Добавить статью
5:10, 8 января 2014 28402

«Рождествону» майрамдабаган орустар

Кечээ, 7-январдагы православдык «Рождество» майрамын белгилебеген орус улутундагы айрым адамдар болду. Алардын бири Нарын облусундагы Жумгал районунун тургуну 44 жаштагы Роман Валерьевич: «Бул майрамдын мага кереги деле жок, биз майрамдабайбыз деле», - дейт. 1972-жылдан бери Жумгал аймагында жашап жаткан 74 жаштагы Бондаренко Валентина Ивановнанын уулу Роман Валерьевич төмөнкүлөрдү билдирди.

-Саламатсызбы Роман байке, бүгүнкү майрамыңыздар менен?

-Саламатчылык, эмне майрам?

- Бүгүн «Рождество» майрамы православдык ардактуу майрамдардын бири эмеспи.

- Биз үчүн бүгүн майрам деле эмес. Бул майрамдын мага кереги деле жок, биз майрамдабайбыз деле.

- Эмне үчүн? Бул күндү көп орус улутундагылар майрамдап келишет эмесби?

- Эми майрамдагандар майрамдай беришсин, биз кадимки күн катары эле өткөрөбүз.

- Сиздер канча жылдан бери Жумгалда районунда турасыздар?

- Биз 1972-жылдан бери бул жакта турабыз. Апам Нарындан келген, учурда пенсионер үйдө отурат, апамдын кесиби музыкант, мен дагы бир кесиптин ээсимин. Апам учурда 74 жашка чыкты мурда Нарында музыкалык мектепте иштеген, кийин бул жерге которулуп келип иштеп жүрдү. Чаектеги музыкалык мектепте иштеп жүрүп, кийинчерээк жаш курагың келди пенсияга чык, деп кубалашкан. Ошол маалда эмгек китепчесин жоготуп алышып, акыркы «пол жуугуч» кызматка чейин иштетишип анан аягы жумуштан чыгарып салышкан. Мени дагы учурунда жумушка кабыл алышкан эмес, же улутубуз бөлөк болгондонбу билбейм.

- Апаңыз пенсияга кантип чыкты?

- Мурдагы иштеген жерлеринен бери тактап, маалымкаттарын алып, фактылардын негизинде, архивтен бери каратып анан пенсияга чыккан. Ошентип отуруп 15 жылдан кийин араң пенсияга чыкты. Азыр пенсиясынын өлчөмү 5 миң 400 сом.

- Өзүңүз иштейсизби?

Жумушсузмун, жумуш жок. Орусияга кеткени жатам.

- Кайсы кесиптин ээсисиз?

- Кесибим агроном. Чаекке техникумду бүтүп орто кесип менен келгем, ал учурда аскер комиссариатында жана мамкаттоодо (гос регистр) иштегем. Мен тарынбайм, нааразычылыгым жок. Жумушсуз калганымдан бери иш иштесем азыр мага от жаккыч менен көчө тазалыгыч кызматтарды сунушташат. Биз кыскасы кесиптик кызматка орношо албайбыз. Бул жерде турак-жай жана жер тилкелерим бар. Он күндөн кийин 44 жашка чыгам.

- Башка орус улутундагылар менен катташып турасыздарбы?

Ооба, Ванек, Васелок деген туугандар бар. Танкя деген бар кароолчу бар. Ал токой чарба башкармалыгында кароолчу кызматында иштейт. Жумгалдын Чаек айылында 4 үй бүлө, бирок Миң-Куш айылында көп эле. Мен кыргыздарга турмушка чыккан орус улутундагыларды орус деп эсептебейм. Биздин Көк-Ой, Байзак айылдарынул жактын көз карандуулуктарынын айынан мен үй-бүлө күтө алган жокмун.

- Эгерде, сизге бул жактан кесибиңизге ылайыктуу кызмат сунушталса Орусияга кетпей эле калат белеңиз?

- Бул жакта мага ылайыктуу жумуш чыгат деп эсептебейм.

- Орус улутундагылар чокунуп, сыйынышат эмеспи. Сиздер кандай кыласыздар?

- Биз азыр чокунууну кылбайбыз. Церковь болгондо бармакбыз, бул жакта бизге андай мүмкүнчүлүк жок.

- Үй-бүлө күттүңүз беле?

- Тилеке каршы, бул жактын көз карандуулуктарынын айынан мен үй-бүлө күтө алган жокмун.


Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×