Добавить статью
3:22, 14 января 2014 29291

БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов кыргыз тилине каршыбы?

КР президентинин 2013-жылдын 1-июлундагы Жарлыгы менен кыргыз тилин өнүктүрүүнүн биринчи кезектеги чаралары жана артыкчылыктары аныкталган.

Жарлыкта 2013-2017-жылдарда Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролун күчөтүү жана тилдик көп түрдүүлүктү өнүктүрүү Кыргызстан элинин биримдигинин негизги фактору катары аныкталган. Бирок мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү колдоого алуунун ордуна ага каршы саясат жүргүзүп жаткан Кыргызстандын мамлекеттик мекемелеринин катарына Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясын атоого болот. Бул мекеменин жетекчиси Туйгунаалы Абдраимов президенттин ишенимдүү адамы катары аны менен чет мамлекеттерге расмий иш сапарларда чогуу жүрүп, караанын көрсөткөнү менен, иш жүзүндө тескери иш аткарып жатканын билүүгө болот.

Мамлекет башчысынын кыргыз тилин өнүктүрүү Жарлыгы чыккандан кийин 2013-жылдын сентябрь айынан бери БШКнын басма сөз кызматы жана бөлүмдөрү тарабынан даярдалган материалдар shailoo.gov.kg интернет порталынын негизги бетинде орус тилинде гана берилип баштады. Буга чейин эки тилде жарыяланып келген материалдардын Жарлык чыккан убактан кийин орус тилинде гана берилип жатышын Туйгунаалы мырза кантип түшүндүрүп, актанаар экен.

Андан сырткары жакында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кабыл алынган «Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо боюнча Тил комиссиялары жөнүндөгү» жана «Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндөгү» Жоболордун жана БШКнын Коррупцияга каршы күрөшүү иш аракеттеринин пландары (26 август 2013ж) интернет сайтка орусча варианты гана жарыяланган.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×