Добавить статью
10:27, 20 января 2014 6176

Эскертүү берилгенине карабай мыйзамсыз салынган объекттер алынбай жатат

Ленин районунун мамлекеттик администрациясы жана «Тазалык» муниципалдык ишканасы №4 шаардык ооруканасынын аймагындагы Айни жана Муров көчөлөрүнүн кесилишинде уруксат документтери жок өз бетинче коюлган объекттерди бузуу жөнүндө Бишкек шаардык кеңешинин тапшырмасын аткарбай жатат.

Бул райондун тургундары кайрылгандан кийин Бишкек шаардык кеңеши Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгына абалды кароо жана тийиштүү чараларды көрүү тапшырасын берди.

Муниципалдык менчик башкармалыгынын өкүлдөрү тарабынан контейнерлер жана павильондор мыйзамсыз түрдө коюлгандыгын аныктады. Буга байланыштуу ушул жылдын 13-январында объекттердин ээлерине бузгула деген эскертүү берилген.

КР мыйзамына ылайык бузуу жөнүндө расмий эскертүү берилгенден кийин жогоруда мыйзамсыз деп көрсөтүлгөн объекттердин ээлерине 5 күн убакыт берилет, бул мөөнөт бүткөндөн кийин тийиштүү органдар объекттерди турган жеринен алат. Бирок, ушул күнгө чейин бул иш аткарылбай жатат.

Шаардык кеңештин депутаттары расмий түрдө мыйзамсыз деп айтылгандан кийин деле жогоруда аталган объекттердин токтоочу зонанын аймагында турганына көп болгондугуна көңүл бурушу керек, жергиликтүү бийлик аларды алып салууга шашкан жок.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×