Добавить статью
13:22, 27 января 2014 20109

Маселе жеринде чечилди

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Казыбек айыл өкмөтү менен Кара-Коюн айыл өкмөттөрү аймакташ жайгашкандыктан, Союз мезгилинен бери сугат сууларын бир каналдан пайдаланып келишкен.

1994-95-жылдардардан бери ички каналдар чарбалардын өзүнө өткөндөн баштап, сугат мезгилинде суунун тартыштыгы дайыма маселелерди жаратып келет.

Өткөн жылы Кара-Коюн айылынын тургундарына тиешелүү миң гектар аянт суунун жетишсиздигинен улам үлүштөгү жерлеринен айылдыктар төрт түлүк малдары үчүн тоют камдай албай калышкан. Малы арбындарынын алды 200 миң сомдун тегерегинде чөп сатып алууга аргасыз болушкан.

Өткөн жылы болгону 175 гектар аянт гана суу менен толук камсыз болгон.

Эки айылды суу менен камсыздап келген канал Казыбек айылы аркылуу өткөндүктөн жыл сайын сугат мезгилинде суу жетишпегендиктен кара-коюндуктар коңшу айылга нааразы болуп бул маселе райондо, облуста акыркы жылдардан бери көтөрүлүп келсе да андан жыйынтыктуу майнап чыкпай нааразылык басылбай келген. Быйылкы жылы кардын аз түшүшү, аны менен бирге канал боюнча эки айылдын ортосундагы көйгөйлүү маселени облустун жаңы жетекчисинен чечип берүү үмүтү менен айыл тургундарынын өкүлдөрү арыздарын көтөрүп алышып облуска келишкен.

Кечээ өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов эки айылда болуп, маселе менен жеринде таанышты. Бир нече жылдан бери бирин-бири күнөөлөп келишкен тараптарды ынтымакка чакырып, сугат сууларын пайдаланууда каналдын сыйымдуулугун кеңейтүү, аны график менен туура бөлүштүрүүнү айыл өкмөт башчыларына, суу пайдалануучулар ассоцациясынын өкүлдөрүнө жана райондук сугат тармактар башкармалыгына тапшырды.

Ошондой эле облус жетекчиси аргументтүү мисалдар менен келечекте суу пайдалануучулар ассоцациясынын федерациясын түзүү аркылуу бул маселени биротоло чечүүнүн жолдорун сунуштап, кошумча жерлерди өздөштүрүү боюнча маселенин үстүндө чогуу иш алып барарын белгиледи.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×