгын мамлекеттик дин комиссиянын жетекчилигине оодарууга өттү. Мындай бет тырмоочулуктун, ыпылас иштин арты эмне менен аяктарын убакыт көрсөтөт.

Эске салсак, кечээ, 7-декабрда Кыргызстандын муфтийи Р.Эгембердиев жогоруда аталган чыр-чатакка байланыштуу кызматынан кетүү тууралуу арыз жазып, кызматынан кеткен.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×