Добавить статью
9:04, 8 января 2014 3160

Бишкектеги №1 СИЗОнун жетекчиси Марс Жусупбековду ким кызматтан алды?

8-январда боло турган №1 СИЗОнун жетекчиси Марс Жусупбековдун сотуна байланыштуу коллегалары коомчулукка кайрылат. Бул адамдар Бишкектеги №1 СИЗОнун кызматкерлери. Алар аталган мекемеде жазасын өтөп жаткан, түрдүү видеолор менен атагы чыккан Абдулла Юсупов жана жаза аткаруу кызматынын мурдагы жетекчиси Зарылбек Рысалиев, анын кенешчиси Калыбек Качкыналиев тууралуу эл билбеген көмүскө жоруктардын баарын ачыктаганга аргасыз болуп турушат. Жакында эле Абдулда Юсупов өмүр бою эркинен ажыратылган адамдар менен абакта чогуу манты жеп олтурган видео тарап, анын айынан №1 СИЗОнун жетекчиси Марс Жусупбековго кылмыш иши козголуп кызматтан алынган.

З.Рысалиев менен А.Юсупов кандай мамиледе болгонун, ал абакта болгону менен, эркиндикте жүргөндөр жебеген тамактарды жеп, керек болсо СИЗОго Рысалиев аркылуу кыздарды да алып кирип турушкан.

Мунун баарын башка адам айтса ишенбесек болот, бирок А.Юсупов олтурган СИЗОнун бир эмес ондогон кызматкерлери далилдеп, Юсупов баарынын мойнуна минип алганын, кылмышкер мамлекеттик мекеменин кызматкерлерин кордогонун токтотсун деп олтурушат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×