Добавить статью
4:19, 13 января 2014 4980

СИЗО прокурордун өз үйүбү?

Же кылмышкерди бошоткон Аида Салянованын прокурорлору

«Ууру түрмөдө отуруш керек»

(А.Атамбаевдин Коргоо Кеңешинде айткан сөзү)

Алмазбек Атамбаев «Ууру түрмөдө отуруш керек» деп жатса, Аламүдүн райондук прокурордун орун басары Батыр Төлөмүшөв №1 СИЗОго камалган кылмышкерди өзү барып, абактан алып чыгып кеткени кызык.

2013-жылдын 26-октябрында Чүй облусунун Аламүдүн райондук милиция бөлүмү тарабынан Кыргызстандын жараны С.В.Громов кармалып, ага А.С.Тимофеевдин аккумляторун уурдагандыгы үчүн айып коюлган. Ушул эле айыптоолор боюнча Громовдун кылмыштагы шериги И.Я.Нураев да кармалып, ал Бишкектин №1 тергөө абагына камалган

(Уголовное дело возбуждено по заявлениям Аббасова И.И. и Тимофеева А.С. о краже у Аббасова И.И. автомобильных запасных частей и аккумуляторов на сумму 150 000 сомов и у Тимофеева А.С. автомобильных аккумуляторов на сумму 21 500 сом. А это угологовное дело находиться в производстве следователя СО УВД Аламудунского района Чуйской области Мамбековой З.К. (Уголовное дело № 9-13-537 по признакам преступления предусмотренного ст.164ч.2п.2п.З и ст.164ч.2п.2п.3,ч.3п.2 УК Кыргызской Республики)

Атамбаев: Уурунун орду түрмөдө

2013-жылдын 26-октябрында тергөөчү З.К.Мамбеков козгогон кылмыш ишинин негизинде С.В.Громовду эки айга Бишкектин №1 СИЗОсуна камоо боюнча сотко өтүнүч келтирүү боюнча токтом чыгарган. Бирок, ошол эле күнү Аламүдүн райондук прокурорунун орун басары Батыр Төлөмүшов Громовду эки айга камоо боюнча өтүнүч менен макул болбой, тергөөчүнү токтомун кайра артка кайтаруу боюнча токтом чыгарат. Буга байланыштуу тергөөчү Мамбеков аргасыздан ошол эле күнү Громовдун баш коргоо чарасын «эч кайда чыгып кетпөө тил катына» алмаштырат. Ошентип, Громов Бишкек шаардык милициясынын кылмышка шектүүлөрдү убактылуу кармоочу жайынан эле бошоп кетет.

Бирок, 28-октябрда С.В. Громовго жана И.Я.Нураевге дагы бир кылмыш иши боюнча айып коюлат. Башкача айтканда, дагы бир жабырлануу И.И.Аббасов аттуу жаран Громов менен Нураев анын 150 миң сомдук унаа тетиктерин уурдаганын айтып, укук коргоо органдарына арызданган. (ст. 164ч.2п.2п.3.ч.3п.2 УК)

Натыйжада, эки кылмыш иши бир өндүрүшкө алынат. Ал эми, 29-октябрда тергөөчү З.К.Мамбеков Громовго дагы бир кылмыш иши боюнча айып коюлганына байланыштуу аны камакка алуу өтүнүч сотто келтирүү боюнча токтом чыгарат. Буга «Громов дагы кылмыш жасашы мүмкүн же тергөөдөн жана соттон качып кетүүсү ыктымал» деген жагдайлар себеп болот.

Бирок, ошол эле күнү 29-октябрда Аламүдүн райондук прокурорунун орун басары Батыр Төлөмүшов тергөөчүнүн жогорудагы өтүнүчүнө макул болбостон, ал өтүнүчтү жокко чыгаруу боюнча токтом чыгарат. Ошентип, прокурор экинчи жолу Громовду камоого каршы чыгат. Мындан улам таңкалычтуу суроо туулат. Эмне үчүн Төлөмүшов бирдей эле кылмышка шектүү делинип жаткан Громовду мынчалык коргойт да, анын кылмыштагы шериги И.Я.Нураев тууралуу ооз ачпайт? Башкача айтканда, Нураев СИЗОго камалышына макул болуп, бирок Громовду камоого эмнеге каршы чыгат? Громов ага неге мынчалык керек болуп калды? Бул суроолорго кийинчерек жооп бермекчибиз.

Ошентип, 29-октябрда тергөөчү Мамбеков кылмыш ишинин тергелип бүткөндүгү боюнча токтом чыгарып, кылмыш ишин Аламүдүн райондук прокуратурасына жөнөтөт. Бирок, эки күндөн кийин 31-октябрда кылмыш ишин тергөөдө катачылыктар келтирилген деген негизде Аламүдүн прокуратурасы ишти кайра тергөөчүгө кайтарып берет. Ошентип, Төлөмүшов иштин сотко кетишине тоскоолдук жаратат.

