Добавить статью
3:17, 14 января 2014 13793

Премьердин Баткен маселесин чечүүдө кудурети жетпейби?

Кылым карыткан кадырлуу кыргыз элим, акыркы жыйырма жыл ар түрдүү саясий топтордун, айтор, партиялар менен саясатчылардын алдоосунда кор болуп, саясаттын чордонунда кайнап келдик! Эгемендүүлүктү алгандан тарта 300дөй үй-бүлөнү багып келдик, добушубузду ишенип салып келдик. Акыры кан төгүлүп, эр-азамат баатырлардын жаны кыйылып, ажолорду кубалап тындык. Өлкөбүздүн өнүгүшүнө белин бекем бууп, билегПремьердин Баткен маселесин чечүүдө кудурети жетпейби?ин тарта бек иштеген инсандардын жоктугунан улам, мамлекетте оош-кыйыш кырдаалдар жаралды. Экономикабыздын алсыздыгынан, коррупциянын күч алышынан, жеке кызыкчылыктары үчүн жасалган саясатчылардын арам иштеринен соң карапайым элдин турмушу оорлогондон-оорлоп баратышы мамлекетте социалдык чыңалууну жаратууда. Батыштан келген «демократия» дегенди каалашынча колдонуп, мыйзамдарды талпактай тебелегендер дал өзүбүздүн атка минер төбөлдөрүбүз болуп жатканы өкүндүрөт. Ал эми кыйынчылыкта калган калың элдин абалын так түшүнгөн айрым саясатчылардын элди колдонуп, максаттарына бет алгандары туруксуздукка алып келүүдө.

Бир эмес эки жолу бийлик алмашып, кырчындай жаштардын өмүрү кыйылганы бардыгыбызга үлгү жана багыт болушу керек эле. Тилекке каршы, кан жерге сиңип бүткөн соң, эрдик кылган эр-азамат баатырлардын эрдигин унутуп барабыз.

Мына кечээ Баткенде болгон куралдык тирешүү, аз жерден чоң жана чуулгандуу жаңжалга айланып кете жаздады. 2012-жылдын апрель айында так ушул Көк-Таш айылында болуп өткөн кыргыз-тажик тирешин чагылдырып, өкмөткө бир нече жолу кайрылып келгенбиз. Маселени чечүүнү сураганыбызда акцияга биз менен чыккандарды, деги эли кыйналып жаткан баткендик бир туугандарыбызды шылдың кылып, өкмөттүн бир талы кыймылдабай койду эле. Арадан бир ай өтпөй май айында дагы бир ирээт эки эл ортосунда тирешүү болду. Анда дагы бийлик төбөлдөрү кыңк этпей, жылуу кабинеттеринен чыкпай койгон. Атүгүл, Баткендин губернатору жана акими элге жолукпай качышкандарын ким унутсун!

Айлабыз кетип, «өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин деңгээли 1 сом» деп акция уюштурдук, Сатыбалдиев качып жолукпады. ММКлар аркылуу зар какшап байма-бай айтып турдук: «Маселени бүгүн чечпесеңер, эртен кеч болуп калат. Жалпы элди алдаганыңарды токтоткула, акыбал тынч эмес, абдан кооптуу. Бүгүн чечкиндүү кадамдарга барбасак, эртең оор кырдаалга тушугабыз» деп. Тилекке каршы, элдин кыйналганын Жантөрөбүз сезбеди же «сылан корооз» болуп шымаланган Токонубуз (Токон Мамытов) тоотподу, мына эми баштарына түйшүк түштү көрүнөт.

Кечээ Батукаевди качырган, Кумтөргө адвокат болгон, мигранттар кыйналып турганда кабак-кашым деп койбогон, эл ичинде «10%» каймана аты менен таанылган премьер-министр Баткендин маселесин чечүүдө кудурети жетпейт жана колунан келбейт. Учурунда элдин муңун угуп, туура иш кылса бул маселе чыкпайт эле!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

30-11-2013
Президент А.Атамбаевден «Бишкек-Парктын» директоруна тийиштүү укуктук баа берүүcүн суранабыз
28814

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×