Бирок, Аламүдүн райондук прокурорунун орун басары Төлөмүшовдун жана Аламүдүн райондук милициясынын тергөөчүсү Мамбековдун аракеттерине каршы болуп, атап айтканда Громовду тергөө учурунда камакка албай, «эч кайда чыкпоо боюнча тил кат» менен гана бошотуп койгонуна нааразы болгон жабырлануучулар Аламүдүн райондук сотуна арызданат. Ал арызда прокурор Төлөмүшовдун жана тергөөчү Мамбековдун ири суммадагы кылмышка шектүү саналган Громовду камакка албагандары мыйзамсыз жана негизсиз экендигин баса белгиленет.

2013-жылдын 15-ноябрында Аламүдүн райондук соту калыстык кылып, прокурор Төлөмүшовдун кылмышка шектүү Громовду камакка алууга каршы болгон токтомдорун мыйзамсыз деп табат. Ошону менен бирге Громовду бир айга Бишкектин №1СИЗОсуна камоо чечимин чыгарат.

Төлөмүшовдун оюнча ууру эркиндикте болуш керекпи?

16-ноябрда Громовду бир айга камакка алуу боюнча соттун чечимин аткаруу максатында тергөөчү Мамбеков Громовду конвойлор менен күндүзгү саат 15-30да Бишкектин №1СИЗОсуна алып келет. Соттун чечимин көргөн №1 СИЗОнун жетекчилиги Громовду кабыл алышат. Бирок, бир жарым саат өтпөй, саат 17:00дөрдө СИЗОго кайдан-жайдандыр прокурорлор жетип келет.

Арадан бир аз убакыт өтпөй, Аламүдүн райондук прокурорунун орун басары Батыр Төлөмүшов өзү да СИЗОго жүгүрүп келип, Громовду суроо-сопкутсуз эле чыгарып кетет. Анын СИЗОнун кызматкерлери менен кайым айтышуулары, талаш-тартыштары абактагы камерага тартылып калган. СИЗОнун жетекчилигинин соттун чечимин аткарууга, Громовду алып калууга болгон аракеттеринен майнап чыкпай, Төлөмүшов кылмышка шектүү Громовду колунан жетелеп, өзү алып чыгып кеткен.

Ушул эле күнү кечинде Төлөмүшов тергөөчү Мамбековдун өндүрүшүндөгү бул кылмыш ишин оозеки эле өзүнө сурап алып, аны кайра тергөөчүгө эки күндөн кийин, 18-ноябрда кайтарып берген. Бирок, ал кезде документтердин арасына «Громовдун кылмыш кылганына жетиштүү далилдер жок болгонуна байланыштуу иш кыскартылсын» деген 16-ноябрдагы число менен даярдалган өзүнүн токтому кошулуп калган. Албетте, бул токтомду Төлөмүшов арткы число менен даярдап, кызмат абалынан кыянат пайдаланганы, жасалма документ жасап, дагы бир мыйзамсыз аракетке барганы даана көрүнүп турат.

Ошентип, кандай гана карабайлы, Төлөмүшовдун бул аракети мыйзамсыз жана негизсиз болуп чыгат.

Анткени, Громовдун кылмышка шектүү экендигин далилдеген бир канча фактылар кылмыш ишинде бар. Ошондой эле аны бир канча адамдын көрсөтмөлөрү тастыктап турат. Булардан тышкары, Громовдун уурулукту чогуу кылган шериктеринин айтып берген далилдери да жетиштүү. Башкача айтканда, алар уурулук кылуу менен жеке адамдарга 170 миң 500 сомдук зыян келтиришкени тергөөдө тастыкталган.

Буга карабастан, прокурор Төлөмүшовдун кылмышкерди калкалап жаткандыгы анын жеке кызыкчылыгы бар экенин көрсөтүп турат.

Атамбаев, Салянова жана Төлөмүшов

президент А.Атамбаев качан гана болбосун «ууру түрмөдө отуруш керек, уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөштү акырына чыгарам» деп, жарыя кылып келе жатат. Бул жаатта башкы прокурор Аида Салянова тарабынан жүрүп жаткан иштер да чыны менен эл арасында чоң үмүттү пайда кылууда.

Бирок, кантсе да, жасалып жаткан иштер Кыргызстан биротоло коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту жеңет деп ишенимдүү айтууга аздык кылып жатканын да моюнга алыш керек. Ошондуктан, калк ичинде А.Атамбаев жана А.Салянова баштаган иштерге ишенбөөчүлүк да күчтүү. Албетте, Төлөмүшовго окшогон прокурорлор өздөрү барып, ууруларды жана кылмышкерлерди абактан чыгарып кетип, иштин адилет жана калыс иликтенишине тоскоолдук жаратып жатса, кайдагы ишеним!? Бүткүл прокурордук курамды жана президент Атамбаев башында турган бийликти жаманатты кылган Төлөмүшов сыяктуулар прокурор болуп иштөөгө татыктуубу?

Аламүдүн районунун прокурорунун орун басары Төлөмүшовдун Бишкектин №1 СИЗОсунан кантип Громовду чыгарып кеткени, ал жердеги кызматкерлерди тоотпой кантип майкандап басып жүргөнү тартылган видеону жакында коомчулукка сунуштайбыз. Акыры өзүм билемдиктин да чеги болуш керек го.

(Уландысы бар)

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×